С.Жумагулов: “Экстремист журналисттин оңгонун көрбөдүм”

26.10.2015

Рубрика: Аналитика, Сөз эркиндиги

Басып чыгаруунун версиясы

s_jumagulov

Саресеп гезитин зыярат кылган Султан Жумагулов агабыз кыргыз журналистикасынын азыркы абалы жана келечекте кандай болушу керектиги тууралуу ойлору менен бөлүштү

Азыр гезиттер чоң атаандаштыкта иштеп жатышат

Азыр кыргыз журналистикасында билимдүү жана жаңы тарбия алгысы келген жаштардын өсүп келе жатканы жакшы нерсе. Журналистика жана анын талаптары да өзгөрүп жатат. Себеби, элибиз өзгөрүүүнү талап кылууда. Журналистика таптакыр башка мүнөзгө ээ болуп калды. Мисалы, 90-жылдарга салыштыруу мүмкүн эмес. Ал убакта эки-үч эле гезит өз билгенин кылчу. Азыр аябай чоң атаандаштык шартта иштеп жатасыңар. Газета бул чыгармачылык жана маалымат берүү үчүн гана эмес. Бул деген товар. Силер ошол товарды сатып, элди да, окурмандарды да өзүңөргө тартып, өзүңөрдүн жашооңорду жакшыртып, ошол эле убакта элге туура маалыматты жеткирүүңөр керек.

Мыйзам боюнча караганда көп гезиттер кылтакка илинди

Гезиттерде кандай мыйзам бузуулар бар? Ушулар боюнча карап чыктык. Бул анализден кийин көп гезит кылтакка илингени көрүндү. Алардын чыгарган ар бир санында каталар бар экенин көрүүгө болот. Эгер чындап келсе кээ бир гезитти он чакты жерине байланыштуу сотко берип утуп алса болот. Анан биз өз билгенибизче сөз жасап көнүп калганбыз, ошондуктан жазып жаткан ишибизге аябай маани беришибиз керек. Бир материалды сөзмө-сөз которуп коюу бул кулдук психологиянын белгиси. Мындай оорудан арылуубуз керек. Биз башка улуттун сөз түрмөгүн өзүбүздүкүнөн жогору койбошубуз керек. Алардын оюн кыргыз тилинин каражаттары менен беришибиз керек. Чоң журналисттердин дагы деле ушундай которгонун көрүп, кээде таң калып каласың. Бул көрүнүш эмнени түшүндүрөт? Биздин ой жүгүртүүбүз дагы кулдук мүнөздө болуп баратканын түшүндүрөт. Мен биринчи ирет Лондонго барганда ал жерде англис тилин үлгү катары карасаң, маалыматты кыска, нуска бергенин көрөсүң жана ал маалыматтарды башка тилдерге которттурат. Ошол убакта ВВС 43 тилде чыгат болчу, азыр 34 тилде чыгып калды окшойт. Ошондо кайсы тил маалыматты көлөмдүү кылбай, кыска-нуска кылып жеткирет дегенде, орус тили 12-орун, кыргыз тили 8-орунду ээлеп калган. Мурда которуп да иштеп калдым. Ошондо орус тилиндеги сөздөрдү бир-эки эле сөз менен кыргыз тилине которуп койсо болоруна көзүм жетти. Бирок анда да сөзмө-сөз которуш керек деп ойлой берчүмүн. Эгер силер маалымат тилин билебиз десеңер, анда англис тилин үйрөнгүлө. Азыркы мезгилде англис тилин билүү орус тилин үйрөнүп алгандай болушу керек. Гезиттин графикалык дизайнына келсек, эч качан өзүң окуй тургандай кылып жазба. Кээ бир маанилүү маалыматты камтыган жерлердин тамгаларын чоң-чоң кылып эле жазуу жакшы. Аны 80ге чыккан адам да окуй алуусу керек. Биз окурманыбызды кыйнабашыбыз керек. Кээде тамгаларыңар кичине болгону үчүн көп адамдар окубай калышы мүмкүн. Бул боюнча керек болсо санитардык талаптар деген бар.

Бир жумалык маалыматтын демин окурмандар сезе тургандай бериш керек

Гезиттин 2-3-беттери аябай ойлоно турган, карала турган, маалымат бере турган беттер. Ал нерсеге да маани берүү керек. Себеби ачканда эле ошол беттер көзгө урунат. Бир жумада бир жолу чыксаң, бул жерлер ошол жуманын демин берип турушу керек. Эскирип калган жаңылыктарды берүүдөн алыс болушуңар керек. Себеби ал жаңылыктарды адамдар интернет айдыңынан окуп, маалыматка ээ болуп алышат. Эгер мурунку маалымат болсо, анда анын жаңыча формасын бергенге аракет кылуу керек. Жаңы нерселерди кабардын жогору жакка чыгарып, эскирген, бирок маанилүү маалыматты акыры жагында берип койсо болот. Окурман гезитти окуп чыкканда Кыргызстандагы, региондогу, дүйнөлүк тенденциялардын демдерин сезип турушу керек.

Гезит окурмандары көбөйүп жатат

Дүйнөдө газет окугандар көбөйүп келе жатат десек болот. Ал эми азыркы учурда радионун күнү бүтүп баратат. Себеби бул нерсени “Азаттыкта” иштегенде билип калдым. Анда радиону жапкыла, видеолорун көбөйткүлө, сайтты жанданткыла деп көп айтылат.

