Жанылыктар

Kyrgyztoday сайтынын башкы редактору Бегалы Наргозуев: “Биздин сайттагы макала боюнча төгүндөө бербейбиз, экс-спикер Келдибеков менен соттошууга даярбыз”

Биринчи май райондук сотунда экс-спикер Келдибековдун Kyrgyztoday сайтына болгон доо арызы каралууда. Экс-аткаминер басылмадан 1 млн сом талап кылууда. Толугу менен

Вице-премьер министр Разаковдун “Азия Ньюс” гезитине болгон доо арызы боюнча соттук кароонун күнү аныктала элек

“Азия Ньюс” гезитине карата доо арызын жөнөткөн вице-премьер министр Жеңиш Разаковдун иши Бишкек шаарындагы Октбярь райондук сотунда каралмакчы. Ал иш качан каралаары азырынча тактала элек. Бул туурасында “Журналисттер” КБга КР Өкмөтүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.  Толугу менен

Маданият министрлиги жалган маалыматтар менен күрөшүү резолюциясын кабыл алууна сунуштайт

Маданият, маалымат жана туризм минстрлиги жалган жаңылыктар менен күрөшүү резолюциясын кабыл алууну сунуштайт. Мындай чечим жарандарды жалган жаңылыктардын таасиринен коргоо темасында өткөн жыйында каралганын “Азаттык” радиосу кабарлаган. Иш-чарага мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтары менен, ЖМКлардын жетекчилери, журналисттери жана медиа уюмдардын өкүлдөрү катышышкан. Толугу менен

Бишкек шаардык сот Kaktus.media сайтына чыккан макалага тыюу салган жок

Соттук териштирүү жүрүп жаткан маалда редакциянын сайтына жарыяланган бир нече макалалар алынып салынсын деген Биринчи май райондук сотунун чечимин 27-августта шаардык сот жокко чыгарды. Толугу менен

Мурдагы акыйкатчы, экс-президентке болгон доо арызын чакыртып алат, бирок “Апрель” телеканалына болгон доо арызы ошол бойдон калмакчы

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун мурдагы президентке болгон 100 миң сомдук доону өндүрүүнү өтүнгөн доо арызын чакыртып алмай болду. Ал эми “Апрель” телеканалына болгон арызы ошол бойдон калмкчы. Толугу менен

Ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укугун чагылдыруу боюнча журналисттер үчүн Ош шаарындагы эки күндүк окутууга билдирмелерди кабыл алуу узартылды

АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (USAIDдин) көмөгү менен Кыргыз Республикасындагы Шайлоо Системаларынын Эл аралык Фондунун (IFES) Өкүлчүлүгү КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана «Журналисттер» коомдук бирикмеси менен биргеликте ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укугунун турмушка ашырылышын чагылдыруу боюнча журналисттер үчүн Ош шаарындагы эки күндүк окутууга билдирмедерди кабыл алуу узартылды. Толугу менен