Жарыялар

«Журналисттик иликтөө: идея издөө, булактар менен иштөө жана фактыларды текшерүүдөн тарта жайылтууга чейин» тренингине катышууга сынак жарыяланды

«Журналисттик иликтөөлөр» коомдук фонду «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «КРда иликтөө журналистикасын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Ош шаарында өтө турган «Журналисттик иликтөө: идея издөө, булактар менен иштөө жана фактыларды текшерүүдөн тарта жайылтууга чейин» аталышындагы 3 күндүк тренинге катышуу үчүн журналисттер, блогерлер жана жарандык активисттер арасында сынак жарыялайт. Толугу менен

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасы жөнүндө мыкты материалга журналисттер арасындагы сынак

КР Юстиция министрлигине караштуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды (МКЮЖ) координациялоо боюнча борбору БУУӨПтүн жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “КРде укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун колдоосунда Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасы жөнүндө мыкты материалга журналисттер арасындагы конкурс жарыялайт. Толугу менен

«Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен» аталыштагы республикалык карикатуралар сынагы

3-май Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата “Журналисттер” коомдук бирикмеси жана “Сорос-Кыргызстан” фондусу «Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен» аталыштагы республикалык карикатуралар сынагын жарыялайт. Толугу менен

Массалык маалымат каражаттарынын арасында өткөн “Мугалим кесиби” сынагы 31-мартка чейин узартылды

КР Билим берүү жана илим министрлиги массалык маалымат каражаттарынын арасында өткөн “Мугалим кесиби” сынагы 2019-жылдын 31-мартына чейин узартылганын маалымдайт. Толугу менен

“Журналисттер” КБга ыктыярчылар керек
ОО “Журналисты” нужны волонтеры

“Журналисттер” коомдук бирикмесине кыргызча жана орусча эркин сүйлөп жаза алган, журналисттик өнөрүн өркүндөтүүнү, сайтка материал жазып, жайгаштырганды, коомдук тармактарда иштегенди үйрөнүүнү каалаган жаш ыктыярчылар керек.

Кызыккандар болсо резюмесин бул дарекке жөнөтүңүздөр: journalist.kg@gmail.com

Журналисттик иликтөөлөр фонду журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн чакан гранттарды алууга сынак жарыялайт

Журналисттик иликтөөлөр менен алектенген журналисттер, медиа тармагында иш алып барган уюмдар, фрилансерлер, жарандык активисттер, блоггерлер, студенттер жана дагы башка кызыкдар адамдар Журналисттик иликтөөлөр фондунан чакан грант алууга өтүнмө бере алышат. Толугу менен

Адам укуктары жаатындагы мыкты журналисттик иликтөө үчүн улуттук сынак

Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү Европа Шериктештиги жана Европа Биримдигинин каржылык колдоосу астында «Демократиялык реформаларды алгалатуу үчүн, журналисттик иликтөө тажрыйбасын калыптандыруу: укук коргоо уюмдарынын мамлекеттик институттардын жана ММК өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты жөнгө салуу» долбоорунун алкагында адам укуктары жаатындагы мыкты журналисттик иликтөө үчүн улуттук сынак жарыялайт. Толугу менен

Улуттук банк «Үйрөнгүлө. Акча топтогула. Иштеп акча тапкыла» темасын эң мыкты чагылдыруу боюнча ЖМК арасында сынак жарыялайт

Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы журналисттер арасында «Үйрөнгүлө. Акча топтогула. Иштеп акча тапкыла» темасын эң мыкты чагылдыруу боюнча республикалык сынак өткөрөт. Толугу менен

«Журналисттер» коомдук бирикмеси кесиптештерди 3-майда “Журналисттер аллеясында” көчөттөрдү отургузууга чакырат

Урматтуу журналисттер, 3-майда белгиленүүчү Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүндө “Журналисттердин аллеясында” көчөттөрдү отургузууга чакырабыз. Толугу менен