Журналистика кыйынчылыкта. Эми эмне болот?

07.10.2019

Рубрика: Аналитика

Басып чыгаруунун версиясы

Акыркы кезде “Азаттык радиосунун ишмердигине байланышкан интригалар жана социалдык тармактагы ар кандай багыттагы көз караштар Кыргызстанда кесипкөй журналистиканын кыйынчылыкта калганын даана көрсөттү. Деги эле кесипкөй журналистиканын азыркыдай абалы бүгүн эле, же “Азаттык” радиосуна байланышкан ызы-чуудан эле келип чыга калган жок. Анын башталышы бери болгондо 15-20 жылга барып такалат. Бул баарыдан мурда журналистиканын нагыз коомдук миссиясын аткаруу багытынан, коомдун өнүгүшүнө гана кызмат кылуу багытынан тая башташы аркылуу көрүндү.

ЭКИ ЛАГЕРДЕГИ БАСМА СӨЗ

Кыргызстан эгемендикти алгандан кийин эркин басма сөздүн толкуну катуу башталган. Башкасын айтпаганда деле бюджеттен каржыланып, бийликтин колунда турган “Свободные горы” гезити ошол кездеги бийликтин кемчиликтерин даана көрсөтүп, материалдарды жарыялай берген. Ошентип, өлкөдө басма сөз эркиндигинен адегенде эле өкмөттүн колунда турган гезиттин журналисттери пайдаланып, журналисттердин коомдук миссиясын аткарышкан. Ошол 1992-93-жылдары өлкөдө эркин басма сөздүн алгачкы толкуну аймактарга да жетип, түштүк аймагында “Позиция” аттуу эркин гезит чыгып турган. Ал эми борбордо “Республика”, “Столица”, “Асаба”, “Дыйкандар гезити” сыяктуу басма сөз каражаттары коомго эркин сөздү таркатып турушту.

Тилкекке каршы, басма сөз эркиндигине болгон кысым да дароо эле пайда болду. Ошол эле “Свободные горы” гезити соттун чечими менен жабылып калды. Ошондон тарта бийликтин колундагы жана эркин гезиттердин ортосундагы атаандаштык, бөлүнүү тенденциясы да башталган. Бул жөн гана жем жеген акыр позициясынан улам башталган тенденция эмес болчу. Бул коомго эркин сөздү, эркин пикирди, көз карашты эркин тарткатуу же таркатпоо багытындагы атаандаштык, бөлүнүү эле. Бул эки башка багытта аракет кылган басма сөз каражаттарынын бут коюп турган таканчыгында эки башка идеология бар эле.

Ошого карабай эркин басма сөз өлкөдө жеңиштүү арым таштады. Кийинки учурларда бийлик да бул процессин артка кайтпастыгын түшүнүп, кандайдыр бир пайдалуу компромиске келүү максатында журналистиканын жана журналисттердин, демек, жалпы коомдун пайдасына бирин-экин мыйзамдарды да кабыл алган. “Маалыматка жетүү эркиндиги жөнүндө” жана “Журналисттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамдар ошол токсонунчу жылдардын экинчи жарымында, эркин басма сөздүн таасири коомго кыйла билинип калган кезде кабыл алынды.

Токсонунчу жылдардын экинчи жарымында жана 2000-жылдан баштап эл аралык уюмдар, медиа чөйрөдө аракет кылган жергиликтүү коомдук бирикмелер менен фонддор басма сөз эркиндигин чыңдоо, журналисттердин укуктарын коргоо, эркин басма сөздү өнүктүрүү багытында активдүү иштешкен. Ошол эле кезде бийликтер да өкмөттүк басма сөздү бекемдөө багытында аракет кылып келишти.

