Жанылыктар

Мурдагы акыйкатчы, экс-президентке болгон доо арызын чакыртып алат, бирок “Апрель” телеканалына болгон доо арызы ошол бойдон калмакчы

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун мурдагы президентке болгон 100 миң сомдук доону өндүрүүнү өтүнгөн доо арызын чакыртып алмай болду. Ал эми “Апрель” телеканалына болгон арызы ошол бойдон калмкчы. Толугу менен

Ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укугун чагылдыруу боюнча журналисттер үчүн Ош шаарындагы эки күндүк окутууга билдирмелерди кабыл алуу узартылды

АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (USAIDдин) көмөгү менен Кыргыз Республикасындагы Шайлоо Системаларынын Эл аралык Фондунун (IFES) Өкүлчүлүгү КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана «Журналисттер» коомдук бирикмеси менен биргеликте ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укугунун турмушка ашырылышын чагылдыруу боюнча журналисттер үчүн Ош шаарындагы эки күндүк окутууга билдирмедерди кабыл алуу узартылды. Толугу менен

7-августта болгон окуядан эки журналист жабыркады

Бишкекке жакын жайгашкан “Кой-Таш” айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча күч структураларынын атайын операциясы учурунда “24.kg” маалымат агенттигинин журналисти жабыркаган. Окуя маалында анын бутуна желим ок жаңылган. “Ал өзүн жакшы сезүүдө жана өмүрүнө коркунуч жок” деп билдирген маалымат агенттиги. Толугу менен

Иликтөө долбоорлорун ишке ашыруу боюнча чакан гранттардын кезектеги конкурсунун 3-этабы жарыяланды

“Журналисттик иликтөө фонду” КФ “Сорос-Кыргызстан” Фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “КРдеги журналисттик иликтөөнү өнүктүрүү” долбоорунун алкагында иликтөө долбоорлорун ишке ашыруу боюнча чакан гранттардын кезектеги конкурсунун 3-этабын жарыялайт. Толугу менен

“Клооптун” операторуна байланыштуу окуя боюнча ИИМ ички иликтөө жүргүзөт

“Клооптун” журналисти менен эки бейтааныш ортосундагы түшүнбөстүктөр боюнча окуяны мекеме ичинде тергөө амалдарын ИИМ окуя болгон күндүн эртеси 2-августта баштады. Бул тууралу маалыматты “Клооптун” редакциясы билдирди. Толугу менен

“Айкөл Ала-Тоо” NewTV жана Nur TV телеканалдарын жабууну талап кылууда

Апрель окуясында каза болгондордун туугандары Курманбек Бакиев жөнүндөгү фильмди көрсөткөндүгү үчүн NewTV жана Nur TV телеканалдарын жабууну, ал эми ЖМКлардын жетекчилерин жоопкерчиликке тартууну талап кылышууда. Толугу менен

Сот “Азия Ньюс” гезитинин макаласын лингвистикалык эскпертизадан өткөрүүнү дайындады

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин “Азия Ньюс” гезитине карата берген доо арызы боюнча сот лингвистикалык экспертиза жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алды. Мындай чечим 2019-жылдын 1-августунда Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунда өткөн жыйында кабыл алынды. Жыйындын жүрүшүндө гезиттин өкүлү Аскар Медетов макаланын маңызына лингвистикалык экспертиза жүрүгүзүү керек деген өтүнүч менен кайрылган. Сот ал өтүнүчтү канаттандырды. Толугу менен