Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

Ийгиликке КАДАМ – 2019

Бул жерге 2019-жылы сентябрда Ош шаарында өткөн “Ийгиликке КАДАМ” медиа форумундагы өлкөбүздөгү белгилүү медиа адистердин учурдагы абал, ийгилик сырлары жана жаңы медиа форматтар тууралуу презентациялары жайгаштырылды.

Аталган иш-чара “Журналисттер” КБнын 20 жылдыгына карата уюштурулган. Бул форум Кыргыз Республикасынын эгемендик алгандан кийинки тарыхындагы толугу менен кыргыз тилинде уюштурулган медиа жаатындагы алгачкы республикалык иш-чара болду. Форумга өлкөбүздүн бардык булуң-бурчунан 100дөн ашык ЖМК өкүлдөрү катышты. 10дон ашык белгилүү медиа адистер ийгилик сырлары менен бөлүштү. Аталган форумду мындан ары ар-бир эки жылда өткөрүп туруу пландаштырылууда.

Форумду уюштурууга Kyrgyz Concept ишканасы, “Сорос-Кыргызстан” фондусу, IFES, IREX эл аралык уюмдары, ОшМУ, T-Media Group, TMG уюмдары чоң жардам көрсөтүштү.

_____

Эльвира Сариева, CADH Борбор Азиялык долбоорунун жетекчиси

IREX уюмунун жаңы медиа долбоорлорунун презентациясы.

 

Сабыр Абдумомунов, “Азаттык Медианын” журналисти 

Подкасттар тууралуу мастер-класс.

 

Элмурат Аширалиев, “Клооп Медианын” журналисти

Подкасттар тууралуу мастер-класс. “Америкадагы популярдуу подкасттар”

 

Данияр Садиев, “T-Media Group” уюмунун негиздөөчүсү жана жетекчиси

Данияр Садиевдин “Аймактагы заманбап медиа кандай болуусу керек жана жалпы дүйнөлүк тренддер бизде да орун алуудабы?” деген презентациясы.