Азыркыга чейин Кыргызстанда бийликке караган жана эркин басылмалар иштеп келишет. Канчалык чакырыктар болбосун өкмөт өзүнүн медиа-каражаттарынан баш тартпады. Эгерде өкмөт бюджеттен каржылануучу өзүнүн медиа-каражаттарынан баш тартса, аны реформалап, өзүнүн масс-медиага болгон көз карашын, өз ара аракеттенишүүсүн өзгөртсө, коом да ошого жараша өзгөрүп, демократиялык процесстер да тунугураак, ишенимдүүрөөк, натыйжалуураак болмок эле. Бирок андай болбоду. Деген менен, бир кезде советтик-коммунисттик идеологиянын чынжырында турган Монголияда 2003-жылы эле өкмөттүк басма сөздөн баш тартышып, эркиндикке коё берилген. Ошентип Борбордук Азиядагы “эркиндик аралчасында” масс-медиа тармагында реформа болбой калды. Анын натыйжасында медиа-чөйрөдө атаандаштык болбой, сапаттык, кесипкөйлүк багытында жылыштар да байкалбады. Андан келип чыккан натыйжаларды азыр көрүп отурабыз.

МЕНЧИК “ЖУРНАЛИСТИКАНЫН” ӨСҮШҮ. ЖЕ РЕФОРМА ЭМНЕ ҮЧҮН КЕРЕК?

Жыйырма биринчи кылымда бизде олигархтар пайда боло баштады жана алардын арасындагы атаандаштык, саясий чөйрөдөгү өзүнүн ишенимдүүлүгү жана перспективасы үчүн күрөш, аны үчүн ишенимдүү жана кеңири социалдык базаны түзүп алуу аракеттери күчөп кетти. Бул 2005-жылдан кийинки мезгилде көбүрөөк байкала баштады. Ал 2010-жылдагы Конституциянын өзгөрүшү менен ого бетер күч алды, анткени байлыкка белчеден батуу жана башкаруу үчүн бийлик ресурстарын колго алуу саясий партиялар аркылуу боло турганы биротоло чечилип, парламенттик башкарууга жол ачылды. Ал эми мындай саясий мүдөөлөр масс-медиа чөйрөсүнүн аракетисиз кантип ишке ашмак эле?

Ар бир олигарх, ар бир партия өзүнүн медиа-каражаттарын түзө жана өнүктүрө башташты. Ар бир менчик медиа-каражаттардын алдында өзүнчө максаттар, милдеттер коюлду, редакциялык саясаттары аныкталды. Бул, албетте, басма сөз эркиндигин бекемдөөгө өзүнүн салымын кошту десек болот. Анткени менчик “журналистиканын” жашап турушу, өнүгүшү жана натыйжалуу болушу үчүн басма сөз эркиндиги өтө маанилүү да. Бул мамлекеттик да, коомдук да эмес, кууш менчик багыттарды, максаттарды көздөгөн “журналистика” болчу жана ал ээсинен башканын максаттарын, мүдөөлөрүн тааныбайт эле.

Мамлекеттик бийлик ресурстарынын жана менчик “журналистиканын” ортосунда да “согуш” жүрдү. Ошол кагылыштардан кийин “Сентябрь” телеканалына каршы аракеттер болуп, кийин жабылып да калды. “Жалбырак” телеканалы жабылды. Азыр “Апрель”, “Канал D” жана башка маалымат ресурстарынын башына түшкөн нерсе да ушул эле “согуштун” алкагындагы көрүнүштөр. Андан башка да бир катар медиа-каражаттарга ар кандай юридикалык кысым көрсөтүүлөр болуп эле келе жатат. Мунун баары таасир көрсөтүү чөйрөсүнө, аны талашууга, ээлеп калууга байланышкан аракеттер. Мамлекеттик бийлик бир тараптан, олигархтар менен саясий партиялар экинчи тараптан өз очогуна күл тартуу менен алек болуп келишет. Ал бүгүнкү күндө да токтогон жок жана ого бетер күч алды.

