Жанылыктар

“Жашыл экономиканы” илгерилетүү үчүн журналисттерге сынак жарыяланды
zhashyil-ekonomika-11

Экономика министрлиги өлкөдөгү “жашыл экономиканы” чагылдыруу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын арасында сынак жарыялады. Бул тууралуу экономика министри Арзыбек Кожошев бүгүн, 25-июлда брифингде билдирди.

Министр билдиргендей, учурда экологиялык көйгөйлөр глобалдык деңгээлге чыкты. Ал эми “жашыл экономика” концепциясы  климаттык, экологиялык, азык-түлүк, каржылык жана экономикалык көптөгөн кризистерге кабылуудан улам алдыңкы орунга чыгууда.

Арзыбек Кожошевдун айтымында, Кыргызстан башка 196 мамлекет менен бирге дүйнөлүк температуранын деңгээлин 1,5°С жогорулашына жол бербөө максатындагы Париж климаттык макулдашуусуна кол койгон. Ал эми дүйнөлүк экономикада “жашыл экономиканын” үлүшү анча чоң эмес болсо дагы тез өнүгүп бара жаткан тармак катары таанылууда.

Андыктан сынактын максаты “жашыл экономиканы” илгерилетүү, жарандар менен ишкерлер арасында “жашыл экономика” тууралуу түшүнүгүн кеңейтүү болуп саналат. Сынакка журналисттер жана блогерлер 4 багыт боюнча катыша алышат. Ал эми даярдалган материалдар 24-июлдан 17-ноябрга чейин жарыяланышы керек.

http://maralfm.kg/archives/237955

Дума интернетти чектеген мыйзамды жактырды
f62d17f1-df47-4831-bd3c-a8f8cd5f00ad_w1023_r1_s

Орусиянын Мамлекеттик Думасы интернеттеги прокси кызматтарын колдонууга тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды. 21-июлда үчүнчү окуудан өткөн мыйзам анонимдүү иштеген мобилдик кыска билдирүүлөрдү алмашуу кызматтарына да бөгөт коет. Толугу менен

HRW: Орусияда интернет эркиндиги чектелүүдө
f62d17f1-df47-4831-bd3c-a8f8cd5f00ad_w1023_r1_s

“Хьюман Райтс Уотч” эл аралык укук коргоо уюму Орусияда интернет эркиндиги чектелип жатканын билдирди. Уюм 18-июлда “Орусиядагы ой-пикир билдирүү эркиндигине чабуул” аталышындагы жаңы баяндамасын жарыялады. Толугу менен

ЕККУ Жалал-Абаддагы маалымат борборуна жабдууларды тапшырды
intelektualdyik-menchik-768x562

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Маалымат борборуна мурда ушул уюмдун Жалал-Абад кеңсесинде пайдаланылып келген бир катар жабдууларын белек катары тапшырды. Толугу менен

Шереметтин өлүмүн иликтөө тобуна эл аралык адисти тартуу сунушталды
9f815680-bed1-413c-bceb-df55213722e3_cx0_cy1_cw0_w1023_r1_s

Украинанын президенти Петро Порошенко журналист Павел Шереметтин өлүмүн иликтеген топко эл аралык иликтөөчүнү тартууну сунуштады. Муну менен президент бир жылдан бери иликтенип, жыйынтык чыкпай жаткан тергөө иштеринде жылыш болобу деп ниеттенет. Толугу менен

Шайлоо-2017: Аккредитациядан өткөн ЖМКлар жана интернет-басылмалар
81820w660h490croplr

2017-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентиншайлоо алдындагы үгүткө катышууга аккредитациядан өткөн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмаларынын тизмеси: Толугу менен

КТРКнын Башкы директору президенттикке талапкерлерден келип жаткан коркутууларга арызданды
ilim-karypbekov-3

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) жетекчиси Илим Карыпбеков өзүн-өзү президенттике көрсөтүп жаткан талапкерлерден коркутуулар келип жатканын билдирди. Бирок ал так ысымдарды атаган жок. Толугу менен

​​​​​​​КР БШК аккредитациянын жыйынтыгын чыгарды: 258 ЖМК жана интернет-басылма аккредитациядан өттү
81820w660h490croplr

2017-жылдын 7-июлунда КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катыша турган жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрүү ишинин жыйынтыгын чыгарды. Толугу менен