Ош областы: иликтөө журналистикасынын абалы

20.05.2019

Рубрика: Аналитика

Басып чыгаруунун версиясы

Кыргызстандын түштүк аймагында акыркы жылдары журналисттик иликтѳѳ жүргүзүү иштери жанданууда. Анткени менен, жакында эле иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаковдон 50 млн сом өндүрүү үчүн Оштук ишкер Жалил Атамбаев сотко доо арызын жазып, кайра кайтарып алды. Көмүскө иш жүргүзүп жаткан кумарканаларды изилдөө учурунда эки журналист ур-токмокко кабылды.

Иликтөө жасоого даремет керек

Таир Турсуналиев атындагы медиа-мектептин жетекчиси Данияр Садиев акыркы жылдары Кыргызстандын түштүк аймагында журналисттик иликтѳѳнүн элементтери менен аналитикалык материалдар жасала баштаганын белгиледи:

«Кѳп журналисттер күнүмдүк кабарларды, жаңылыктарды даярдоого гана басым жасашат. Иликтөө үчүн кесипкөйлүк жана тажрыйба керек. Анткени менен, бизде Арген Нуров, Альмира Абидинова, Марат Акимбек уулу, Назгүл Акуновалар журналисттик иликтѳѳнүн элементтери менен аналитикалык материалдарды даярдашууда. Бирок, биздин айрым иликтѳѳ материалдарынан кийин Ош шаардык мэриясы биздин журналисттерди иш-чараларга чакырбай калды», – деди Д.Садиев.

Ал эми «Ош ТВ» телеканалынын башкы директору Керим Калыкулов иликтѳѳ менен алектенген журналисттердин аздыгын бир нече себептерге байланыштырды:

«Биздин телеканал гонорардык система менен иштейбиз. Жогорку калем акы журналисттик иликтѳѳ элементтери менен даярдалган материалдар үчүн коюлат. Бирок, иликтѳѳ материалын даярдоого журналисттердин кесиптик дареметинин жетишсиздиги, маалыматтардын ачык эместиги, маалымат алууга болгон укуктарын аз билгендиги олуттуу себептерден болуп саналат. Ошондой эле журналисттик иликтѳѳлѳрдү даярдатып, эфирге берүүгѳ ар түрдүү объективдүү жана субъективдүү себептерге байланыштуу ЖМК жетекчилеринин эрки да талап кылынат»,- деди К.Калыкулов.

 

Маалыматтын жабыктыгы

Иликтѳѳ менен алектенген журналисттердин айтымында, бир катар мамлекеттик органдардан маалымат алуу кыйынга турат.

«Милициядан, прокуратурадан, каржы полициясынан, экотехинспекциядан маалымат алуу татаал. Прокуратура суроо-талапка жооп бербей койгон учурлар кѳп болот: «Тергѳѳ жүрүп жатат», «Ѳз убагы келгенде маалыматты ачыктайбыз» деп коюшат»,- деди «TMG» телеканалынын журналисти Арген Нуров.

Ал эми «НТС» телеканалынын журналисти Гүлжан Алтымышбаева аймактарда иштеген журналисттер үчүн эксперттердин аздыгы жана маалыматка жетүү кѳйгѳйүн айтып берди:

«Мамлекеттик кызматкерлер, аткаминерлер маалыматка ачык эмес, кѳйгѳйлүү маселелер болгондо интервью берүүдѳн баш тартып турушат. Кѳпчүлүк министрликтер, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы борбордо жайгашкан. Региондордо иштеген журналисттер үчүн маалымат алуу татаалдыгы бар»,- деди Гүлжан Алтымышбаева.

 

Журналисттерди «сатып алуу» аракеттери кездешүүдө

Акыркы 5 жыл аралыгында журналисттик иликтѳѳ менен алектенип жаткан Ыдырыс Исаковдун айтымында, шайлоолор сыяктуу ири окуяларда журналисттерге күч колдонгон учурлар болуп келсе, ал эми кайсы бир даректүү маселелер боюнча маалымат алууга барганда, журналисттерге пара берип, сатып алуу аракеттери кездешүүдѳ.

«Журналисттерди соттотуп, каматып жиберем деген сыяктуу опузалоо тенденциялары бар. Бирок, эгер кааласа журналистти сатып алып, аны жалдап кайсы бир душманыма каршы колдоном деген түшүнүк эл арасында пайда болду. Жетекчилер журналист менен согушуп, же аны менен соттошууга караганда акча менен сатып алуу арзанга түшѳөрүн билип калышты. Ошонун айынан жеке телеканалдарда сапаттуу маалымат чыкпай калды», – деди «Азаттык» радиосунун Ош облусу боюнча журналисти Ы.Исаков.