Албетте, бул болуп келген жана да боло бере турган көрүнүш дейли. Бирок, мында биздин мамлекет үчүн да, демократиялык өнүгүү үчүн да, улут үчүн бир коркунуч бар. Ал – тигил же бул партиянын, саясий күчтүн, кландын бийликти кармап туруу амбициясынан, максаттарынан улам мамлекеттик медиа-ресурстарды каалагандай пайдаланып кетиши. Башкача айтканда, мамлекеттик маалымат ресурстары нагыз мамлекеттик мүдөөлөргө эмес, тигил же бул саясий мүдөөлөр үчүн пайдаланышы. Тигил же бул саясий чөйрөлөр өз мүдөөлөрүн мамлекеттик мүдөө катары көрсөтүп, жалпы коомдук пикирди алдоосу, манипуляция аркылуу узурпацияга баруусу. Бул чыныгы коркунуч эсептелет.

Ошондуктан да бийликтер кеч боло электе масс-медиа чөйрөсүндө чыныгы жана терең реформаларга барышы абзел. Анын биринчи көрүнүшү – мамлекеттик медиа-каражаттардан баш тартуу. Мейли ал этап-этабы менен болсун, мейли биротоло дароо жүргүзүлсүн, бирок бул маалымат ресурстарын командалык-авторитардык багытта пайдалануу жөрөлгөсүнөн арылуу керек. Ошондо гана саясий тең салмак, адилеттик тууралуу кеп салууга болор эле. Ошондо гана коомдук өз ара ишенимдүүлүк өкүм сүрө турган жолго түшөр элек. Ансыз болбойт.

Бизде мамлекет күчтүү эмес, коомдо ар башка күчтөр көп, ошондуктан мамлекеттик бийлик да өзүнүн маалымат саясатын жүргүзүшү абзел дешет. Ал туура, мамлекеттик бийлик өзүнүн маалымат саясатын жүргүзүшү өтө керек, ал абдан маанилүү. Бирок, азыркыдай эмес, азыркыдай чабал, сапатсыз жана кунарсыз эмес, ал жогорку деңгээлде, сапатта жүрүшү абзел. Аны үчүн, албетте, мамлекеттик маалымат таркатуу ресурстарынан баш тартуу керек деп жатабыз. Анда мамлекет кантип маалымат саясатын жүргүзө алат? – деген суроо салышат. Ал кыйын эмес. Мисалы, өкмөт жыл сайын, же эки-үч жыл сайын бюджетте маалымат саясаты боюнча керектүү каражаттарды карап, жалпы медиа-чөйрөдө тендер жарыяласа болот. Айталы баланча жылга өкмөттүн маалымат саясатын жүргүзүү боюнча деп. Эң мыкты маалымат ресурстары бар компаниялар тендерге өз долбоолору менен катышсын, өкмөт мыкты долбоорду тандап алсын, анан ал компания ошол долбоор боюнча маалымат компаниясын жүргүзө берсин.

Бул бизге эмне берет? Биринчиден, өлкөдө масс-медиалар арасындагы мамлекеттик-жеке менчик антагонизми жоюлат; экинчиден, бардык массалык маалымат каражаттарынын арасында жандуу атаандаштык түзүлөт; ал атаандаштык журналистикада сапаттык жаңы өзгөрүүлөрдү алып келет, анткени майда ресурстар кошулуп, күчтүү, кесипкөй ресурстар келип чыгат; үчүнчүдөн, мамлекеттик бюджет үнөмдөлөт, “мамлекеттик” журналисттерди багууга, канчалаган материалдык жабдууларды сатып алууга жана кармоого, мамлекеттик маалымат ресурстарын башкаруу үчүн бийлик структурасындагы чиновниктердин үй-бүлөсүн бакканга да бюджеттен үлкөн каражаттар кетпейт.

ЖУРНАЛИСТИКАДАГЫ КРИЗИС. АЛ КИМДЕР ҮЧҮН КЕРЕК?

