КР радио-телеберүүлөрдөгү, басмадагы, он-лайн жана социалдык тармактардагы душмандашуу тилине жасалган изилдөөлөрдүн кезектеги этабы аягына чыкты

16.03.2015

Рубрика: Аналитика, Сөз эркиндиги

Басып чыгаруунун версиясы

Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнология Мектеби жергиликтүү демилгелерди колдоо (CFLI) Канадалык фонду тарабынан каржыланган КР радио-телеберүүлөрдөгү, басмадагы, он-лайн жана социалдык тармактардагы душмандашуу тилине жасалган изилдөөлөрдүн кезектеги этабынын аягына чыкты.

Акыркы үч айда: 2014-жылдын декабры жана 2015-жылдын январы менен февралы аралыгында, Кыргызстандын аймагында көрсөтүлгөн жана чыгарылган 47 ЖМКга контент-анализ жасалган, анын ичинде кыргыз жана орус тилиндеги: 33 гезитке, 11 он-лайн медиага, 2 телеканалга, 1 социалдык медиага жүргүзүлгөн. Анализдөөгө алынган ЖМК түрлөрү калктын калың катмарына, мамлекеттин аймактарынын көбүнө жеткиликтүүлүгүнө карай тандалган. Бул медиа-мониторингге кошумча индикаторлор кошулган, изилдөөгө чет жактагы аймактарда жана жергиликтүү компакттуу жашаган аз сандагы этностордон түзүлгөн фокус-топтор кирген.

Душмандашуу тилине коомдук-саясий турмуштун таасири

Изилдөөгө алынган убакыттарда медиа-тексттердеги жана репортаждардагы аз сандагы улуттарга карата жек көрүү тилинин курч тиби жана ачык күнөөгө жыгуулары, ачыктан ачык басым кылуусу азайгандыгы белгиленген. Ошого карабай, толеранттуу эмес, жек көрүүсү көмүскө формада жазылган тексттер басымдуу болгон. Адамдардын эникалуулугу, алардын башка улутка тиешелүүлүгү боюнча жектөө риторикасы саясий, экономикалык жана социалдык маселелерге карата реакция жасоонун линзасы катары караса болот. Эгерде саясий аренада (парламентте, өкмөттө ж.б.) негизги фигура болгон адамдар же буюмдар башка этноско же башка мамлекетке тийиштүү болсо, анда ЖМКлар чагылгандай тездик менен сезимдерге же кол салууга аракет катары көргөн, стереотиптүү пикирлерди таркатып жиберишет. Эксперттер жек көрүү чабуулу багытталган этностордун саны көбөйгөнүн белгилешкен. Эгерде мурда өзбек улутуна карата риторика документтелсе, азыр болсо башка этникалык топтор да кошулган. Кытайларга, орустарга, корейлерге, уйгурларга карата адамгерчиликсиз чабуулдар жана каралоочу метафоралар квалификацияланган. ЖМКда Украинадагы окуяларга байланыштуу журналисттер менен саясатчылардын америкалыктарга  жана  россиялыктарга каршы, Кыргызстандын ЕврАзЭСке кирүүсүнө, Кыргызстанга КЭРден агылган миграцияга каршы кескин терс маанай ачык байкалууда. 2015-жылдын январь-февраль айларындагы изилденген медиада “Кырк Чоро” Коомдук бирикмесинин максаттары, милдеттери жана абалы жөнүндө кенен баяндоолорго көп орун берилип, улутчулдук сезимин козгой турган аудиториянын көңүлүн бурдурган этникалуулукка каршы риторикага бай окуялар чагылдырылып жатты. Кээ бир репортерлор “душмандашуу тилинин сөздүгүн” компетенттүүлүгүнүн жоктугунан пайдаланышат. Ошого карабай, ЖМКда жектөөнү жайылтуунун социалдык кесепети көрсөткөндөй, коомдо этносторго карата ксенофобия сезиминин, негизсиз кооптонуунун жана жек көрүү сезиминин бар экендигин көрсөтүүдө. Мисалга, он-лайн форумдарды жана Facebook социадык форматтарды пайдалануучулар ксенофобдук билдирүүлөр менен демилгелерди активдүү колдошкон.

