Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Түркия: “Жумхуриетке” жабылган көө

Түркия: “Жумхуриетке” жабылган көө

Түркияда “Жумхуриет” гезитинин террорчулукка айыпталган 17 журналистинин соту башталды. Эл аралык уюмдар Түркиядагы оппозициянын үнүн жеткирген акыркы басылмалардын бири куугунтукталып жатканын айтышат.

“Жумхуриет” же “Республика деп аталган басылманын 17 журналистинин соту башталган күнү Стамбулда ондогон адамдар нааразылык акциясына чыгышты. Журналист, активист жана саясатчылардан турган топ дүйшөмбүдө басылманын кеңсесинен сот имаратына чейин жүрүш жасап, “Прессанын оозун баса албайсыңар” деп кыйкырып жатышты.

Соттолуп жаткан журналисттердин көбү 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетинен үч ай өткөндөн кийин, октябрь айында кармалган. Алардын арасында “Жумхуриет” гезитинин башкы редактору Мурат Сабунжу сыяктуу Түркиядагы белгилүү журналисттер бар. Бул журналисттерге расмий Анкара кара тизмеге киргизген Гүлен кыймылына жана Күрт жумушчулар партиясы (PKK) сыяктуу тыюу салынган топторго жардам берген деген айыптар коюлууда.

Аларды коргоп нааразылык акциясына чыккандардын бири оппозициядагы Элдик-республикалык партиянын депутаты Барыш Яркадаш:

– Биздин журналист досторубуз жазган макалалары үчүн камалып жатышат. Албетте, өкмөт муну моюнга албайт. Мындан улам алар журналисттерди айыптоо үчүн Фетхуллах Гүлендин террордук уюму деген шылтоо табышты.

Тергөө башталгандан 156 күн өткөндөн кийин жарыяланган расмий корутундуга ылайык, гезиттин баяндамачылары, башчылары жана журналисттерине “куралдуу террордук топко мүчө болуу менен бирге аларга жардам берген”, “кызматына байланыштуу ишенимди жаман ишке колдонгон” деген айыптар тагылууда. Сот күнөөлүү деп тапса журналисттер 7,5 жылдан 43 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн. Учурда “Жумхуриеттин” сот жообуна тартылган 17 журналистинин 11и тергөө абагында кармалып турат.

Басма сөз эркиндигин жактаган эл аралык уюмдар жана Евробиримдиктин өкүлдөрү журналисттердин соту боюнча тынчсыздануусун билдирип, түрк бийлигин медиа кызматкерлерди куугунтуктоону токтотууга чакырышты.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча кеңсесинин башчысы Йоханн Бихр “Жумхуриет” гезитинин өзгөчөлүгүнө токтолду:

– Жумхуриет” өлкөдөгү акыркы көз карандысыз медиа каражаттарынын бири. Андыктан бул журналисттер эмне үчүн соттолуп жатканын жакшы түшүнсө болот. Аларга акылга сыйбаган террорчулук айыптары тагылып жатат. Алар түрмөгө түшпөшү керек. Мындай улам биз аларды жана абактагы башка журналисттерди тез арада бошотууга чакырабыз.

Түрк бийлиги 250дөн ашык адамдын өмүрүн алган былтыркы төңкөрүш аракетин АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлендин кыймылы уюштурду деп ишенет. Аталган кыймыл бул айыптарды четке кагып келет.

Расмий маалымат боюнча, Түркияда соңку бир жылда төңкөрүш аракетине байланыштуу 150 миңдей киши иштен алынып, 50 миңдейи камакта отурат. Баш-аягы 150дөн ашык маалымат каражаты жабылып, аларда иштеген 2500дөй журналист ишсиз калды.

Медиа эркиндиги жаатында иш алып барган “P24” уюмунун маалыматы боюнча, Түркияда 166 журналист темир тор артында жатат. “Журналисттерди коргоо комитети” акыркы бир жылда Түркия журналисттерди эң көп камаган өлкөгө айланганын билдирген.

Бирок президент Режеп Тайип Эрдоган бул айда Би-Би-Сиге курган маегинде эл аралык коомчулуктун сынын четке кагып, төңкөрүш аракетинен кийин журналист деген күбөлүктүн артына жашынгандар адамдар гана кармалганын айткан:

– Камактагылардын журналист деген табияты жок. Алар же террорчулук уюмдар менен иштешкен, же курал алганы үчүн, же банкоматтарды бузганы үчүн камакка түшкөн. Алардын чөнтөктөрүндө өкмөт тарабынан берилген сары пресс-карталары жок. Өздөрүн журналист деп атап жатышат. 170тей журналист камакта деген маалыматтардын баары жалган. Учурда журналист деген наамды алып жүргөн эки киши гана камакта. Андан башкалары жалган. Бул жалган менен бүтүндөй дүйнөнү алдабайлы.

Эрдоган “жалган журналисттер” деп атаган адамдар былтыркы төңкөрүш аракетинен кийин киргизилген өзгөчө кырдаал режими маалында камалышкан.

17-июлда президенттин “Адилет жана өнүгүү” партиясы көпчүлүктү түзгөн парламент аталган режимди ушуну менен төртүнчү жолу дагы үч айга узартты. Эки жума мурда төңкөрүш аракетинин бир жылдыгын утурлай окуянын курмандыктарын эскерген президент Эрдоган Түркия “тазаланмайынча” өзгөчө кырдаал режими алынбайт деп бекем айтты.

Камоолорду жүргүзүү үчүн өкмөттүн ыйгарым укуктарын кеңейткен бул режим иштеп турганда дагы канча киши кармалып, канча журналист жоопко тартылары бүдөмүк бойдон.

https://www.azattyk.org/a/turkey_trial_starts_for_journalists_charged_with_terror_offences/28635595.html

Окшош посттор