КР журналисттеринин этикалык кодекси

Кыргызстан журналистинин этикалык кодекси

 2007-жылдын 8-декабрында журналисттердин Республикалык жыйынында кабыл алынган

 2009-жылдын 16-апрелинде журналисттердин Республикалык конференциясында түзөтүүлөр киргизилген.

 Кыргызстан журналистинин этикалык кодекси Кыргызстандагы ЖМК кызматкерлеринин адистигине карабастан, алардын этикалык жана кесиптик иш стандарттарын калыптандыруу, журналистиканын кесиптик деңгээлин көтөрүү, ошондой эле коомдун ЖМКга ишенимин жана сый мамилесин сактоо максатында кабыл алынды.

 1. Журналист коомдун демократиялашуу процессине, Кыргызстандын көп улуттуу элинин ынтымагына, ошондой эле өлкөдөгү экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөргө көмөктөшүүгө тийиш.

 2.Сөз эркиндиги журналисттин ишмердигинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Кандай гана кырдаалда болбосун ар бир адамдын сөз, ой-пикир айтуу жана маалымат алуу эркиндигине укугун камсыз кылуу үчүн журналист сөз эркиндигин коргоого, маалыматты бурмалоо жана цензура киргизүү аракеттерине каршы турууга тийиш.

 3.Журналист жеке максатын көздөп кызмат абалынан кыянат пайдаланышына, материалдарды даярдаганы, маалыматты жашырганы же бурмалаганы үчүн белек, акча же башка сыйлыктарга ээ болушуна, өзгөчө сый менен тейленишине жол берилбейт.

 4.Журналисттин жеке кызыкчылыгы анын кесиптик ишмердигине таасирин тийгизбеши шарт. Журналист жеке жана өз үй-бүлөсүнүн кызыкчылыктары бар чөйрө тууралуу ЖМК жетекчилигин кабардар кылышы керек. Журналист өз кесибине жараша алган кандай гана маалыматты болбосун ал жарыяланганга чейин жеке пайдасын көздөп пайдаланбоого же кызыкдар тараптарга бербөөгө тийиш.

 5.Журналист кандайдыр бир партияда мүчө болуудан, саясий ишмердиктен, мамлекеттик кызматта жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштөөдөн оолак болгону абзел. Эгер андай иштерге аралаша турган болсо,  ал тууралуу өз окурмандарын, угармандарын жана көрүүчүлөрүн кабардар кылышы керек.

 6.Журналисттин жалпыга маалымдоо каражаттарын коомдун мүдөөсүнө, адамдын жана жарандын укуктарына каршы, согушту, зомбулукту, расалык, улуттук, жыныстык, региондук, диний, сексуалдык жана социалдык кастыкты пропагандалоо максатында пайдаланышына жол берилбейт.

 Материалдарды даярдоодо макаланын мазмунунан ажыратуу мүмкүн болбогондон тышкары башка учурларда журналист адамга (же адамдар тобуна) таандык белгилерди, ошондой эле тышкы кебете жана психикалык өзгөчөлүктөрүн көрсөтүүдөн оолак болгону абзел.

 7.Журналист жарнама материалдарды даярдабаганы же даярдоого катышпаганы абзел. Эгер журналист жарнама материалдарын даярдаса, анда алардын коммерциялык мүнөзү окурманга, угарманга жана көрүүчүгө ачык түшүнүктүү болушу үчүн жарнама материалдардын аналитикалык жана маалыматтык материалдардан тиешелүү рубрикация же кошумча белгилер (символдор), ариптер же башка ыкмалар менен даана бөлүнүп турушун камсыз кылышы кажет.

 8.Журналист кандай гана жагдайда болбосун, билип туруп жалган маалымат жарыялабашы керек. Эгер таратылган маалымат чындыкка коошпой турганы билинсе, журналист бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен оңдоого милдеттүү.

 9.Тартылган сүрөттөрдү жана аларга коюлган колдорду, тексттерди, баштемаларын (заголовков) редакциялоодо материалдарды бузуп бурмалоого жол берилбейт. Материалдын тексти, интершоокумдар, маектер анын видеоирээтине шайкеш келиши кажет.

 10.Фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл.

 11.Журналист өз ишинде ар бир адамдын жеке жана интим турмушуна сыпайы жана этият мамиле жасашы абзел. Материалдын каарманынын иш-аракеттери социалдык мааниге ээ болгондо же коомчулуктун кызыгуусун туудурганда гана анын жеке жана интим турмушуна кийлигишүүгө жол берилет. Мындай материалдарды жарыялоо алдында журналист үчүнчү тараптардын укуктарына доо кетпей тургандыгын текшериши керек.

