Сөз эркиндиги

FH: дүйнөдө сөз эркиндигинин абалы начар
a9245633-62ab-481a-a02b-0bac3c36d305_w1023_r1_s

Дүйнөдөгү демократиянын абалына байкоо салган “Фридом Хаус” эл аралык уюму Жер шарындагы элдин 13 проценти гана маалымат каражаттары эркин өлкөлөрдө жашайт деген жыйынтыкка келди. Медиа жана журналисттерге кысым айрым демократиялык өлкөлөрдө да байкалып жатканы айтылат уюмдун жылдык докладында.

Эл аралык уюмдун жылдык докладында дүйнөнүн 199 өлкөсүндөгү абалга сереп жасалган. Авторлор басма сөз эркиндиги 13 жыл ичинде эң төмөн деңгээлге түшүп кеткен деген тыянакка келишти. Ушу тапта дүйнөдөгү калктын 13 проценти гана пресса эркин мамлекеттерде жашайт.

Толугу менен

ММКда жек көрүү маанайы күч алды
5BD9D403-3DA1-43AA-9857-88B4392B5AC7_w640_r1_s

“Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектеби” уюмунун изилдөөсүнө караганда, өткөн жылы Кыргызстандагы маалымат каражаттарында ксенофобия, исламофобия жана гомофобия сыяктуу көрүнүштөр көбүрөөк байкалган. Толугу менен

Кантип ЖМКдагы жана Интернеттеги айткандар үчүн жапа чекпесе болот
school

2016-жылдын 4-февралында “Сова” (Россия) маалыматтык-аналитикалык борбордун директору, эксперт Александр Верховскойдун “Сөз эркиндиги: кантип ЖМКдагы жана Интернеттеги айткандар үчүн жапа чекпесе жана антиэкстремисттик мыйзамды бузбаса болот. Кыргызстандагы чындык жана Россиядагы практика” деген аталыштагы интерактивдүү лекция өткөрдү. Толугу менен

Журналист Орунбеков президентти сотко берди
B28C300A-FDA0-4900-BEE9-47E628ABCBC3_w640_r1_cx12_cy9_cw85_s

Журналист Дайыр Орунбеков президент Алмазбек Атамбаевди жана Президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязовду сотко берди. Арыз бүгүн Бишкектеги Биринчи Май райондук сотуна тапшырылды. Бул тууралуу журналист өзү “Азаттыкка” кабарлады. Толугу менен

Быйыл 60тан ашуун журналист иш учурунда ажалга кабылды

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан эл аралык “Чек арасыз репортерлор” уюму бүгүн 2015-жылдын жыйынтыгын чыгарган иликтөөсүн жарыялады. Анда быйыл өз милдетин аткарып жүргөн учурда өлтүрүлгөн журналисттер 67ге жеткени айтылат. Толугу менен

Итибаевди кармоо операциясында журналист сабалды
maksat

Абактан качып, 22-октябрда атып өлтүрүлгөн Алтынбек Итибаевди кармоо учурунда “Супер инфо” гезитинин кабарчысы Максат Орозумбетовду белгисиз кишилер сабап, видеокамерасын алып кетишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган басылмадан кабарлашты. Толугу менен