Аналитика

Орозалы бул өмүрдөн кетсе да, көңүлүбүздөн кетпейт

Жакшы адамдын көзү өткөндөн кийин экинчи өмүрү башталат. Жүрөгү таза, эл-журтуна ак кызматын арнаган, адамдарга колунан келген жакшылыгын аянбаган, жылуу сөзү, адамгерчилиги менен көпчүлүккө жаккан инсан бул өмүрдөн кетсе да, көңүлдөрдөн кетпей, жашоосун улантат. Толугу менен

ЭлТР жетекчиси М.Айтиеваны кызматтан алуу талабы чыкты

ЭлТР телеканалынынын кесиптик кошууну башкы директордун милдетин аткаруучу Максуда Айтиеванын кызматтан кетүүсүн талап кылды. Буга байланыштуу кат президент Алмазбек Атамбаевге жолдонгонун аталган телеканалдын коментатору, кесиптик кошуундун мүчөсү Жайнагүл Максимова “Азаттыкка” билдирди. Алар Айтиевага үч талап коюп жатышат. Үч күндүн ичинде талаптар аткарылбаса иш таштоого чейин барышарын билдиришүүдө. Толугу менен

Карыпбеков: КТРКнын айлыгын да, сапатын да көтөрөм

19-мартта Байкоочу кеңеш Коомдук телерадио корпорациянын башкы директорлугуна 10 талапкердин ичинен Илим Карыпбековду тандады. Жаңы шайланган башкы директор Коомдук каналда күтүлүп жаткан өзгөрүүлөр тууралуу “Азаттыкка” айтып берди. Толугу менен

КР радио-телеберүүлөрдөгү, басмадагы, он-лайн жана социалдык тармактардагы душмандашуу тилине жасалган изилдөөлөрдүн кезектеги этабы аягына чыкты

Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнология Мектеби жергиликтүү демилгелерди колдоо (CFLI) Канадалык фонду тарабынан каржыланган КР радио-телеберүүлөрдөгү, басмадагы, он-лайн жана социалдык тармактардагы душмандашуу тилине жасалган изилдөөлөрдүн кезектеги этабынын аягына чыкты. Толугу менен

Марат Токоев, “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы: “Биздин “dem.kg” сайтыбыз окурмандардын да, ЖМКлардын да керегине жарайт деген ойдобуз”

Кыргызстандын маалымат айдыңында ачылганына аз да болсо, эл оозуна алынып калган “dem.kg” аттуу сайт бар. Бул сайт башында республикадагы өздүк сайты жок жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ачылып, кийин сайты барлары да маалыматтарын коё башташты. Себеби, “dem.kg” интернет аркылуу дагы жаңы окурмандарды табууга жардамчы болууда. Биз аталган сайт тууралуу, сайттын негиздөөчүсү, “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоевди кепке тарттык. Толугу менен

Элдик жаңылыктар

Интернеттин өнүгүшү менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) иш алып баруусу да кескин өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Бул сайт баракчаларында элдик жаңылыктарга да орун бере башталганынан байкасак болот. Толугу менен