Бекташ Шамшиев: Бийликтин өкүмзордугу уланууда

13.05.2015

Рубрика: Аналитика, Сөз эркиндиги

Басып чыгаруунун версиясы

“Бийлик өкүмзордугуна салып өтүмдүү басылманы өздүк кылып алуу аракети бүгүн эле башталып жаткан жери жок, мындай иш буга чейин деле болуп келген”

Акаев баскан жол менен

Бекташ ШАМШИЕВ: “Бийликтин өкүмзордугу уланууда”

(Экинчи маек)

– Учурдагы “Вечерний Бишкек” басылмасынын айланасындагы уу-дууга карата көзкарашыңыз кандай? Муну чын эле азыркы бийлик эгелеринин мурдагы эки жолку бийликтин жолоюна түшкөн зулумдугу дейбизби же бул жөн гана Александр Ким өзүнүн талашка түшкөн чарбасын коргоо үчүн жасаган далалатпы?

– “Вечерний Бишкектин” айланасындагы талаштын тамыры кайдан чыгып, аркандын учу кайсы жакка ыргытылып жатканы көпчүлүккө мен айтпасам деле дайын. Бийлик өкүмзордугуна салып өтүмдүү басылманы өздүк кылып алуу аракети бүгүн эле башталып жаткан жери жок, мындай иш буга чейин деле болуп келген. Андай аянычтуу тагдырга Мелис Эшимкановдун айтылуу “Асаба” басылмасы туш келгенин сен деле жакшы билесиң го. Бул ирет бутага “Вечерний Бишкек” басма үйү алынууда. Азыркы элпек соттордун колу менен бийлик башындагылар көксөгөнүнө жетиши деле мүмкүн. Басылма ээлери менен баш журналисттердин баки-жогун К.Бакиевдин тушунда кызмат кылган деп айып коюп, күн алыс басылма ээси менен чындыкты чыркырап коргоп жаткан журналисттерди жаманатты кылып жатышпайбы. Аларга коюлуп жаткан кине деле айтыла берип, колдонула берип, көпчүлүктү тажатчудай болгон ашмалтай айыптар, гезиттегилер баарысы качып кеткен экинчи президент тушунда иштеп калышкан экен, макала жазышкан экен. “Вечерканын” каршылаштарынын гезит жүйөсүнө жүйө, суроосуна ылайык жооп таба албагандан алдагыдай кинелер чыгып атпайбы.

Мамлекеттик жооптуу кызматтарга кесиптик камылгасы жетиштүү, жооптуу ишти алып кетүүгө жөндөмдүү адамдар алынары бышык. Тек парламенттик башкаруу жагына өткөнүбүздөн бери оозу кыйшык болсо да “партия уулунан” кызматка дайындоо оожалып кетпедиби. Жыйынтыгы кандайлыгын бул жерде терип-чолуп айтып отурбайын. “Республика” гезитинде иштеп жүргөн кезимде бу сот кандай болорун, тергөөчүлөрдүн бир суроону кеминде жүз ирет кайталаган эзмелигин көрүп калган жайым бар, азыр сот десе эле ошондогу окуялар эске түшөт. Ошондон “Вечеркадагы” кесиптештеримдин абалын түшүнүп эле турам. Айдын он беши жарык, он беши караңгы, акыйкаттык баарыбир калыбына келет деп ойлойм. Ал эми А.Рябушкин мырзанын кыйла жылдар унчукпай келип, укуктук жагынан чечилип калган маселени кайра-кайра козголотуп жатканы, баарынан да анын сөзүн эки кылбай биздин соттордун чубалган ишти улам создуктуруп жатышы маселени капкачан эле саясый түспөл алып кеткенин аныктап турат.

– Дегеле бийлик башындагылардын жалпы журналистикага жана маалымат коопсуздугуна жасаган мамилеси туурасында кандай ойдосуз?

– Бийлик башындагылардын маалымдоо каражаттарына, журналисттер журтуна мамилеси кандай экенин Олжобай, өзүң менден жакшы билесиң. Кыргызстандын эл аралык кадыр-баркын журналисттер кетирип жатканын башка бирөө эмес, мамлекет башчысынын өзү айтканын уккансың. Туура, азыр К.Бакиев тушундагыдай калемпир тилдүү журналисттерди баса калып токмоктоп иймей, көзүн жаздым кылып бийик кабаттан ыргытып таштамай сындуу жапайычылык жок. Мунусуна шүгүрчүлүк деш керек. Бирок ошол эле мезгилде азыркы бийлик атаандаштарын колбала маалымдоо каражаттары аркылуу каралап иймей, алеки саатта жаманатты кылып салмайы токтолгон жок, кайра күчөдү. Ансыз да катары суюк оппозицияы кодулоо, анын баскан-турганынан кынтык издөө мурдагыдай эле уланууда. Журналисттерди сот жоопкерчилигине тартуу, олчойгон айыппулдарды салуу дагыле күчүндө. Бирок мунун баарына карабай, азыркы бийликтин маалымдоо каражаттарына мамилесин дурус деп баалайт элем.

