Аналитика

Элдик жаңылыктар

Интернеттин өнүгүшү менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) иш алып баруусу да кескин өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Бул сайт баракчаларында элдик жаңылыктарга да орун бере башталганынан байкасак болот. Толугу менен

Түркиянын жалпыга маалымдоо каражаттарынын эмнесин өзүбүзгө алсак болот?

Түркия өкмөтүнүн Басма сөз жана маалымат боюнча башкы башкармалыгы тарабынан уюштурулган TÜMEP (Түркия медиа билим берүү программасы) программасы боюнча Түркияга барып, ал жактагы ЖМКлар менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Толугу менен

“Журналисттер” коомдук бирикмеси медиа изилдөөнүн жыйынтыктары тууралуу айтып берди

22-октябрда “Кабар” маалымат агенттигинде “Журналисттер” коомдук бирикмеси даниялык International Media Support (IMS) уюмунун колдоосунда жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын медиа тармагына чакан изилдөөнүн жыйынтыктары тууралуу айтып берип, КР ЖМКлар Каталогун сунуштады. Толугу менен

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өнүкпөй жатышына журналисттер күнөөлүү

Жакында Кыргызстандагы орус жана кыргыз тилдүү басылмалардын өнүгүүсү жана алардын ортосундагы айырмачылыгы тууралуу тегерек стол өтүп, ага Орусия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү, Кыргыз-Орус-Славян университетинин эл аралык журналистика кафедрасынын жана Бишкектеги ЖОЖдордун журналистика факультетинин окутуучулары катышты. Чындыгында, кыргыз жана орус тилдүү басылмалардын арасындагы көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн мындай тегерек стол буга чейин да болуп келген экен. Толугу менен

Монголияда мамлекеттик маалымат каражаттары жок

Жайында көгүлтүр Ысык-Көлдүн боюнда «Журналисттер» коомдук бирикмеси «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу менен «Кыргыз Республикасы жана Монголиянын медиасы 1990-жылдардан кийин: кыйынчылыктар, ийгиликтер жана перспективалар» аттуу тегерек столду уюштуруп, ага көрүнүктүү кыргыз жана монгол медиа өкүлдөрү катышышты. Эки күн бою ар кайсыл маселелер талкууланып, өз ара маалымат жана тажрыйба алмашуулар болду. Эки тараптын тең медиа өкүлдөрү бул жолугушуунун маанисин жогору баалашты. Толугу менен

Султан Жумагулов: Азаттык азап менен келет

“Азаттык” радиосунун 60 жылдык мааракеси белгиленди. Майрамга аралаш “Азияньюс-пресстин” кабарчысы Назима Жумаева “Азаттык Медиа” мекемесинин директору Султан Жумагуловго бир катар суроолор менен кайрылды. Толугу менен

Убакыттын тез өткөнүн карачы…

Кечээ эле мектеп окуучулары үчүн чыга турган гезиттин биринчи санын чыгарабыз деп окуучулар менен жолугушуп, колуна калем кармап көрө элек, бирок жалындаган жаштыгы менен кандай кыйынчылык болсо да багындырууга даяр турган балдар, кыздар менен баарлашып, алардын көөдөнүнө батпай турган максаттары менен үмүттөрүнө ортоктош болдук эле. Балалык деген ушул да, газета чыгаруунун түйшүктөрүнөн кабары жок туруп, газетага материал жазууга бел байлап, түшүнбөгөн учурда сурап, өздөрүн кадыресе кабарчыдай сезишкенине кубандым. Толугу менен

Ошто журналисттер неге өзүн өзү чектеп жатат?

2010-жылдагы кандуу калабадан кийин Ошто иштеп жаткан журналисттердин арасында өзүн-өзү чектөө күч алды. Алар көбүнчө эл арасындагы ынтымакты түптөөгө салым кошо турган макалаларды жазууга ыктапкалышты. Мындай билдирүү “Журналисттер” коомдук бирикмесинин медиа тармагында иштегендердин укуктарын коргоого арналган долбоорунун тыянагында айтылат. Бул жагдай эл арасында журналистикага болгон ишенимди кетирип жатат, дешет медиа-талдоочулар. Жергиликтүү журналисттер деле аларда өзүн өзү чектөө күч алганын моюндашат, бирок жарандарда аларга болгон ишеним солгундады деген божомолду четке кагышууда. Толугу менен