Илим Карыпбеков, КТРКнын Башкы директору: “КТРКны көтөрүүгө болгон күч-аракетимди жумшайм”

31.03.2015

Рубрика: Аналитика, Сөз эркиндиги

Басып чыгаруунун версиясы

Ilim-Karypbekov

Улуттук биринчи каналдын жетекчилигине Илим Карыпбеков шайланды. “Кара жашик” аталган бул каналды Илим мырза кандай жолго салаары тууралуу өзүнөн сурадык.

– Илим мырза, айрым маалымат каражаттарына КТРКнын айлыгын да, сапатын да көтөрөм деп убада бериптирсиз. Аны аткарууга сизде мүмкүнчүлүк, каражат жетишеби?
– КТРК мамлекеттик бюджеттен көз каранды. Жыл сайын бизге орто эсеп менен 400 млн сом бөлүнөт. Анын тең жарымы КТРКнын берүүлөрүн жеткирүүгө жумшалат, калганы айлык, калем акы, коммуналдык төлөмдөр жана башка чыгымдар. Өткөн жылы телеканалга кошумча 73 млн сом келип түшкөн. Бирок мен “келе” деп мамлекетти карап отура бергим келбейт. Мен ички ресурстардын баарын карап чыгып, кайсы булактардан акча жасоого болот, ошолордун баарын иштетүүнү көздөп турам. Мисалы, өткөн жылы 73 млн сом кошумча түштү деп айттым, бул рекламадан түшкөн каражат. Бул өтө аз. Жөнөкөй эле эсеп менен айталы, КТРКнын бир жылдык убактысын эсептей турган болсок, 38 миң мүнөтү бар экен. Толугу менен сата турган болсок, орточо баа менен, 200-300 млн сомдон ашып кетет. Бирок ошонун прайм-тайм убагындагы 70-80% сатылып келген, ал эми кечки саат 22:00ден таңкы саат 6:00га чейинки убакыт дээрлик сатылган эмес десе да болот, 3% гана сатылып келиптир. Бул деген менеджер иштеген эмес дегенди билдирет. 38 миң минутанын ичинде 53% бекер кеткен, ал социалдык ролик деп кеткен, калган 90% сатылбай калган. Азыр деле КТРКнын эфириндеги 50% убакыт күн сайын текке кетип атат. Эгерде мен ошону жок дегенде 70% жеткирип алсам, биз мамлекеттен толук көз карандысыз болобуз.
Мындан тышкары биздин эфирди бир-эки рекламалык компания өздөрүнө ыңгайлаштырып, ээлеп алышкан. Буга укук коргоо органдары баа беришсин, бул канчалык деңгээлде коррупциянын негизинде ишке ашкан, мурдагы жетекчилердин канчалык деңгээлде тиешеси бардыгын, укук коргоо органдары текшерип айтышсын. Бирок, КТРКнын болгону 30% рекламасы сатылып атса, анын дагы 90% ошол рекламалык компанияларга берип коюу –бул таптакыр туура эмес. Бул КТРКнын кызыкчылыгын көздөбөгөндүккө жатат. Эгерде бул жагынан таза ачык иш алып барсак, жыл башынан тартып, биз реклама айдыңындагы оюнчуларга ачык эрежелерди түзүп берсек, бул дагы көп киреше алып келет.
Мага Байкоочу кеңеш ишеним артып аткан соң, бийлик бутактары “оңоп кете алар бекен?” деп карап турган учурда, элибиз баары бир бизди күтүп, КТРК деп көрүп аткан соң, мен колумдан келишинче, күчүмдүн жетишинче, өзүбүздүн улуттук каналыбызды өзгөртпөй, оңдобой кетүүгө укугум жок. Кайсы бир деңгээлде алдыга жылдырып кетүүгө даярмын.

– Берүүлөрдүн мазмуну өзгөрбөсө, жакшырбаса, баягыдай кооз сүйлөп, жакшы кийинип эфирди толтуруу өзгөрүүгө жатпайт. Ошондуктан, мазмундук өзгөртүүлөрдү кайсы программаларга киргизүү зарыл деп эсептейсиз?
– Бүгүнкү күнү элди, көрүүчүлөрдү тартып жаткан кайсы программалар, кандай берүүлөр? Мына ушуларды иликтеп, башка телеканал болобу, радиобу, гезитпи, эл эмнеге кызыгат, ошонун баарын иликтеп, элди тарта турган, кызыктыра турган берүүлөрдү тартууга аракет кылуубуз керек. Эмне үчүн адамдар бүгүн “Азаттыктын” программаларын жакшы көрүшөт, эмне үчүн Би-Би-Синин көрсөтүүлөрүн күтүп көрүшөт? Биз дагы ошолордой болуп элге кызыктуу программаларды даярдоого, аларга атаандаш болууга, алардан ашып түшүүгө аракет кылабыз.

– КТРК жетекчилигине талапкерлигиңизди көрсөтүп жатып, өзүңүздүн программаңызда жаңылыктар тармагын жаңылайм деп убада кылдыңыз. Азыркы маалыматтык атаандаштык күчөп турган учурда, баягы илгеркидей, 2 саатта бир жаңылык чыгаруу КТРКнын кечирилгис күнөөсү болуп калат го?
-“Алатоо 24” долбоору тууралуу айтып жатсаңыз керек. Ооба, азыр маалыматтар элдин кайсы бир катмарына жеткиче эле эскирип калып жаткан убакта, адамдар интернетке каалаган учурунда, каалаган жеринен туруп кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жаткан чакта, негизги канал болуп эсептелген КТРК үчүн 2-3 саатта бир жаңылык көрсөтүү бул кечиримсиз деп эсептейм. Ошондуктан, “Алатоо 24” жаңылыктар каналын июнь айынан тартып, буйруса ишке киргизебиз. Алгач кабелдик тармактарга чыгат, ал эми санариптик система орноп калса, өлкөбүздүн бардык жериндеги көрүүчүлөрүбүз күнүнө 24 саат бою “Алатоо 24” каналынан жаңылыктар менен таанышып туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

– Сизден мурда иштеп кеткен жетекчи Султан Жумагуловдун учурунда түштүккө КТРКнын өзүнчө бир корпункту ачылды. Бул долбоор өзгөчө стратегиялык жактан жасалган көрөгөчтүк катары жакшы бааланып, көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынды. Анткени, түштүктөгү көрүүчүлөр КТРК көрө албаганы үчүн, көрүүнү каалабаганы үчүн коңшулардын телеканалдарын көрүп жүрүшкөнүн жакшы билесиз…
– Мен да бул кадам эң туура ташталган деп эсептейм. Эми мындан ары бул ишти улантып, ал жерде жасалган берүүлөрдүн сапатын жогорулатууга аракет кылуу керек. Мен Ошту күчтөнтөм, болгон күч-аракетимди Ошко жумшайм. Ал эми Баткен менен Жалал-Абаддагы кабарчылар толугу менен аймактарда болуп жаткан жаңылыктарды, окуяларды Ошко жиберип, так маалыматтар менен Ош студиясын камсыз кылып турушат. Ош мен үчүн өтө чоң приоритет. Анткени чоң чакырыктар, чоң коркунучтар ошол тарапта. Бүгүнкү күнү түштүктөгү жаштарыбыздын баары Өзбекстандын “Яшлар” деген каналын көрүшөт экен. Мына ошол жаштарды, ошол көрүүчүлөрдү кайра өзүбүзгө тартышыбыз керек. Бул үчүн да мен болгон күч-аракетимди жумшайм.

Махабат Шакирова, “ПолитКлиника”, 31.03.2015-ж.