Журналисттин ишмердигине байланыштуу коркутуулар

25.06.2019

Рубрика: Аналитика

Басып чыгаруунун версиясы

Журналисттер арасында жүргүзгөн сурамжылообузда алардын бир катары ишмердигине тоскоолдуктар болуп жатканын баса белгилешти. Көбүнчө даярдалган материалды эфирге чыгартпоо үчүн кадыр-барктуу кишилерди ортого салып суранышса, айрым учурда телефон аркылуу опузалоолор кездешет. Мындайда журналисттин коопсуздугу башкы орунга чыгат. Анткен менен, Ош облусунда коопсуздугун коргоо үчүн укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган журналисттер боло элек.

Опузалап телефон чалуулар

«Нур ТВ» телеканалынын кабарчысы Даткабек Шабданбеков журналисттердин даярдаган материалдарын эфирге берүүгө тоскоолдуктар көп эле болуп келатканын белгиледи:

«Дос-жар, куда-сөөк, жөнөкөй жарандан депутаттарга чейин телефон чалдырып, маалыматты чыгартпоо айласын кыла беришсе, журналистика тармагынын, ЖМКнын эле кадыр-баркы кетет»,- дейт Д.Шабданбеков.

Ал онкологиялык ооруканадагы дарылоого жана операцияга делген төлөмдөр тууралуу бейтаптардын жакындарынан интервью алып, бул маселени коомчулукка алып чыгууга аракет кылган. Бирок, бул теманы көмүскө калтырууну сурап, тааныш-бейтааныш адамдар ортого түшкөн. Ошондой эле ага коркутуу мүнөзүндөгү телефон чалуулар да болгон.

«Жашыруун номерден чалып, «Эртеӊ шаарда басып жүргөндөй бол», «Биздин укуругубуз узун», «Эки жагыӊды карап жүр» деген сөздөр айтылды. «Коомду сенден да кыйындар оӊдой албай жатат…» деген сөздөрдү айтып, психологиялык жактан басмырлоого аракет кылышты. Журналистикага жаӊы аралаша баштаганда мындай телефон чалуулар болгондо коркчу элем. Эми көнүмүшкө айланып калды», – дейт «Нур ТВ» телеканалынын журналисти Д.Шабданбеков.

Ал эми «Ынтымак Медиа» телеканалынын журналисти Жусупбек Кошмат уулу жакында Кара-Суу районундагы бир мектептин директору окуучулардан мыйзамсыз түрдө акча жыйнагандыгы жөнүндө телесюжет даярдаган. Эфирге кеткен ошол материалга байланыштуу Жусуп чуулуу окуяга туш болду.

«Белгисиз бирөө телефон чалып, ошол мектепке жолугууга чакырды. Ал мектеп директорунун баласы экен. Атасын коргоо үчүн мага орой сүйлөп, биз тополоӊдошо кеттик. Милиция келип, бизди арачалады. Анан өз ара сүйлөшүп, ымалага келдик. Директор жана анын акча чогултканына каршы болгон эл элдешти», – деди Жусуп Кошмат уулу. Буга чейин да «Эфирге чыгарсаӊ сотко беребиз», «Башкача сүйлөшөбүз» деген опузалап телефон чалгандар болгонун Ж. Кошмат уулу кошумчалады.

Комментарийдин айынан

«Ош ТВ» телеканалынын кызматкери Адыл Акжол уулу журналисттик ишмердик менен бирге эле блогер катары өзүнүн YouTube каналын иштетет.

«Биздин телеканалдын саясатына туура келген материалдар ТВ аркылуу берилет. Ошондой эле жеке YouTube каналыма коомдук маанилүү башка пикир, көз караштарды да жайгаштырам. Эптемей, көӊүл ача турган нерселерди киргизбейм. Жумуштан сырткары видео кайрылууларды, блогдорду даярдап жайгаштырам»,- деди Адыл. Анын YouTube каналынын 260 миӊге чукул көрөрманы бар.