Душмандашуу тили коомдук дискурста

Аудиторияга жана коомдук пикирге терс таасирин тийгизүүдөгү негизги проблема – коомдук дискурстагы транляциялык стереотиптер жана душмандашуу тили болуп кала берүүдө. Душмандашуунун бул тибинин болуусу демократиялык жактан коомдун өнүгө электигинин тикелей көрсөткүчү болуп калууда. Көбүнчөсү репортерлор ойлонуп отурбастан эле ар кайсы спикерлердин ксенофобдук билдирүүлөрүн толугу менен цитаталай беришет, керектүү комментарийи жок эле өзүнүн ЖМКсында ачык улутчулдук пропагандалоону көздөгөн тексттерге орун беришет. Фокус-топтордогу сурамжылоолор саясатчылардын төмөнкүдөй сөздөрү чыңалууну жана жек көрүүнү ойготушу мүмкүн, мисалга, Т.Сарпашевдин, КР биринчи вице-премьеринин жакында болгон Ош областык коллегиясынын жыйынындагы сүйлөгөн сөзүн айтса болот. Өзүнүн сөзүндө ал Араван жана Кара-Суу райондорун Украинанын согуш жүрүп жаткан[1]. Донецк жана Луганск облустарына салыштырган. ЖМКда Бишкектеги АКШнын элчилигинин маңдайындагы “Русский мирдин” өкүлдөрү жана коммунисттер катышкан митингди чагылдырууда ксенофобдук жана расисттик айтууларын жана билдирүүлөрүн цитаталоо жана трансляциялоо комментарийлөө[2]бөлүмүндөгү тикелей душмандашуунун бир катар мисалы боло алат.

CharlieHebdo «эффекти»

Аудиторияга душмандашуу тилинин таасир өтүүсүнүн деңгээлин 2015-жылдын 2 айлык изилдөөсүндө диний душмандашуунун деңгээлинин капыстан жогорулаганын көрсөттү. Бул башка жактан Кыргызстанга келип, жергиликтүү ЖМК тарабынан жайылган маалыматтарга көбүрөөк тийиштүү. Респонденттердин үчтөн бири ЖМКдан алардын башка диний топторго жектөө сезимин пайда кыла турган маалыматты же окушкандыгын же угушкандыгын айтышкан. Кээ бирөөлөрдүн кооптонуулары мусулмандардын терс медиа образынын берилгендигине, аймактагы радикализмдин жогорулашына жана Сирияда согуш болуп жаткандыгына байланышкан. Жергиликтүү контентке баа берип жатып, кээ бир респонденттер Кыргызстандын жарандарынын Сириядагы согушка катышкандыгын жана алар “өзбектер менен тажиктер” экендигин, алардын этникалык тийиштүүлүгүн белгилеген жергиликтүү ЖМКдын терс маалыматтарына шилтеме жасашкан. Бул факт нааразычылык туудурган жана ошол топтордун кооптонуу сезимин ойготкон. Сурамжылоого катышкан көрүүчүлөр жана маалымат окугандар аларга «Charlie Hebdo эффектинин» таасир кылгандыгын белгилешкен, анын айынан аларда христиан агымынын өкүлдөрүнө жек көрүү сезимин калыптандырган. Аудиториядагы кооптонуу сезимдери Франциядагы жума сайын чыгуучу сатиралык басылмага карата теракттан кийин пайда болгон, ал журналда Мухаммед пайгамбарды сатиралык маанайда тарткан сүрөттөр басылган. Бул теманы жергиликтүү жана чет элдик ЖМКларда кайра-кайра сөз кылуу көптөр үчүн жүрөктүн үшүн алган окуя болду. Ошол эле учурда, окурмандар өзүнүн көңүлүн ар кайсы жамааттардын[3]таарынычын пайда кыла турган ксенофобиялык клишелери жана достукка каршы лексемалары бар, кыргыз тилиндеги прессалардагы басылган сатирады жана анекдотторду кадыресе көрүшүүдө.

Эксперттик топ ЖМКда жана коомдук дискурста душмандашуу тилинин жайылтылышынын алдын алуу боюнча жагдайды жакшыртууга, аз улуттарга карата алдын ала жаман пикирде болууга жана ага байланышкан терс стереотиптерге каршы күрөшүү боюнча багытталган рекомендациялардын топтомун иштеп чыкты. Бирок ЖМКдагы душмандашууну күчөтүүгө каршы күрөшүү сөз эркиндигин буубашы керек, анын ичинде Интернет эркиндигин дагы. Кыргызстан 2014-жылдын[4] көрсөткүчү боюнча Борбор Азия мамлекеттеринин ичиндеги прессанын эркиндиги боюнча рейтингинде эң жакшы жетишкендиктерин сактап калганга аракет кылышы зарыл.

www.ca-mediators.net