Аналитика

Жалал-Абад шаарынын мэри маалыматтык монополия орнотту

Жалал-Абад шаарында маалыматка жетүү эркиндиги чектелип, шаар жетекчиси тарабынан мэриядагы булактардан маалымат алууга жана таркатууга монополия киргизилди. Айрым эксперттер муну айрым бир аймактардагы сөз жана басма сөз эркиндигин чектөө, басмырлоо катары кабыл алышууда. Толугу менен

Ош областы: иликтөө журналистикасынын абалы

Кыргызстандын түштүк аймагында акыркы жылдары журналисттик иликтѳѳ жүргүзүү иштери жанданууда. Анткени менен, жакында эле иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаковдон 50 млн сом өндүрүү үчүн Оштук ишкер Жалил Атамбаев сотко доо арызын жазып, кайра кайтарып алды. Көмүскө иш жүргүзүп жаткан кумарканаларды изилдөө учурунда эки журналист ур-токмокко кабылды. Толугу менен

Түркия: “Жумхуриетке” жабылган көө

Түркияда “Жумхуриет” гезитинин террорчулукка айыпталган 17 журналистинин соту башталды. Эл аралык уюмдар Түркиядагы оппозициянын үнүн жеткирген акыркы басылмалардын бири куугунтукталып жатканын айтышат. Толугу менен

Германия: Соттор менен журналисттер эриш-аркак иштейт

Германиянын мыйзамдарына ылайык журналисттер сот процессин толугу менен аудиого жазып, фото жана виеотасмага тартууга тыюу салынат. Аталган өлкөдө Массалык маалымат каражаттары мыйзам чегинде мыкты корголуп ошону менен эле аларга болгон талаптар да күчтүү. Германиянын соттору элдин сот бийлигине болгон ишеними жогору экенин айтышты. Муну атайын сурамжылоолор дагы көрсөтүп, соттор дарыгерлерден кийинки эле эл ишеним арткан тармак болуп табылган. Толугу менен

“Занозага” каршы үч иш

Бишкектин Октябрь райондук сотунда 29-июнда “Заноза” сайтынын журналисттерине байланыштуу үч жараян башталды. Башкы прокуратура аталган сайтта жарыяланган макалалар президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди деп сотко берген. Башкы көзөмөл орган журналисттерден бир нече миллион сом доо талап кылууда.

Толугу менен

Шайлоодо социалдык желелер ролу кандай болот?

Кыргызстанда интернетти үзгүлтүксүз такай колдонгон жарандар саны 2 миллион 600 миң адамды түзөт. Канчалык таң калыштуу болбосун бирок кыргызстандыктар эң көп катталган социалдык желе бул – ВКонтакте. Андан кийин колдонуучулар саны боюнча Одноклассники жана Фейсбук турат.

Артыкчылык орусиялык социалдык медиалардабы?

Толугу менен

FH: дүйнөдө сөз эркиндигинин абалы начар

Дүйнөдөгү демократиянын абалына байкоо салган “Фридом Хаус” эл аралык уюму Жер шарындагы элдин 13 проценти гана маалымат каражаттары эркин өлкөлөрдө жашайт деген жыйынтыкка келди. Медиа жана журналисттерге кысым айрым демократиялык өлкөлөрдө да байкалып жатканы айтылат уюмдун жылдык докладында.

Эл аралык уюмдун жылдык докладында дүйнөнүн 199 өлкөсүндөгү абалга сереп жасалган. Авторлор басма сөз эркиндиги 13 жыл ичинде эң төмөн деңгээлге түшүп кеткен деген тыянакка келишти. Ушу тапта дүйнөдөгү калктын 13 проценти гана пресса эркин мамлекеттерде жашайт.

Толугу менен