Аналитика

Эмне кылуу керек? Журналисттердин коопсуздугу боюнча

Бүгүн журналисттердин коопсуздук маселеси боюнча ИМП уюштурган тегерек стол болуп өттү. Бул иш-чаранын өзгөчөлүгү — ага дээрлик бардык укук коргоо органдарынын “чечим кабыл алуучу” деңгээлиндеги өкүлдөрүнүн катышкандыгы болду. Буга уюштуруу иштерине Президенттик администрациянын жана өкмөт аппаратынын катышкандыгы себеп болду окшойт. Толугу менен

Журналисттин мекенчилдиги тилиндеби?

Эртең Кыргызстан «басмачыларынын» кесиптик майрамы. Калем сыясы окшош болгону менен жазган тилине байланыштуу кесиптештерибиз айрым учурларда бөлүнмөйү бар. Орус тилдүү журналисттер тарабынан кыргыз өнөктөштөрүнүн кесипкөйлүгүнө сын айтылса, экинчи жак «мекенчил эмес, улуттук, мамлекеттик кызыкчылыкты коргошпойт», – деп айыпташат. Кээ бир байкоочулар муну жалпы өлкө журтчулугундагы тил маселесиндеги түшүнбөстүктөн улам жаралган тирешүү уландысы катары баалашат. Толугу менен

“Медиа-Консалт”: “ЖМКлардын көбү кесиптик этикалык стандарттарды бузуп жатат”

“Талдоонун жыйынтыгы журналистиканын базалык принциптери, сапаттык жана этикалык кесиптик стандарттары көпчүлүк ММКларда бузулуп жатканын көрсөттү: Чындык жана объективдүүлүк принциптеринин бузулушу, тең салмак маалыматтын жоктугу, жалган маалымат жайылтуу, саясий жагынуу, жан тартуу, коомдук мааниси жок учурларда жеке турмуштун сырларын жана кол тийбестигин бузуу, плагиат сыяктуу кемчиликтер кездешүүдө”. Толугу менен

Кодекс этики журналиста принят в Казахстане

“Кодекс считается принятым. Я всех поздравляю. …Я считаю, что кодекс этики журналиста – это такой морально-нравственный ориентир”, – сказал председатель союза журналистов РК Сейтказы Матаев на совместном заседании правления союза журналистов и клуба главных редакторов во вторник (30 октября 2012 года). Толугу менен

Интерньюс-Казахстан: комментарий к проекту Кодекса этики журналистов РК

В августе 2012 года обнародован проект Кодекса этики журналистов Республики Казахстан. О необходимости скорейшего принятия Кодекса этики журналистов говорил в своем недавнем выступлении глава государства, мотивируя это тем, что «сфера СМИ должна работать на основе четких стандартов национального Кодекса журналистской этики, а также юридических норм, ограждающих потребителя от искаженной и недостоверной информации». Толугу менен

Этика – бул жөн гана айтылган сөз эмес

Жашоодо эч нерсе жөндөн жөн эле, кокустан боло бербейт. Буга канча жолу өз жашообузда күбө болдук. Мына бүгүн да кыргыз гезиттерин карап чыгып жатып, аты баарыбызга таанымал болгон гезитибиздин бири этикалык норманы одоно түрдө бузган фактыны көрүп алып кейип кеттим. Толугу менен

Чөнтөкчүлөр менен “кызыл шапкечендердин” чөнтөгү чогуубу?

Бишкектеги коомдук жайларда, транспорттордо, эл көп жүргөн чоң базарларда чөнтөкчү шылуундардын азабын тартып, документин же акчасын алдырган элдин саны арбын. Өзгөчө базарларда көз көрүнөө колунан алдырып же кантип уурдатканын билбей калгандар мындан көп. Сөзүбүз куру болбосун үчүн Ош базарындагы чөнтөкчүлөр, аларды көзөмөлгө алган “кызыл шапкечендер” тууралуу журналисттик иликтөө жүргүздүк. Толугу менен

Кыргыз журналистикасынын дыйканы

Журналист жана жазуучу Бекбай Алыкулов 1937-жылы 15-сентябрда Фрунзе облусундагы Калинин районунун (азыркы Жайыл району) Сары-Булак айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. А.С.Пушкин атындагы Сары-Булак орто мектебин аяктагандан кийин үч жылы Ленин атындагы колхоздо ириде чарбанын ар кандай жумуштарында, соңку мезгилде чабандык кесипти аркалаган. Толугу менен