Икая

05.09.2013

Рубрика: Интересное из блогов

Басып чыгаруунун версиясы

Илгери-илгери бир киши жашаптыр. Күнүгө, ар кандай  аба ырайында жана жылдын ар бир  мезгилинде, ал таң агарары менен туруп, көлдүн жээгине баруучу, ал жерден таңды тосуп, Кудайга сыйынчу.

Ал кишинин баласы чоңоюп, ал дагы атасына окшоп, ар күнү таң эрте көлдүн жээгине таңды тоскону баруучу. Бирок Кудайга сыйынчу эмес.

Баласынын баласы да чоңойду. Ал дагы атасын тартып, ар күнү таң эрте туруп, көлдүн жээгине баруучу. Бирок ал эмнеге мындай  кылаарын ойлончу эмес.

“Жашоо жөнөкөй”