Журналисттер грамматиканы өздөрү билбей турса

Гезиттеги жарыяланган макалаларга келсек, андагы каталар эми айта берсе көп. Бул гезит үчүн чоң ката болуп эсептелет. Гезит грамматикалык бир да катасы жок чыгышы керек. Себеби журналисттер грамматиканы өздөрү билбей турса, анда бир интеллектуалдуу окурман окуй турган болсо, мындай гезит жарытмак беле. Бул көрүнүштө окурмандарды жоготуп алуу жагы бар. Ошондуктан ката кетирбегенге аябай кылдат маани берилиши керек. Газетаны ар түрдүү адамдар, анын ичинен академиктер, менин атама окшогон аксакалдар, студенттер окушу мүмкүн. Алардын ичинен бири бир-эки ката көргөн соң, гезитти ыргытып жибериши мүмкүн. Ал эми грамматика менен иши жоктор үчүн айырмасы деле жок. Алардын гезити башка.

Журналисттер качан ойлонушту?

Кээде газеталар ушунчалык адам жийиркене турган, кызыл ала болгон, таанылбай жаткан сүрөттөрдү да берип коюшат. Бул нерсе да туура эмес. Мисалы, мен көп нерселерди ВВСден үйрөндүм. Мен иштеп турган убакта Акаевге каршы митингдер жүрүп жаткан болчу. Ошол кезде Аксыдан “Акаевге өлүм” деген адамдар келишти. Ошондогу адамдардын эмоциясын берейин деп материал даярдап келсем, ошол жерин өчүрүп салышты. Себеби ВВС адамдарды зомбулукка же кандайдыр бир нерсеге үгүттөгөнгө, адамдардын көңүлүн чөгөрүп же аларды капа кылган иштерге трибуна болуп бербейт. Биринчи ызаланып жүргөнбүз, кийин бара-бара түшүнөт экенсиң. Ошондуктан ар бир нерсени жазууда эрежелери менен жазуу керек. Бул эрежелер оңой эле. Аларды эч ким ойлоп чыккан эмес. Журналистиканын этикасы өткөн кылымдын башында эле башталган. Себеби алардын да биздин башыбыздан өткөн сыяктуу эле тарыхы болгон. Ошол эле Европада кайсыл адам бийликке келсе, анын каршылаштары аны газеталарга берип, сыналгыларга берип, шыбап эле жатып калчу. Өткөн жыйырманчы кылымдын башында журналисттер: “Биз эмне бийликтин эле кылычын чаап жүрө беребизби? Биз бийлик үчүн эмес, эл үчүн чыгып жатабыз” деп ойлонушкан. Ошентип азыркы күнгө келип олтурат. Этикалык талаптардын бардыгы журналисттердин мурунку муундарынын акылынан жаралган нерселер. Бул этикалык эрежелерди журналисттер куранды кармангандай эле карманышы керек.

Журналистикада сатылган эч качан жарыбайт

Ал эми журналистикада ар кимдин камчысын чаап сатылып кеткендер эч качан жарыбайт деп айтар элем. Адамдардын убалына калуу деген нерсе бар. Ал эми адамдардын убалы аны көп узакка чыгарбайт. Мен анык билгенден эки адам бар болчу. Аларга мындай түшүнүк менен узакка кетпейсиңер деп дайым айтчумун. Ошондой эле болду. Журналист жеке бир адамдын гана эмес, аны окуп жаткан элдин да убалына калат. Элдин убалына калган оңбой каларын көп көрдүк. Азыр мыйзамды журналисттерди соттой турган кылып өзгөртүп койбодубу. Бул нерсени мен айла кеткендин иши деп ойлоп жатам. Себеби журналисттер экстремист болуп кетпедиби. Экстремист деген бул бардык нерсенин чегинен ашып кеткенге колдонулат. Азыр мыйзамды да тоготпой, адамдардын жашоо мыйзамын да тоготпой ашынып кетип жатышпайбы. Ошондуктан ар дайым чындыкты айтуу керек.

Журналистика – “бечараны бактылуу кылуу, кутуруп бараткандарды жерге түшүрүү” 

Журналистика деген “бечараны бактылуу кылуу, кутуруп бараткандарды жерге түшүрүү” болуп эсептелет. Кутурганды жерге түшүргөндө журналист өзү чабылып кетпеши керек. Ошондуктан дайыма маалымат булагына шилтеме бергенди унутпаш керек. Расмий же олуттуу булактарга шилтеме кылганда оңой кутуласыңар. Журналистте бир эле мезгилде журналист, сот, прокурор болуп кетүү коркунучу бар. Ошондуктан журналист маалыматты экиден кем эмес адамдан тастыктап, анан ошону нейтралдуу жакшы сөздөр менен берүүгө аракет кылуусу керек.

Чоң максат койбосоңор, кичине бойдон жүрө бересиңер

Гезит чыгарууда Кыргызстандын аймактарына жетсе болду деген максатта жашабашыңар керек. Чет жактарга чыгышты максат кылгыла. Эгер андай максат кылбасаңар, силер кичине бойдон жүрө бересиңер.

Саресеп