Журналистика жана коом: Кыргыз ЖМКлары сөз эркиндигин чексиз эркиндик катары кабыл алышты

30.06.2012

Рубрика: Аналитика, Сөз эркиндиги

Басып чыгаруунун версиясы

Редакциядагы доо арызы – журналисттин күн тартибинде белгиленген дагы бир маселе. Бул макаланы тапшырардын алдында дагы бир ирет Махинур Ниязовага чалдым, бирок «кылым процессин» (журналисттер Ирина Карамушкинанын 5 миллион сомдук доо арызын ошентип аташат) талкуулоого анын убакыты жок, ал башка журналистке каршы жүрүп жаткан процесске шашып жатыптыр. Кечээ эле журналисттердин колдоосуна муктаж болуп жүргөн оппозиционерлер бүгүн артка карап койбостон, жалпыга маалымдоо каражаттарына (ЖМК) карата сотторго доо арыздарын берип жатышат. Бул тенденция болуп баратат өңдөнөт, себеби, Кыргызстандагы ар бир эле ЖМКда бир нече доо арызы бар.

Бирок так сан жок, мындай пикирди Медиа Полиси институтунун медиа өкүлү Акмат Алагушев билдирип жатат: «Бизде да, башка бирөөдө да статистика жок, бизге билинбеген көп доо арыздары өтүп жатат, кээ бирде сотко барсаң, кесиптештериң жүргөн болот. Мисалы, «Вечерний Бишкек» өзү менен өзү жүрөт. Бизде статистика бар деп айтуу кыйынга турат. 118-берене күлкүңдү гана келтирбей, доо арыздарынын көбүн кошунасы кошунасына, кызматкери жумуш берүүчүсүнө карата беришет, ал жакта журналисттердин үлүшү анча чоң эмес».

Намыс менен абийирди соттордо дал ошол 118-берене менен калыбына келтирүү саясатчылардын арасында мода болуп кетти. Революциядан кийин ЖМКлар толук эркиндикти сезип жатышкан болсо, бир аз убакыт өткөндөн кийин абал өзгөрүп кетти.

«Негизинен, саясий күчкө жана эркиндикке ээ болгондор саясий себептерден соттошушат. Акыркы эки жылда бийлик өз ордун, позициясын бекемдетип алып, ЖМК менен сөз эркиндигин көзөмөлгө алууга аракеттенип жатат», – деп «Деньги и Власть» гезитинин башкы редактору Турат Акимов эсептейт.

Учурда Кыргызстанда ар бир партиянын өкүлдөрү жеке басмаканага ээ болуп отурат. Өз ресурстарынын жардамы менен алар саясий күрөш жүргүзүп, өз атаандаштарына каршы материалдарды жарыялашууда. КРдеги ЖМК – бул, биринчи кезекте, бийликтин идеяларына үгүттөө, тигил же бул адамдын саясий имиджин бекемдетүү. Убакыттын өтүшү менен бул оюндарды жүргүзүүгө боло турган аянттардын саны гана өзгөрүп турат.

Журналист Александр Кулинский төмөнкү пикирин билдирди: «Дүйнөлүк стандарттар менен караганда, бизде эч качан сөз эркиндиги болгон эмес. Сөз эркиндиги – бул бийликтин бир нерсе айтууга мүмкүндүк бергени гана эмес, ал көптөгөн компоненттерден турат. Бул саат сыяктуу, биз циферблат менен кыймылдап жаткан стрелкаларды гана көрөбүз, бирок алар кыймылдашы үчүн көптөгөн механизмдердин иштеши кажет. Cөз эркиндиги да дал ошондой. Бизде бул механизмдер жок, бийлик кайсы бир суроону курч коёюн деп чечкенде эле ЖМК менен коом жалпысынан бул процесске эч кандай каршылык көрсөтө албай калат».

Аны менен бирге бийликте тургандар прессанын тынымсыз байкоосунда тура турган жолду тандап алгандыгын түшүнүшү керек. Мында, албетте, чындыкка төп келбеген маалымат бергендиги үчүн журналист жоопкерчилик тартат. Мисалы, көптөгөн серепчилер этнос аралык мамилелер жактан алганда кыргыз тилдүү ЖМКлардын маалыматтары туура эмес берилип жаткандыгын белгилешет. Журналисттер көчөдөгү сөздөрдү көп пайдаланышат. Бул суроону талкуулоо, анын ичинде соттордо дагы, журналисттердин мыйзам алдындагы жоопкерчилигин арттырат. Ал коом ичинде ар түрдүү суроолордо толеранттуу мамилени түптөйт.

Өлкөдө кыргыз тилдүү ЖМКлардан орус тилине которулган материалдар жайгаштырыла турган бир топ виртуалдык аянтчалар пайда болду. Бул жерде мыйзам боюнча, котормо автордун текстине теңелерин белгилеп кетүү маанилүү.

Медиа серепчи Акмат Алагушев мындай деп белгилейт: «Мына гезиттер.орг деген долбоор өзүнчө бир эки жакту долбоор, ал жакта негативдин баары жыйналат, кыргыз прессасында болуп жаткан чындыкты ал чыгарбайт. Ал жакта бир гана негатив бар, ошондуктан, орус тилдүү окурман үчүн ал жакта такыр чындыкка төп келбеген маалымат берилет. Негизи, текст которуу суроосу абдан курч. Мисалы, «жод» деген сөз кыргыз тилине иудей деп которулушу керек болчу, бирок, «жид» деп которулат, филолог ошентип которуп койгондугу үчүн эле мындай котормо баарына залака тийгизет. Сотторго доо арыздарын беришкенде, биз лингвистикалык экспертизага да тапшырабыз, бизге котормочу туура эмес которуп койду деп айтышат».

Жалпысынан, серепчилер журналистикада профессионалдык деңгээлдин түшүп бара жаткандыгын да белгилешет.

Александр Кулинский төмөндөгүдөй пикир айтты: «Учурда ЖМКда иштөө стили мындай: тактык жок, ар бир маалымат үч булакта текшерилиши керек деген мыйзамды эске алмай жок, ал текшерилбей гана жаткан жок, журналисттер бул ушак-кеп деп ачык эле жазып жатышат. Бул терс динамикага ээ».

Мындан тышкары, ар түрдүү интернет аянтчалары пайда болгондон кийин журналист деген кесиптин маңызы жөнүндө талаш-тартыштар кайра талкууланууда.

Медиа машыктыруучу Ирина Калинина мындай деп эсептейт: «Журналистика бул кесиппи же жокпу деген кеп боюнча көп талаштар бар, башкысы, журналистика эксклюзивдүү маалымат бербей калды. Учурда профессионалдык деңгээл боюнча сөз кылуу негизи эле кыйын, ар бир каалоочу журналист боло алат, бул үчүн атайын билимдин да кереги жок».

Бирок, мыйзамдар азырынча бул рынокту жөнгө сала албай жатат. Ар бир маалыматтык чабуулдан кийин тигил же бул саясатчы ЖМКны кандайдыр бир даражада кармай ала турган бир мыйзамды демилгелеп чыгууга аракеттенүүдө.

Бирок, кандай болсо дагы, жалпыга маалымдоо каражаттары жарандык коом саясатчыларды көзөмөлдөп тура ала турган башкы курал болуп калууда.

Булак: “КырТАГ” маалымат агенттиги  2012-жыл, 21-июнь