Жанылыктар

“Ачык Саясат плюс” гезити Жогорку Кеңештин депутатына моралдык компенсация катары 300 миң сом төлөп берүүсү керек

Бишкек шаардык Октябрь райондук сотунун 24-майдагы чечимине ылайык, “Ачык саясат плюс” гезити Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевге моралдык компенсация катары 300 миң сом төлөп берүүсү керек. Толугу менен

«Журналисттик иликтөө: идея издөө, булактар менен иштөө жана фактыларды текшерүүдөн тарта жайылтууга чейин» тренингине катышууга сынак жарыяланды

«Журналисттик иликтөөлөр» коомдук фонду «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «КРда иликтөө журналистикасын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Ош шаарында өтө турган «Журналисттик иликтөө: идея издөө, булактар менен иштөө жана фактыларды текшерүүдөн тарта жайылтууга чейин» аталышындагы 3 күндүк тренинге катышуу үчүн журналисттер, блогерлер жана жарандык активисттер арасында сынак жарыялайт. Толугу менен

24-майда “Ачык саясат плюс” гезитине каршы доо арыз боюнча кезектеги соттук жыйын болот

24-майда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда КР ЖК депутаты Кожобек Рыспаевдин “Ачык саясат плюс” гезитине доо арызы боюнча кезектеги соттук жыйын болот. Депутат соттон анын ар-намысын жана кадыр-баркын, ошондой эле ишкердик беделин коргоп берүүсүн өтүнгөн. Толугу менен

Журналистке карата доо арыз кароосуз калтырылды

20-майда Ош шаардык соту ишкер Жалил Атамбаевдин журналист Ыдырыс Исаковго жана ишкерлер Мирлан Маматов жана Марат Сайбидиновго карата доо арызын кароосуз калтырды. Соттук отурумга жоопкер тараптын жактоочулары гана катышты, доогер тараптан эч ким катышкан жок. Толугу менен

Журналисттерди Кыргызстан профсоюздар федерациясынын Кеңешинин жыйынынына киргизбей коюшту

Жогорку Кеңештин “Кесиптик уюмдар тууралуу” мыйзам долбоору талкуулана турган Кыргызстан профсоюздар федерациясынын (КПФ) Кеңешинин жыйынына журналисттерди киргизбей коюшкан. Толугу менен

Ошто эки журналист сабалды

13-майда «Азаттык» радиосунун журналисти Ыдырыс Исаков жана «Нур» телеканалынын журналисти Даткабек Шабданбековге кол салуу болду. Журналисттердин бети-колдору сыйрылып, колдору кайрылган. Толугу менен

КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу жаңы өкүлү журналисттерге маалымат алуу жеңилдейт деп убада берди

Чек арадагы чырлар жана чек арага байланышкан маселерде облустук бийликтен маалымат алуу оор болуп келген. Мындай пикирин 7-каналдын Баткен облусундагы кабарчысы Нургазы Жайнаков билдирди. Анын айтымында, Чек арадагы чырлар учурунда расмий маалымат жоктугу, облустук бийлик учурдагы абал тууралуу комментарий бербегендиги журналисттер үчүн өз милдетин аткарууга чоң жолтоо болуп келет. Толугу менен

Аида Касымалиева парламентти Атамбаевдин ишин аягына чыгарууга чакырды

Жалил Атамбаевге байланыштуу териштирүү аягына чыгышы керек. Мындай пикирин бүгүн 8-майда парламенттин жалпы жыйынында Жогорку Кеңештин вице-спикери, КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева билдирди. Толугу менен