Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Этика – бул жөн гана айтылган сөз эмес

Жашоодо эч нерсе жөндөн жөн эле, кокустан боло бербейт. Буга канча жолу өз жашообузда күбө болдук. Мына бүгүн да кыргыз гезиттерин карап чыгып жатып, аты баарыбызга таанымал болгон гезитибиздин бири этикалык норманы одоно түрдө бузган фактыны көрүп алып кейип кеттим. Анда зордукталган 5 жашар кыздын бети жашырылбай түшкөн эки сүрөтү бакырайтып жарыяланыптыр. Энесинин да сүрөтү жүрөт. Энеси го макул, чоң киши. Журналисттер кыздын келечегин ойлоп коюшпайбы! Кызды тааныгандар, өзгөчө, жакшы-жаманды али жакшы айырмалай элек жаш балдар, кызды келекелебейт, щылдындабайт деп ким кепилдик бере алат! Мындай кордоолорго тушуккан кыздын психикасы оң болобу? Ансыз да айбанчылыктын курмандыгы болду.КР журналисттеринин этикалык кодексинде балдарга байланыштуу теманы өтө этиятык менен чагылдыруу керектиги жөн жеринен эскертилбеген эмес да. 12-пунктта мындай деп жазылган:

Балдарга байланышкан маселелерди чагылдырууга журналист бөтөнчө этият болушу шарт. Журналистте жана редактордо жашы жете электердин жеке жашоосун чагылдыруу үчүн жүйөөлүү негиз жана балдардын ата-энесинин, асырап алгандардын же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу болушу керек. Зомбулук окуяларга катышкан, мыйзамсыз аракеттерге байланышы бар балдардын аттарын (же аларды таанууга мүмкүндүк берген белгилерин) жарыялоого жол берилбейт.

Бул сүрөттөр энесинин макулдугу менен тартылганы байкалып турат. Бирок энеси учурдагы көйгөйдөн чыга албай, баласынын келечеги тууралуу ойлонуга чамасы жете элек болушу керек. Журналисттер болсо ишине кесипкөй мамиле кылышы зарыл эле. Аталган учурда журналист жабырлангандарга жардам берүү ниетинде макала жасаганы байкалып турат. Бирок артык кылам деп, тыртык кылып алды. Жок дегенде этикалык кодексти окуп койсо мындай катачылыкты кылбайт эле.

Эми бул жазуумдун башында дүйнөдө болгондун баары кокустук эмес экендиги жөнүндө сөз кылганымды улантсам, бул өкүнүчтүү факты менен таанышкандан кийин почтамды ачсам ijnet деген белгилүү эл аралык журналисттик тармактын таркатмасында “Почему журналистская этика имеет значение в странах, где СМИ находятся под давлением” деген макала бар экен. Бардыгы үндөшүп калды.

Биз учурда кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу сөз эркиндиги жагынан алдыда болгонубуз менен, чыныгы сөз эркиндигине жетүүдөн дагы эле алыспыз. Ага жетиш үчүн журналисттер адеп-ахлактык нерселерди макалаларында эч качан унутпашы керек. Болбосо чыныгы сөз эркиндигине жетебиз деген аракетибиз оңунан чыкпайт. Анткени, аталган макалада белгиленгендей:

“В противном случае общество отвергнет такие журналистские инициативы, как большая свобода для законов в области информации, считая их не более чем желанием публиковать подробности частной жизни людей”.

Марат Токоев

Окшош посттор