Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Интересное из блогов

Сайттуу болгон ЖМКлар

Сайттуу болгон ЖМКлар

Кудай буюрса, “ЖМК колдоо борбору” коомдук фондусу колдоо көрсөткөн “Сайты жок ЖМКларга сайт ачып берүү” аталышындагы биргелешкен долбоорубуз аягына чыгып калды. Анын максаты — сайтты ачканга кызыкдар болуп, бирок аны ачыш үчүн акча таба албай жаткан ЖМКларга сайтты бекер ачып берүү эле.

Долбоордун биринчи баскычында Ош, Каракол жана Бишкек шаарларында сайт ачканга кызыкдар ЖМКлардын өкүлдөрүнүн катышуусунда тренингдер өттү. Анда интернет ЖМКлар үчүн кандай мүмкүнчүлүтөрдү ачып берээри тууралуу маалымат берилип, сайтка материалдарды туура жайгаштыруу, сайтты жылдыруу жолдору көрсөтүлдү. ЖМКлардын өкүлдөрү практикалык иштин негизинде текстти сайт үчүн даярдоону, сүрөттөрдү оңдоп-түзөөнү жана аларды сайтка жайгаштырууну үйрөнүштү. Видео менен иштөө ыкмаларын да өздөштүрүштү.

Долбоордун экинчи баскычында, ЖМКлардын сунуш-талаптары (техикалык тапшырмасы) боюнча сайттар жасалып берилди. Учурда 8 ЖМК жана 1 коомдук бирикме сайттарына ээ болушту:

 Антен ТВ (Каракол ш.)
antentv

“Караколка” гезити (Каракол ш.)
karakolka

“Dream-Мечта” коомдук бирикмеси (Каракол ш.)
mechta

“Ош жаңырыгы” гезити (Ош ш.)
oshjan

“Алай таңы” гезити (Гүлчө айылы)
alaitany

“Радиомост” (Талас ш.)
radiomost

“Жаңы Агым” гезити (Бишкек ш.)
agym

“Политклиника” гезити (Бишкек ш.)
pk

“Инсанат” журналы (Бишкек ш.)
insanat

Дагы 4 ЖМКнын сайттары, баары пландаштыргандай болсо, жакынкы аралыкта даяр болуп калат.

Сайттарды ачып бердик. Эми аларды иштетиш керек. Келечеги ЖМКлардын өз колунда. Сайтка көңүл буруп иштетишсе, такай негизде материалдарды жайгыштырып турушса, сайтты жылдырганга аракеттенишсе окурманадарынын саны өспөй койбойт.

Темирлик

Окшош посттор