Башкармалык

a_tynaev

Азамат Тынаев, башкармалыктын төрагасы

1966-жылы туулган.

Белгилүү журналист, медиа эксперт.

Эки жогорку окуу жайын аяктаган: 1986-жылы Орус тил жана адабияты боюнча педагогикалык институтту, ал эми 1991-жылы – Москванын М.Горький атындагы Адабий институтун бүтүргөн.

1991-жылдан 2004-жылга чейин «Литературный Киргизстан» журналында редактор, Кыргызстандык товардык-сырьелук биржада пресс-катчы, БМУда жана КМУУда мугалим болуп иштеген.

2004-жылдан баштап журналистикага активдаган. «Вечерний Бишкек», «Белый пароход», «Комсомольская правда-Кыргызстан», «Слово Кыргызстана плюс» гезиттеринде, «24.kg», «Страна.kg», «Чалкан.kg» маалыматтык сайттарында жетекчилик кылган, «Азаттык» радиосунда веб-редактор болуп эмгектенген.

2014-жылдын мартынан бери Практикалык журналистиканын студиясын жетектеп келет.

2016-жылдын ноябрында «Журналисттер» коомдук бирикмесинин башкармалыгынын жетекчиси болуп шайланган.

 

k_mambetaliev

Кубан Мамбеталиев, башкармалыктын мүчөсү

1953-жылы туулган.

Филология илиминин доктору, Атайын жана Толук ыйгарымдуу элчи дипломатиялык рангынын ээси.

Белгилүү публицист. Кыргызстандык жана чет элдик ЖМКларда жарыяланган коомдук-саясий темадагы 300дөн ашык макалалардын автору.

Журналисттик ишмердүүлүгү менен катар укук коргоочулук ишин ийгиликтүү алып барган. “Журналисттер” КБ так анын демилгеси менен негизделген болчу. Уюмду ал 2006-жылга чейин ийгиликтүү жетектеп, бардык бийлик структуралары аны менен эсептеше турган деңгээлге жеткирген.

Бир канча илимий монографиялардын жана публицисткалык жыйнактардын автору.

Кыргыз Республикасынын «Ардак Грамотасы» менен сыйланган.

Учурда университетте «Манас» эпосун изилдөө тарыхы боюнча лекцияларды окуйт.

 

m_tokoev

Марат Токоев, башкармалыктын мүчөсү

1970-жылы туулган.

1988-жылы Бишкекте Аскер лицейин аяктаган. 1988-жылы КМУУнун физика факультетин аяктап, үч жыл мектепте физик-мугалими болуп эмгектенген.

Журналистикада 1997-жылдан бери. Андан бери ал ЖМКнын бардык түрлөрүндө (ТВ, Радио, гезит жана интернет-сайт) иштегенге жетишкен.

2006-жылдан 2016-жылга чейин “Журналисттер” КБны жетектеп келди. Анын жетекчилиги астында уюм өлкөдөгү сөз эркиндигин жана журналисттердин кесипкөйлүгүн, тилектештигин арттырууга багытталган 50дөн ашык долбоорду иш жүзүнө ашырган.

 

a_satarov

Абды Сатаров, башкармалыктын мүчөсү

1951-жылы туулган.

Белгилүү тележурналист. Журналистика кесибин аркалап жүргөн жылдары өлкөдөгү бардык телеканалдарда иштегенге жетишкен. Көбүндө жетекчилик кызматта болду. Ал ошондой эле эл аралык «Zaman-Кыргызстан» гезитинде  жана «Internews-Кыргызстан» медиа-уюмунда да иштеген.

Учурда “Манас” Кыргыз-түрк университетинде коммуникация факультетинин деканыны орун басары болуп эмгектенет.

КТРКнын Байкоочу кеңешинин экинчи курамынын мүчөсү болгон.

 

m_sabyrov

Мамат Сабыров, башкармалыктын мүчөсү

1961-жылы туулган.

Белгилүү журналист, жазуучу.

1985-жылы КМУУнун журналистика бөлүмүн аяктаган.

«Ленинчи жаш» гезитинде кабарчылык кызматтан баштаган. 1991-2006-жж. «Кыргыз Руху» гезитинин башкы редакторунун орун басары, «Асаба», «Ордо», «Агым» гезиттеринин башкы редактору болуп эмгектенген. 2006-2009-жж. КР Президентинин басма сөз кызматында сектор башчысы болгон.

Учурда «Азия ньюс» гезитинде иштейт.

Бир канча аңгемелер жыйнагынын автору.

 

m_tynaliev

Мырзакат Тыналиев, башкармалыктын мүчөсү

1961-жылы туулган.

Белгилүү журналист.

1991-жылы КМУУнун журналистика бөлүмүн аяктаган.

«Жаштык жарчысы» гезитинде кабарчы, Бишкек шаарынын Ленин райадминистрациясында мамлекеттик тилди киргизүү боюнча адис катары эмгектенген.

1996-жылдан 2002-жылга чейин «Эркин Тоо» гезитинде, 2002-жылдан бери «Кыргыз туусу» гезитинде башкы редактордун орун басары болуп эмгектенет.

ЖМКларга даттанууларды териштирүү боюнча комиссиянын мүчөсү.

 

zh_kasabolotov

Жыргалбек Касаболотов, башкармалыктын мүчөсү

1971-жылы туулган.

Белгилүү журналист-аналитик. Кыргыз жана орус тилдеринде эркин жазат.

Студенттик кезинен баштап ошол кезде атагы чыгып турган «Асаба» гезити менен кызматташа баштаган. Андан кийин «Азаттык», «Инфоцентр «Антитеррор» сайттарында веб-редактор, «Кабар» КУМАда аналитик-редактор, «Инфоцентр Бишкек» маалыматтык–аналитикалык борбордун жетекчиси, «Кабар» КУМАнын директорунун орун басары болуп эмгектенген.

Журналистика, конфликтология боюнча усулдук эмгектердин автору. Ошондой эле 2007-жылы “Самурай кылыч – жүрөгүм” аталышындагы ырлар жыйнагы жарык көргөн.

«Алтын калем» сыйлыгынын ээси.

КТРКнын 2010-жылдагы алгачкы Байкоочу кеңешинин мүчөсү.

 

r_salamatova

Рахат Саламатова, башкармалыктын мүчөсү

2013-жылы «Манас» Кыргыз-түрк университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

Студенттик кезден баштап бир катар ЖМКлар менен кызматташа баштаган. 2014-2016-жылдары «Кабар» КУМАда иштеген.

2013-жылы анын «Уя» деген кыска метраждуу тасмасы Республикалык жаш режиссерлор фестивалынын жеңүүчүсү деп табылган. Ошондой эле ал Түркияда өткөн “Бактылуу үй-бүлө” фестивалында 2-орунга татып, Кытайда өткөн «Рыбий глаз» фестивалында “Мыкты даректүү фильм” номинациясын жеңип алган.