Кыргызстанда журналистика кризисте. Өткөн кылымдын токсонунчу жылдарындагыдай өз миссиясын аткарган кесипкөй журналистика жок. Албетте, ал кездерде советтик журналистиканын инерциясы менен көбүрөөк максат-мүдөөлөрдү, багыттарды бутага алган, пикирге көбүрөөк таянган журналистика иштеп турганы менен ал коомдук кызыкчылыктарды башка кызыкчылыктардан бир топ эле өйдө койчу. Азыр эми журналистиканын эл аралык стандарттары тууралуу көп айтылганы менен аны сактаган, барктаган журналистика дээрлик жок. Журналистика өзүнүн чыныгы кесиптик миссиясынан тайып баратат. Бул өтө кейиштүү көрүнүш.

Азыр саясатчыларды, парламент депутаттарын мындай кой, кала берсе мектеп окуучусуна чейин журналистикада бир тараптуулук болбош керектигин, объективдүү болушу абзелдигин айтышат. Баары эле журналистика деген эмне экенин, журналист деген ким экенин кыйын билишет, акыл үйрөтүшөт. Журналисттер сатылып кеткендигин айтышат. Ишеним жок, бирок баары эле маалымат издешет, себеби маалымат алууга муктаждык көп. Коомчулук чынчыл масс-медиага, объективдүү маалыматтарга муктаж. Бирок, алар каякта? Маселе кыйын.

Журналистиканын коом алдындагы миссиясы кайсы? Бул жагынан улуубританиялык устат журналист Дэвид Рэндаллдын айтканынчалык эч ким таасын, жөнөкөй жана так кесе айта албаса керек. Анын кыргызчага которулган “Универсалдуу журналист” аттуу атактуу китебинде жакшы жазылган, аны келтире кетели:

“Бүткүл дүйнөдөгү жакшы журналисттер өздөрүнүн ролун бирдей түшүнүшөт. Ал – баарындан мурда суроо берүү жана шектене билүү. Анан:

– Ушактардын жана ойдон чыгарылган нерселердин ордуна маалыматты издеп табуу жана жарыялоо.

– Өкмөттүн көзөмөлүнө каршы туруу же андан качуу.

– Шайлоочуларга маалымат берүү.

– Өкмөттүн, шайланган өкүлдөрдүн жана коомдук уюмдардын аракетсиздиктерин жана аракеттерин тыкандык менен иликтөө.

– Бизнес дүйнөсүн, жумушчуларга болгон мамилени, продукциянын сапатын иликтөө.

– Жабыр тарткандардын жашоосун жеңилдетүү жана эч ким үнүн укпай жаткандарга мүмкүндүк берип, жыргап жашагандардын тынчын алуу.

– Коомдун жүзүнө күзгүнү кармап туруу, анын татыктуу жана терс жактарын көрсөтүү, аны жалган түшүнөн ойготуу.

– Сот адилеттигинин салтанатты үчүн иштөө, анын жеңиштерин жана жеңилүүлөрүн иликтөө.

– Идеяларды, айрыкча үстөмдүк кылуучу идеология менен карама-каршы келгендерин, өз ара эркин алмашууга көмөк көрсөтүү”.

Бул жогоруда айтылгандар – журналисттин коомдогу ролу, негизги, башкы ролу. Тилекке каршы, азыр бизде журналисттердин баары эле өзүнүн ролун мындай түшүнүшпөйт, мындан кабары жоктор да четтен табылат. Журналистиканын коомдук миссиясын – коомду өнүктүрүүгө маалыматтык салым кошууну – жакшы билишпейт. Ошондуктан да алар кимдир бирөөлөргө, кайсы бир партияларга, саясий күчтөргө, олигархтарга, кландарга кызмат кылышат, кесиптик этика тууралуу да ойлонушпайт. Мунун баары коом үчүн өтө коркунучтуу экенин билишпейт.