– Сөз тизгинин эми адабият, маданият, коом турмушуна бура кетели. Сизди адабиятчы катары билгенибиз менен бирок адабий эмгектериңиз колго тийбей келет. Негизинен бүгүнкү күндө өзүн адабиятчы катары тааныштыргандар аз эмес, а чын-чынында кимдин ким экенин анын эмгегинен билишибиз керек эле. Тилекке каршы, ошол адабиятчы саналгандардын дээрлик кпөчүлүгү эскайран СССР доорунда гана өздөрүн адабияттын адиси катары тааныштырган эмгек кылганын айтпаганда- акыркы 20 жыл аралыгында адабиятка ат үстүнөн мамиле жасап келишкен жокпу? Же чын эле адбиятчылардын оозуна илинер авторлор чыкпай келдиби?

– Жалпы адабиятчылар тууралуу ананырак айтайын. Жеке өзүм жөнүндө айтсам, эгемендик келгенден бери журналистика жагына ооп, ушул жактан нан таап жеп келатам. Илимдер академиясындагы айлыгымдын аздыгынан 1996-жылдан тарта журналистикага өтүп, жамандыр-жакшыдыр “төртүнчү бийликтин” камчысын чаап, адабияттан кыйла алыстай түшкөнүм деле чын. Журналистика деле кызыктуу кесип, бирок да токойдон көзү өткөн бөрүдөй болуп, экен-токондо адабиятка аралашып кеткен учурум да бар. Мени менен курбалдаш досторумдун көбү доктордук диссертацияларын жазып, коргоп жатканын көргөн соң илгерки ышкым козголуп кетип мен да бир эмгек чүргөй койгом. Азыр аным акча жогунан басмадан чыкпай турат. Андан тышкары англис адабиятынын тарыхын кыргызча жазмакчы болуп өпкөмдү колтуктап дагы бир ишти баштадым эле, аным да азыр чала-чарпыт бүтүп токтолуп турат. А.Осмонов менен Ж.Бөкөнбаевдин поэзиясына илгери кайрылдым эле, китептер чыгаргамын, ошолорумду кайрадан дагы бир көздөн өткөрүп, кеңейтип жазсам деген ниетим бар.

Эми адабиятчылар тууралуу сурооңо келейин. Эгемендик заманда байкуш адабий сын өзүнөн-өзү чүнчүп, кийин жоголуп кетти. Байкушум биз жаш кезде жакшы эле, сын жаза коюп, жазуучулар менен теңата болгонубузга корстон болуп жүрчү кездер да өттү-кетти. Адабий сындын жоголуп кеткенине кабагын салып кайгырган бир да кишини көрбөдүм. Баары өлөр иштей эле кабыл алышты окшойт. Анүстүнө азыр эми адабий сынды окуй турган кишилер деле калбай калды. Азыр адабий эмес саясый сындын арааны жүрүүдө. Илгери адабий сынга жакшы калем акы төлөп беришчү, “Кыргызстан маданияты” менен “Ала-Тоого” чыккан макала жазуучулар, окурмандар арасында кыйла сөзгө арзычу. Сынчылардын аты дайыма аталып турчу. Кийин заман оошуп кеткени адабий сындын аты калып өзү жок, көркөм сөз өнөрүнүн бир өңүрү коңултуктап бош турат. Сынчылардын көбү саясатчы болуп кетишти, калгандары журналист, адабият изилдөөчүсү, иши кылып, ар кими өз арбайын согуп жаткан кези. Эми адабий сынды жаз деп жаштардын алдына алтып коюп чакырсаң да келишпейт. Ага коомдук зарылдык болбой калды. Адабият мурдагыдай бир жерден башкарылбай, сынчылар идеологиялык жоокер болуудан калышкан. Мындай шартта сындын бары-жогу билинбей деле калат экен. Анткен менен, азыркы адабият таануубуздун башка салаалары шүгүрчүлүк, аз-аздан жанданып, улуттук көркөм сөз өнөрүбүздүн өткөнү менен бүгүнкүсү кайрадан аңдалып жатат.

