Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Интересное из блогов

«Беш мүнөт поэзия» адабият сабагында

Эсимде, окуучулук кезимде кыргыз тили жана адабияты сабактарынан окуткан агай-эжейлерибиздин ар бир өткөн сабагы ары кызыктуу, ары таасирдүү болуп, чыныгы поэзиянын майрамына айланып калаар эле.

Ошондогу жапжаш улан-кыздар көркөмдүктү, сулуулукту туя билүүнү, баалоону, жаратылышты, Ата-Журтту, эмгекти сүйүүнү, улуу-кичүүнү урматтоону ошол сабактардан алган экенбиз. Агай-эжейлерибиз бизди ушул максатта тарбиялаган экен. Агай-эжейлерибиздин өткөн ар бир сабагынын уюштуруу, кайталоо бөлүмү «Беш мүнөт поэзия» деген аты эле айтып тургандай, бир нече мүнөттөрдү камтыган сабак ичиндеги сабак болсо да баарыбыз андан зор канаттануу алып, ой-кыялыбыз эргип, негизги сабакты да ынтаа коюп угуп, таасирленип окууга, жооп берүүгө аракеттенчүбүз. Айрыкча кыргыз адабияты сабагында ар бир акын-жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгын окутууда же өтүлгөн чыгармаларды жалпылоодо тилчи-адабиятчы агай-эжейлерибиз бекеринен «Беш мүнөт поэзия» деген сабак ичиндеги сабакты өтүүнү адатка айландырышкан  эмес экен. Анткени поэзиянын ченемсиз кудурети, көркөмдүгү, кыскалыгы адамга, өзгөчө жаш улан-кыздарга таасири зор. Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет деп ошондон улам айтылып жүрсө керек. Ошол ырлар күнү бүгүнкүдөй эсибизде калыптыр. Ошондуктан ошол ырлар жан дүйнөбүздү, дүйнө таанымыбызды, ой-сезимибизди гүлдөтүп өстүрүптүр.

Эми кыргыз адабият сабагында «Беш мүнөт поэзия» деген сабак ичинде сабакты кандайча өтүү керек, ошого кыскача токтололу. Аты эле айтып тургандай, бул сабак программада сунушталган акындардын ырларын окуучулардын  тереӊ өздөштүрүүсү үчүн кызмат кылат. Албетте, мында мугалимдин жетекчилик ролу өтө зор. «Поэзия мүнөттөрүн» же «Беш мүнөт поэзияны» өтүү — өтө жөнөкөйлүгү, бир нече мүнөткө гана созулгандыгы менен айырмаланса да жогоруда белгиленип кеткендей, эӊ натыйжалуу  болоорун башыӊыздагы бөркүӊүздөй эле көрө берсеӊиз болот.

Мисалы, 10-класста кыргыз адабияты сабагынан А.Осмоновдун өмүрү жана чыгармачылыгын окутууда программа боюнча 6 саат бөлүнгөн. А.Осмоновдун өмүрү, чыгармачылыгы 9-класста да окутулат. Демек, 9-класста өтүлгөн акындын ырлары 10-класста өтүлүүчү А.Осмоновдун өмүрү, чыгармачылыгы деген жаӊы сабакка өбөлгө катары пайдаланууга болот. Мугалим окуучуларга күн мурунтан эскертип коюу менен акындын ырлары боюнча «Беш мүнөт поэзия» сабагын өтсө болот. Мында окуучулар А.Осмоновдун 9-класста өтүлгөн «Бөбөккө», «Адамзат», «Ата-Журт», «Коштошуу» жана башка ырларын өз каалоолору менен көркөм айтып беришет. Башка акын-жазуучулардын чыгармаларын окутуу да улам төмөнкү класстарда өтүлгөн материалдарга кайрылуу керек. Мына «Беш мүнөт поэзия» деген сабак ичиндеги сабактын негизги максаты да, милдети да так ушул. Ал эми анын натыйжасы кандай болоорун кыргыз адабияты сабагында «Поэзия мүнөттөрү» же «Беш мүнөт поэзия» сабактарын алгачкы өткөндөн кийин эле көрүнө баштайт деп ишендирип кете алам.

 Сыдыкбек Самадинов,
Билим берүү отличниги, Кочкор району,
А.Жалпетеков атындагы орто мектебинин
кыргыз тили, адабияты мугалими,
“Кутбилим”

Окшош посттор