Мунун баары Кыргызстандагы медиа-рыноктун тарлыгынан, коомдук баалуулуктардын өзгөргөндүгүнөн (руханий балуулуктар тепселип, материалдык баалуулуктун үстөмдүк кылышы), олигархтар менен саясий партиялар деп аталган саясий топтордун коомго үстөмдүгүнөн, мамлекеттин коррупциялашып кеткенинен, коомдо индивидуалдык эгоизмдин күчөшүнөн болду. Ошонун айынан журналистиканын коом алдындагы миссиясы деген баалуулук тууралуу эч кимдин ойлогусу келбей калды.

Кыргызстанда журналистиканын эл аралык стандарттарынын, кесипкөй журналистиканын таркатылышына сөз жок “Азаттык” жана “БиБиСи” радиолорунун жамааттарынын өлкөдөгү ишмердиги көп таасир этти. Башкалар айтпаган, козгобогон же козгогусу келбеген, козгой албаган темалар менен ушул жамааттар алек болушту, объективдүү, ар тараптуу, баланстуу маалымат таркатууда дайыма үлгү болуп келишти. Сапаттык журналистикага жол салууда булардын ордун жана ролун айтпай коюуга болбойт.

Азыркы “Азаттык” радиосунун айланасындагы болуп жаткан интригалар, ызы-чуулар бүгүн эле жок жерден чыга калган жок. Кыргызстандагы 2010-жылдан кийинки  тенденциялар, ар кайсы күчтөрдүн коомду башкарууга болгон ар кандай аракеттери ушуга алып келди. Медиа-чөйрө, жамаат ар кайсы күчтөрдүн карамагында, таасиринде калды, жалпы коомдук кызыкчылыктардын ордуна жеке, кууш кызыкчылыктарды коргоо менен алек болуп калышты. Кесипкөй журналистиканын быт-чыты чыкты, фактылардын ордуна ушактар, пикирлер, божомолдор, карандай калптар коомго астейдил таркатылып калды. Деги эле журналистиканын барлыгы да билинбей калган мезгил келди. Бир ууч кесипкөй журналисттердин аракети бир чөйчөк ылай сууга бир тамчы тунук сууну кошкондой сиңип, жок болуп кетти. Сыртынан олуттуу журналистиканын, массалык маалымат каражатынын өкүлү катары көрүнүп, чынында жеке, кууш мүдөөлөр үчүн иштеген кесип ээлеринин катары өстү.

Коомдо журналистиканын аброюн түшүрүү, өз алдынча коомдук институт катары дискриминациялоо жана деградациялоо аракеттери дале жүрүп, аны коомду коргоочу миссиясынан жеке кызыкчылыктарды коргоочу миссияга трансформациялоо аракеттери күчөп жатат. Кыргызстанда коомдук миссиясынын аркасынан бириккен, ошонун айланасында баш кошкон журналистика калбай, анын ордуна ар кайсы күчтөрдүн колундагы же таасириндеги “журналистика” көбөйүп баратат. Эл аралык стандарттарды аркалаган айрым медиа-жамааттар, журналисттер резервацияланып, четте калды. Алардын абалды сактап калуу аракеттеринен жакшылыктуу майнап чыга элек. Бирок чыгабы?

Азыр “Азаттыктын” айланасында болуп жаткан процесстер ошол бизге анча көрүнө бербеген, билине бербеген жалпы процесстин алкагында болуп жаткан иштер. Бул процесстин аягы эмне болот, азырынча айтуу кыйын. Коомго өз алдынча кызмат кыла турган эркин, кесипкөй журналистика калабы же биротоло жок болуп, постжурналисттик жеке менчик медиа-ресурстары гана калабы, аны көрө жатарбыз.

Канча айткан менен да мындай акыбалдын келип чыгышына журналисттердин да күнөөсү аз эмес. Алар өз эркиндиги, басма сөз эркиндиги, кесипкөй журналистика үчүн баш кошо алышпады. Коомдогу ар кайсы керектөөчүлөрдүн керектөөчүлүк максаттарына баш ийип кетишти. Өтө өкүнүчтүү.

