Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Интересное из блогов

Кыргызстандагы эң чоң он-лайн сөздүк

“Биздин Мурас” коомдук фондусунун билдирүүсүнө караганда, учурда Кыргызстандагы эң ири он-лайн сөздүк болуп көп багыттуу “Эл сөздүк”эсептелет. Анын жардамы менен кыргыз тилинен орус, англис, түрк тилдерине жана бул тилдерден кыргыз тилине түз которсо болот. Белгилеп кетүүчу жагдай, которууга мүмкүн тилдердин катарына француз тили да киргизилген экен. Бирок ал тил менен кыргыз тилдин ортосундагы байланыштар аныкталбаган окшойт, кыргыз тилинен бул тилге, же ал тилден кыргыз тилине которуу азырынча мүмкүн эмес.

Бул он-лайн сөздүк кайсы бир сөздүктүн негизинде гана түзүлбөстөн, ал 20 сөздүктүн!!! сөздөрүн камтыйт. Жалпысынан алганда анын базасында 259 миң сөз камтылган.

Бул сөздүктү колдонгондордун саны күн санап өсүп келет. Ал 2012-жылдын башында гана колдонууга киргизилгенине карабай учурда 330 миңден ашык адам аны 1 млн. 300 миңге жакын жолу колдонгонго жетишкен. Котормочулук менен аракеттенгендерге бул сөздүк чон жардамчы боло алат деп ойлойом.

Темирлик

Окшош посттор