Көркөм адабияттын өзүнө келе турган болсок, ушу азыр саман-топону аралаш, кызылы менен саманы билинбей, кагаз менен каламга өч пенделердин баары сапырылтып китеп чыгаруунун кыныгын алышты. Китептер көп, окурмандар аябай эле аз. Бизде окумал калк аз экен. Чыккан китептердин өүтүшү кыйын. Жалаң чыгармачылык менен китеп сатып оокат кылам деп сен эле чыктың. Китеп окулбаса, аны жазган кишилердин адабиятка эмне алып келгенинен калкы кабарсыз болсо – мындан өткөн кордук жоктур.

– Жакында өзүңүз урматтаган Алым Токтомушевдин “Ачылбаган дүйнө” аттуу ырлар жыйнагы колуңузга тийди. Андыктан “бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” демекчи, эми сиз адабиятчы катары аталган эмгек боюнча учкай да болсо токтоло кетсеңиз…

– Алым байке менен “Асаба” гезитинде чогуу иштеп калдык, башка учурларда да жолуккан жерден адабият, маданият, саясат тууралуу сөз кылып, анүстүнө ортодо жакшы адамдык мамиле түзүлүп калган эле. Жараткан ыроологон өмүрү кыска экен, Шербет эженин артынан а киши да бу жалганды чанып кете берди. Алым байкенин жазгандарын көргөн жерден баса калып окууга көнгөн а кишинин ыкластуу окурманымын. Анан Жантөрө Сатыбалдиев деген менин тууганым чыгымын көтөрүп, жаңы китебин чыгарып койгонуңар, апыртпай айтканда деле кыргыз адабиятындагы, жалпы эле маданияттагы үлкөн окуя. Алыке өзүнө да, өзгөлөргө да чоң талап коюп, бардык нерсеге сын көз менен караган керемет жан эле. Китебин алгандан бери кайра-кайра барактап окуп эле жатам. Адабиятка алып келчү жаңылык жазгандардын көптүгүнө же аздыгына карап бааланбайт. Алым байкенин ойчул, интеллектуал поэзиясы кыргыз улуттук сөз өнөрүндөгү баркырап жанган жылдыз болуп өз ордун ээлеринен эч шегим жок. Алым Токтомушевдин көркөм дүйнөсүн ачуунун, артында калтырган адабий мурасын аңдап-билүүнүн мезгили эми келди. Нукура таланттар кайда болсо да, качан болсо өз жолун таап, арыгын чаап кете берет. Тек аларды терең аңдаш үчүн артында келаткан муун даяр болушу керек.

– Учур адабиятынан кайсы бир авторлордун чыгармачылыгы туурасында да кыскача айта кетсеңиз…

– Азыр адабиятка аралашкан же ушу тапта чыгармачылыгын улантып жаткан улуу, орто муун өкүлдөрү үчүн идеалдуу дегидей шарт түзүлдү. Китеп чыгаруу мурдагыдай түйшүгү түмөн жумушка айлануудан калып, китеп шекилиндеги чыгарма жаратууну каалабагандарга социалдык тармак деген жакшынакай электрондук гезит чыгып, жыргал эле болуп калбадыбы. Жана айткан илимий ишимди жазып жатып биртоп чыгармаларды кайрадан окуп чыгууга туура келди. Абдулхай Алдашевдин үчилтик романын, Өскөн Даникеевдин “Арманын”, Төлөгөн Касымбековдун жаңы романдарын, Мурза Гапаровдун “Экөө ээн бакта”, М.Абакировдун “Көкөй кести” дагы башка биртоп жазуучулардын чыгармаларын окудум. Жалгыз өзүң сын-пикириңи жашырбай айткан Султан палвандын (Раев) “Жанжазасынын” аягына чыктым. Омор Султановдун, Рамис Рыскуловдун биринчи томдуктарын сатып алып, кол бошой калганда окуп жаткан кезим. Колдон келишинче “Нускадагы” китептердин көңүлгө жакканын сатып алып окушка аракет кылам. Былтыр болуп калды да эми, Бишкектеги башкы почтанын биринчи кабатынын бурчунда сонун китеп дүкөнү бар. Ошерден Кубатбек Жусубалиевдин “Жети сөз жана Конфуций” деген керемет китебин таап алып сүйүнгөнүмү айтпа. Анан Москвадан жакшы көргөн агам Муса Мураталиев “Мигранттардын капташы” (“Нашествие мигрантов”) деген романын салып жиберген эле. Аны окуп чыктым, убакты-сааты болбой атат, ушу китепке бир пикирими жазып койсомбу деп жүрөм.

Олжобай ШАКИР, “Кабар ордо”