YouTube каналга жарыяланган айрым материалдарды алып таштоосу үчүн аттуу-баштуу кишилерди, аксакалдарды ортого салгандар болуп жатканын Адыл Акжол уулу айтып өттү:

«Журналисттердин ишмердигине тоскоолдуктар көп. Мисалы, кайсы бир материалды өчүрүп кой деп сурангандар болот. Эгер өчөшүп калса, фейк-аккаунттарды ачып, туура эмес маалыматтарды жаадырышат. Айрымдары «Ошондон нан таап жатасыӊ», «Тыйынын берели, өчүрүп кой» дешет. Тыйынын албай эле, өчүрүп коем».

Жакында, Гүлшайыр Садыбакасовага карата басма сөз жыйынында айтылган пикир жарыялангандан кийин Адыл Акжол уулуна WatsApp аркылуу орой СМС-кабарлар келе баштаган.

«Россиялык номер аркылуу чалып, мага ошол маалыматты өчүрүп кой деп жаман сөздөр менен кайрылышты. Ал маалымат алынып коюлгандан кийин да орой мүнөздөгү СМС-кабарларды жазып жатышат», – деди «Ош ТВ» телеканалынын журналисти, блогер Адыл Акжол уулу.

Жакында болсо, «Ынтымак Медиа» телеканалынын кабарчысы Рамазан Абдуваитовго түнкүсүн белгисиз бирөөлөр телефон чалып, жолугушуп сүйлөшүүгө чакырган. Алар Рамазан даярдаган «Эреже+» программасынын бир көрсөтүүсүн «Ынтымак ТВнын» YouTube каналынан алып таштоону талап кылышкан. Ал көрсөтүү 450 миӊ жолу көрүлгөн.

«Бир ай мурда автоунаасын туура эмес жайда парковка кылгандар боюнча көрсөтүү даярдагам. Ошол көрсөтүүдөн кийин ал жай автоунаа кирбей турган болуп тосмолонду. Мага телефон чалгандар менен түндө жолугуп сүйлөштүм. Алар видеодогу аял жөнүндө жаман комментарийлер жазылганы үчүн ал видеону өчүрүп коюуну айтышты»,- деди Рамазан Абдуваитов.

Журналистке улам телефон чалуулар боло бергенден кийин редакция ал видеону утурумдук жаба турууну чечкен.

«Бул чечим редакциянын саясатына туура келбейт. Бирок, кызматкерибиздин коопсуздугу үчүн ал материалды убактылуу жаба турдук», – деди «Ынтымак Медиа» телеканалынын программалык директору Асанбек Каракозуев.

Арыз жазгандар боло элек

Ош облусундагы ЖМКлардын басымдуу бөлүгүндө даярдалып жаткан материалдардын укуктук жагына көз салып, тобокелдиктерди азайтуу үчүн иштеген атайын укуктук адистери жок. Журналисттердин ишмердигине тоскоолдуктар, аларга опузалап телефон чалуулар болуп жатса да, Ош облусунда өз коопсуздугун укуктук жактан коргоо үчүн тийиштүү органдарга арыз жазгандар боло элек.

Медиа Полиси Институтунун юристи Акмат Алагушевдин пикиринде, ар бир журналист ишине кесипкөй мамиле кылышы керек. Эгер ал даярдаган материалын эфирден же каналдан кайра алып таштаса, анда ал материал даярдаган эмес десек болот.

«Эгер журналисттин ишмердигине байланыштуу коркутуулар болсо, ал журналист арыз менен укук коргоо органдарына кайрылса болот, эгер арыз жазбаса, ал да өз эрки. Укук коргоо органдары жардам береби-жокпу, ал башка маселе», – деди Акмат Алагушев.

Журналисттерге карата коркутуулар болгондо ал өз көйгөйү менен жалгыз калбастан, редактору менен кеӊешип, анан жалпы жамаат чогуу чара көрүү керектигин юрист Акмат Алагушев кошумчалады.

Гүлзат Газиева,
«Журналисттер»
КБнын Ош областы боюнча өкүлү