 12.Балдарга байланышкан маселелерди чагылдырууга журналист бөтөнчө этият болушу шарт. Журналистте жана редактордо жашы жете электердин жеке жашоосун чагылдыруу үчүн жүйөөлүү негиз жана балдардын ата-энесинин, асырап алгандардын же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу болушу керек. Зомбулук окуяларга катышкан, мыйзамсыз аракеттерге байланышы бар балдардын аттарын (же аларды таанууга мүмкүндүк берген белгилерин) жарыялоого жол берилбейт.

 13.Сот процессин чагылдырууда айыпталып жаткандарга күн мурунтан жаман ниетти көздөө менен мамиле жасабоо керек. Соттун чечими чыкмайынча журналист адамды кылмышкер атай албайт. Материал даярдап жатканда журналист кылмыш боюнча шектелип жаткан адамдардын аты-жөнүн жана сүрөттөрүн жарыялоодон оолак болушу зарыл. Эгер айыпталгандар таанымал адамдар болсо, же өздөрү ачыкка чыкса, же мыйзам жол берген учурларда жарыяласа болот.

 14.Журналист кылмыштардын, кырсыктардын жана чукул кырдаалдардын курмандыгы болгон адамдардын, ошондой эле алардын жакындары менен туугандарынын ден соолугуна жана психологиялык абалына  залакасын тийгизе турган аракеттерине жол берилбейт.

 Материалдарды даярдоодо журналист кылмыштардын, кырсыктардын жана чукул кырдаалдардын курмандыгы болгон адамдардын, ошондой эле алардын жакындары менен туугандарынын аты-жөнүн жана сүрөтүн жарыялоодон оолак болгону кажет. Эгер алар таанымал адамдар болсо, же өздөрү ачыкка чыкса, анда жарыялоо мүмкүн.

 15.Террордук аракеттер жана террорго каршы операциялар учурунда адам өмүрүн сактоо жана адамдын жашоого укугу башка бардык укуктар менен эркиндиктерден артык экенин журналист түшүнүүгө тийиш. Террорчулар көп учурларда өз позициясын билдирүү, же башка жактагы өнөктөштөрүнө шарттуу белги берүү үчүн ЖМКны өз максаттарына пайдаланууга аракеттенерин журналист эстей жүргөнү абзел. Андыктан теракт маалында журналисттер укук коргоо органдары менен алдын ала кеңешмейинче өз демилгеси менен террорчулардан интервью албашы жана террорчулардын түз эфирге чыгуусуна шарт түзбөшү керек.

 Террордук аракеттерди жана террорго каршы операцияларды чагылдырууда журналист адам өмүрүн сактоо менен алектенген адистердин иш-аракеттерин майдалап сүрөттөөдөн жана окуя болуп жаткан жерди же анын катышуучуларын ийне-жибине чейин көрсөтүп баяндоодон алыс болгону абзел.

 16.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн учурлардан тышкары журналист өз маалымат булактарын жашырууга акылуу.

 17.Каршылаш тараптардын, анын ичинде журналисттин сынына кабылган адамдардын пикирлеринин тең салмакта берилиши шарт.

 18.Социалдык иликтөөлөрдүн мазмунун бурмалагыдай тандалма цитаталарды пайдаланууга жол берилбейт. Журналисттик сурамжылоолор да кайсы бир  натыйжага жетүүнү көздөп бурмаланбоого тийиш. Журналист өз материалынын каармандарына, тигил же бул көрүнүштөргө жана окуяларга терс же оң пикирин билдирген купуя эксперттердин сөздөрүн колдонуудан баш тартканы абзел.

 19.Журналист маалыматты, документтерди, фотосүрөттөрдү, аудио жана видеоматериалдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде гана алууга  аракеттениши кажет. Башка ыкмалар аркылуу алынган маалымат коомчулук үчүн зор мааниге ээ болгондо гана өзүн акташы мүмкүн.

 20.Журналистти анын жеке ишенимине же калыс журналистиканын принциптерине кайчы келген тапшырмаларды аткарууга жана жазууга милдеттендирүүгө болбойт.

 21.Журналисттин плагиаттык кылууга акысы жок. Бирөөнүн жазма же оозеки материалдарын колдонгондо сөзсүз түрдө алынган булакка шилтеме жасоо керек.

 22.Журналист ЖМК аркылуу жеке өчүн албоого тийиш.

 23.Журналист өз кесиптештерине залака келтирбей, алардын абийирин жана ар-намысын урматташы абзел. Кесиптик тилектештик алкагында журналист кесибинин, чынчыл атаандаштыктын, сөз жана маалымат эркиндигинин кызыкчылыгы үчүн күч үрөөгө тийиш.