Аналитика

КТРКнын сабалган журналисттери соттук ишти аягына чыгаруу ниетинде

7-январда ур-токмокко алынган Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) журналисттери Ширин Асанакунова жана Бурулай Пусурманкулова учурда дарыланууда. Дарыгерлер аларга бул дарылоо мөөнөтүн дагы улантууну сунушташты. Толугу менен

Каркыранын акыркы сапары

Январдын аяздуу суугу журналисттер журтчулугуна суук кабарды алып келди. 2-январь күнү туулган жери Токтогулга бара жаткан жеринен кесиптешибиз, талантуу акын, журналист Айзада Абазова жол кырсыгына кабылып, көз жумду. Толугу менен

“Новый репортер.org” сайтындагы пайдалуу китептер

“Новый репортер.org” сайтын кыдырып жүрүп бир катар пайдалуу китептерди таап алдым. Көбүн өзүбүздүн сайтка да чыгаргым келди. Бирок биз негизинен Кыргызстанда басылып чыгарылган китептерге басым кылганыбызданбирөөсүн гана койдум. Толугу менен

Марат Токоев: “ДЕМ” сайтынан бир эле мезгилде кырктан ашуун гезит, сайттардын материалдарын окуса болот

Жакында Кыргызстандагы интернет айдыңында дагы бир “ДЕМ” атуу сайт пайда болду. Ал – Кыргызстандын жашоо деми деп чечмеленет экен. Кызыгы, бул жерден 40тан ашуун басылмалардын жана интернет-сайттардын макалалары менен таанышууга болот. “ДЕМди” ача келсек, алыскы Кадамжай, Ат-Башынын райондук гезиттеринин материалдары жүрөт. Бул сайт туурасында айтып берүүсүн өтүнүп, анын демилгечиси жана редактору “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоевге бир нече суроолорду узаттык. Толугу менен

“Неправильные” дети или как не сработало правило

В Оше 15-16 декабря проводил тренинг для юных корреспондентов школьной газеты “Данек”. Точнее, это было не тренинг, а знакомство со школьниками, пожелавшими стать юнкорами. И ведение их в журналистику. Журналистские же премудрости они должны будут осваивать при выпуске газеты “Данек”. Благо, им будут помогать в этом деле опытные журналисты: Бекполот Ибраимов, Жыпар Акунова и Музаффар Турсунов. Толугу менен

Бакыт Орунбеков, Кыргыз Туусу гезитинин башкы редактору: «Журналист мамлекеттин бүтүндүгү үчүн жоопкерчилигин сезиш керек»

– Бакыт мырза, «Ак кеме» мейманканасында өткөн журналисттердин жыйынында сиз «журналисттер Кыргыз мамлекетин бөлүп-жарып талкалап жатышат» деп айтыптырсыз.  Сиз бул сөздү кандай мааниде айтканыңызды билсек болобу? Бул сөздү сизге Ак үй тарап айттырып жатат деген журналисттердин пикирине кандай карайсыз? Толугу менен

Бийлик жана журналисттер

Үстүбүздөгү жылдын 8-декабры — ишемби күнү Бишкек шаарындагы “Ак кеме” мейманканасында “Жалпыга маалымдоо каражаттары: эркиндик жана жоопкерчилик” деген темада басма жана электрондук маалымат каражаттарында эмгектенген журналисттердин республикалык конференциясы болуп өттү. Конференциянын ниети жана максаты, андагы көтөрүлгөн маселелер учурдун талабына төп келип, журналист журтчулугу баягы эле “демократия, сөз эркиндиги, сөз жоопкерчилиги, атаандаштык” сыяктуу жыдып бүткөн темалардын тегерегинде буктарын дагы бир жолу чыгарып алышты. Толугу менен