БУЛ АКЫРЫ ЭМЕС, БААРЫ БҮТКӨН ЖОК

Биз атактуу публицист Алым Токтомушев менен 2007-жылы Вашингтондогу “Кыжаалат журналисттер комитетинде” (“Комитет озабоченных журналистов”) болгонбуз. Алар эмнеден кыжаалат болгонун билдик, көрсө ал жакта журналистиканын чыныгы миссиясынан тайыган коммерциялык, башка да багыттагы журналистика ээ-жаа бербей өсүп жаткан экен. Бизге журналистика эмне экенин жакшы аңдабаган сабатсыз журналисттердин саны көбөйүп, коомго коркунуч жаратып жатканы тууралуу айтып беришкен. Биз кийин бул тууралуу Флоридада, Техаста, Огайодо, Нью-Йоркто да журналисттер менен баарлашканбыз. Аларда да ушундай чоочулоо бар экенин сездик, бирок баары бир кесипкөй журналистика коомго керектиги, ошондуктан ал жашай берерлиги, азыркы замандын медиа-чөйрөсүндөгү бороон-чапкындарды жеңип өтөөрү да кошо айтылган.

Анын сыңарындай, коомго дайыма чындык керек, объективдүү маалыматтар керек, коомдун гана кызыкчылыгын көздөгөн медиа-чөйрөлөр, кесипкөй журналисттер керек. Ошондуктан да буюрса бир ууч олигархтар, саясий партия деп аталган айрым саясий топтор, алар элдин добушун сатып алып жеткен бийлик ресурстары журналистиканы биротоло жеңип, аны коомдон сүрүп чыгара алышпас. Түндүн эң коюу караңгылыгынан кийин таң атып кетет, зарылдыктын шооласы, нуру коомго келип тиет, баары ордуна келет.

Анткени, ошол эле устат Дэвид Рэндалл айткандай, “Өкмөттүк калпты кадыресе жайылтып жаткан ар бир африкалык журналистке башка, акыйкаттыкты табуу үчүн өз өмүрүн тобокелге салганы табылат; коррупцияны иликтеп жаткан ар бир россиялык журналистке башка, көмүскө реклама жасоо менен ыплас акчага иштеп жатканы табылат; чуулдаган заголовоктордун алдында жөпжөнөкөй нерсени айткан ар бир британиялыкка башка, ведомстволук сыр сандыкты жана өкмөттүк айлакерликти ача алганы табылат”. Бизде да ошондой, жакшы журналисттер да бар. Чындык, акыйкаттык, объективдүүлүк жана кесипкөйлүк үчүн күрөш токтобойт, ал токтогон да эмес.

Жыртык бүтөлөт, ач курсак акыры тоёт, жамандык да жакшылыкка орун берет. Бүгүнкү фейктер согушу, маалымат үстөмдүгүнө болгон ач көздүк, коомубуздагы ыплас, бирок алдуу-күчтүү чөйрөнүн өзүн сактап калуу үчүн жүргүзүп жаткан аракеттери да бир күн таш каап, коомубуз нормалдашат. Ал эми нормалдуу коомдун башаты нормалдуу журналистикада, өз миссиясын билген жана ага берилген журналисттерде, ал журналисттердин натыйжалуу биримдигинде жана тилектештигинде. Азырынча ал нерсе жок, бирок алдыда баары болот.

Акырында басма сөз эркиндиги деген нерсени да тактап алганыбыз туура болор. Д. Рэндаллдын жогоруда аталган китебинде басма сөзгө жеке адамдар да, корпорациялар да ээлик кылары, бирок басма сөз эркиндиги элге гана таандык экени айтылган. Демек, басма сөз эркиндиги жалпы элдик максатты көздөйт, ар кандай басма сөз, медиа-ресурстар жалпы коомдун кызыкчылыгын көздөгөндө гана эркин боло алат. Башкача болууга мүмкүн эмес.

Жалил Сапаров

Жалил САПАРОВ,
“Контент-медиа” коомдук фондусунун директору.
Жалал-Абад шаары.