Жанылыктар

Милиция “ПолитКлиника” сайтынын кеңсесине кирген кылмышкерлерди табышкан жок

“ПолитКлиника” интернет-басылмасынын жетекчиси милицияга редакциянын кеңсесине каракчылык кылынгандыгы тууралуу видеодалилдерди тапшырды. Бирок, журналисттердин айтымында, күч түзүмүнүн өкүлдөрү болуп өткөн окуяга көңүл кош мамиле кылышууда. Толугу менен

Нарын журналисттеринин маалымат алуудагы маселелери

Нарын областында өзгөчө абал эмес, өзгөчө кырдаал жарыялангандыгына карабастан жарандардын кыймылдарына катуу чектөөлөр киргизилүүдө. Натыйжада жергиликтүү кабарчылардын жана журналисттердин маалымат алуудагы мүмкүнчүлүктөрү чектелүүдө. Толугу менен

Жалал-Абад: Маалыматка жетүү кыйындады

Өзгөчө абал киргизилип, коменданттык саат тартибинде жашап жаткан Жалал-Абаддык журналисттер белгилүү себептер менен маалыматка жетүү жана коомго жеткиликтүү маалымат жеткирүү кыйындап калганын айтышат. Ошол эле кезде көз каранды эмес журналисттер аккредитация берилбегендиктен айрым маселелер боюнча маалымат алууга мүмкүн болбой жатканына нааразы. Толугу менен

Ысык-Көл областындагы көз карандысыз кабарчылардын маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгү чектелүүдө

Ысык-Көл областындагы көз карандысыз журналисттер Өзгөчө абал маалында аралыктан иштөөгө өтүштү. Көпчүлүгү айылдарына кетип, үйлөрүнөн иштешүүдө. Айрымдары республикалык штабдын тараткан маалыматтарына таянса, кээ бирлери телефон аркылуу тактап маалымат алышууда. Жерине барып маалымат алуу сейрек кездешет. COVID-19 дартына каршы күрөшүүгө бөлүнүп жаткан каржы булактарына байланыштуу так маалыматтарды алуу кыйынга туруп жатканын байкоого мүмкүн. Өзгөчө көз карандысыз журналисттер кыйналышууда. Толугу менен

Медиа Полиси Институту: ЖМКда бейтаптын ден соолугу тууралуу жана ага тийиштүү жеке маалыматтарды жарыялаганга болобу?

1-апрелде парламенттеги жыйында депутат Махабат Мавлянова коронавирусту жуктурган адамдардын аты-жөнүн жана дарегин ачыктоо тууралуу сунушун айтты. Депутаттын пикиринде, бул маалыматтар вирусту жуктурган адамдар менен байланышта болгондорго коронавирусту жуктурганын же жуктурбаганын аныкташ үчүн анализ тапшыруу аракеттерин көрүүгө жардам бермекчи. Толугу менен

“Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аталыштагы Экинчи республикалык карикатуралар сынагынын мөөнөтү узартылды

“Журналисттер” коомдук бирикмеси жана “Сорос-Кыргызстан” фондусу коронавируска байланыштуу Кыргызстанда жарыяланган өзгөчө абалды эске алып, 3-май Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө арналган «Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен» аталыштагы Экинчи республикалык карикатуралар сынагынын мөөнөтүн узартышты. Толугу менен

Бишкек шаарынын коменданты ЖМКларды аккредитациялоодон баш тартты. Медиа коомчулугу өлкө башчысына кайрылууга аргасыз болду

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев 30-мартта өзгөчө абал маалында шаар ичинде жүрүүгө кепилдик боло турган аккредитация журналисттерге берилбейт тургандыгын билдирди. Толугу менен

Ош областындагы көпчүлүк ЖМКлар онлайн иштеп жатышат

Коронавирус илдетине байланыштуу Ош областындагы айрым ЖМКларда кызматкерлер онлайн иштөөгө өтүштү, көпчүлүгү карантинде. Журналисттер маалымат борбору менен тыгыз иштеп, калкты маалымат менен камсыздоо аракетинде. Толугу менен

Медиа Полиси Институту журналисттердин Өзгөчө абал учурундагы жоопкерчилиги, маалыматка жетүүсү жана ишмердүүлүгүндөгү чектөөлөр тууралуу

КР Жазык Кодексинин, КР “Жоруктар жөнүндө Кодексинин”, КР “Бузуулар жөнүндө Кодексинин” беренелери каралды. Өзгөчө абал учурунда чындыкка жатпаган маалыматтарды таркаткандыгы үчүн жоопкерчилик эч биринде кезикпейт. Толугу менен

Нарында журналисттин доосу областтык сотто үчүнчү жолу жылдырылды

2020-жылдын 26-мартында Нарын областтык соттун курамынын ачык соттук олтуруму болуп, анда доогер – Нарын областтык мамлекеттик телерадио компаниясынын мурунку башкы редактору Нурзат Эсенканованын апелляциялык даттануусу каралды. Толугу менен