Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Интересное из блогов

Ордо шаарда

«КӨЧМӨНДӨР» ОРДОЛУУ ОШТО..

Сүрөттө солдон оңго: Жыргалбек АЖИМАТ, Самара НАСЫРОВА, Азизбек Асабала ДАНАКЕР жана Калмамат ТУРДУБАЕВ, Ош шаары. 03.09.2013-жыл.

3-сентябрда өлкөбүздүн экинчи борбору аталган Ордолуу Ош шаарында «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобунун жигердүү мүчөлөрүү өздөрүнүн чакан жолугуусун өткөрүштү. Төгөрөктүн төрт бурчунда жашаган кыргыздардан түзүлгөн “Көчмөндөрдүн” тобунун төрт өкүлү Ош шаарындагы «Жетиген» аттуу керемет кафеде жети саатка чукул бажакташып, бапылдап жыргап отурушканын айтып баарыбыздын делебебизди козгоп, көзүбүздү ченебей кызартышты. “Көчмөндөрдүн” аталган чакан жолугушуусуна Маскөө шаарында жашап жана иштеп жүрүшкөн Самара НАСЫРОВА менен Азизбек Асабала ДАНАКЕР, Өзгөн шаарында жашаган Калмамат Турдубаев агабыз жана Ош шаарында  жашаган таланттуу жигитибиз Жыргалбек АЖИМАТтар келишти.

Самара НАСЫРОВА:  – Биз Ордолуу Ошто жыргап олтурабыз жакындан таанышып, баарлашып дегендей. Калмамат абабыз, Жыргалбек , Азизбек жана мен болуп. Көчтүн китебин барактап көрдүм, эң сонун экен..

Жыргалбек АЖИМАТ:  – Оoбa, айабай бактылуу болуп, жыргап отурабыз..

Тынчтык БЕК:  – Бара албай калганыма катуу өкүндүм. Менде да кокустук (Кокустук дегенде жакшы эле жышаан башталып) иштер чыгып калды.

Самара НАСЫРОВА:  – Жолугушуубуз айабай жакшы өттү. Мурдатан тааныш достордой болуп ырдап, чоордоп, бири бирибизди толуктап отурдук. Чыгып алып да бөлүнө албай сүрөттөргө түштүүк. Эртең буйурса Көчкө койобуз. Калмамат авабыз өтө таланттуу, куудул киши экен. Азизбектин сүйлөп бата бергеничи… Жыргал да анегдоттору менен боорду эзди, ыр кесе да уйуштуруп жибердик. Кыскасы эсте калаарлык күн болду…

Жыргалбек АЖИМАТ:  – Мага абдан жакты. Чындап. Соонун болду. Ойумдагыдан да жакшы, түшүнүктүү, мекенчил, билим деңгээлдери, адамгерчилиги бийик инсандар менен отурдум. Эң кичинеси мен болдум. Мага бул жолугушуу чо-оң таасир калтырды. Кеткибиз, ажырагыбыз келбей эле турду эч… Кыя албадык бир-бирибизди…

Айтмакчы, китептерди айтпай калыптырмын. Алдым. Жапжакшынакай эле баары. «Кыргыз Көчүнүн» китебин кармалап, «тартып көрдүм»… Уулкандын китеби, буга чейин чыккан Самара Насырованын «Көктөм» аттуу ырлар жыйнакчасы жана Маскөө шаарында иштеп жүргөн таланттуу мекендештерибиздин калеминен жаралган «Аруу дүйнө» деген чыгармалар топтому, жаңы чыгып жаткан «Аруу дүйнө» аталыштагы гезитинин жаңы сандары. Сопсонун..

Азизбек Асабала ДАНАКЕР:  – Менимче 6 -7 саат олтурдук. Айабай жакшы олтурдук, ырдап, ыр окуп, шакаба, маек, эски тааныштардай кенен баарлаштык. «Жетиген» кафесинде болдук.. Эсте калаарлык..

Ошол туугандар, баары ойдогудай, жакшы болду! Эми жогорудагы айтылгандардан кийин мага кеп деле айтууга.. Алсызмын.

Асыран АЙДАРАЛИЕВ, Финляндия,,
“Кыргыз көчү”, 04.09.2013.

Окшош посттор