Журналисттерге пара берүү аркылуу сатып алуу аракеттери кѳп кездешип жатканын бир катар журналисттер жана ЖМК жетекчилери да баса белгилешти.

 

ЖМК ээлеринин эрки керек

Арген Нуровдун пикиринде, журналисттик иликтѳѳ Кыргызстанда жакшы деңгээлде ѳнүгѳ элек, иликтѳѳ ишине ЖМК жетекчилери тарабынан да олуттуу кѳңүл бурулбай жатат.

«Мен мурда иштеген телеканалда журналисттик иликтѳѳ иштерине жетекчилик жакшы кѳңүл бурчу эмес. Менин баамымда, мыйзам бузуулардын бетин ачкан материалдардын даярдалышына жетекчилик ѳзү кызыкдар эмес сыягы», – деди Арген Нуров.

«Журналисттик иликтѳѳ аракетин кѳргѳн журналисттер коомдогу терс кѳрүнүштѳрдүн бетин ачкан материалдарды даярдашканы менен, айрым ЖМК кожоюндары аны эфирге чыгарбай, журналисттердин шаабайын сууткан учурлар болот, – деди Ыдырыс Исаков. – ЖМК жетекчисинин кѳз карандылыгынан улам курч мүнѳздѳгү материалдар эфирге чыкпай калат. Жеке телеканалдардын ээлери бир эле убакта ишкердик жана саясий кызыкчылыгын коргогусу келет».

Ал эми Т.Турсуналиев атындагы медиа мектептин жетекчиси Данияр Садиев журналисттик иликтѳѳлѳрдүн аз жасалып жатканы редакциялык саясаттын кѳз карандылыгынан деп эсептейт:

«Ар бир медианын артында бир чиновник, же бир саясий фигура турат. Иликтеп келгенде эле бирѳѳнүн башы кылтыйса, бир телефон чалуу менен иликтѳѳ токтоп калат. Аны эфирге чыгаруу баарынын эле колунан келе бербейт», – деди Д.Садиев.

«Идар Медиа» мекемесинин жетекчиси Тургунбай Алдакуловдун пикиринде, журналисттер ѳз коопсуздугу үчүн тобокелге баруудан карманышат:

«Укук коргоо органдарына болгон ишеним жок. Эгер кылмыш иши козголсо, журналистти коргоп ала турган ЖМК кѳзкарандысыз болушу керек. Ошондой эле Кыргызстандагы тууганчылык мамилелер, уруучулук түшүнүктѳр журналисттик иликтѳѳгѳ терс таасир эте турган жагдайлар», – деди Т.Алдакулов.

 

Иликтөөчү журналисттер сабалды, сотко чакырылды

Ыдырыс Исаковдун «Ош: салыктан буйтаган «ишкерлер» деген иликтѳѳсүнѳн кийин, апрель айында, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы текшерүү иштерин баштап, айтылган фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, учурда Жазык кодексинин 232-беренеси («Салык тѳлѳѳдѳн жана милдеттүү тѳлѳмдѳрдѳн качуу») боюнча текшерилип жатат.

Көп өтпөй, иликтөөдө башкы фигура аталган ишкер Жалил Атамбаев журналист Ы.Исаковдон 50 млн сом өндүрүү максатында сотко доо арызын жазып, кайра арызын кайтарып алды. 20-май күнү ошол тосмо арыз боюнча соттук териштирүү өтөт.

Өткөн аптада болсо, «Азаттык» радиосунун журналисти Ыдырыс Исаков жана «Нур» телеканалынын журналисти Даткабек Шабданбеков Ош шаарында көмүскө иш жүргүзүп жатат делген кумаркананы иликтөө учурунда ур-токмокко кабылышты. Журналисттердин бети-колдору сыйрылып, колдору кайрылып, кийимдери тытмаланды.

Иликтөө менен алектенгиси келген журналисттер ушундай инциденттерден кийин чоочулап калган жокпу деген пикир жаралат. Көмүскө кумаркананын күзөтчүлөрү тарабынан ур-токмокко кабылган журналист Даткабек Шабданбеков мыйзам бузуу фактыларын коомчулукка алып чыгып, шардана кылынганы менен бийлик тарабынан тийиштүү чаралар көрүлбөй жатканын баса белгиледи:

«Журналисттер далил-фактылары менен көрсөтүп, мыйзам бузууларды ЖМК жана соцтармактар аркылуу жарыялап жатса да, ага бийлик жана укук коргоо органдары тарабынан укуктук баа берилбей келатат. Жыйынтык, тыянак болбой жатканы үчүн иликтөө менен алектенген журналисттердин көӊүлү суздап кетип жатат», – деди Д.Шабданбеков.

Ош облусунда 10 телеканал, 3 радио, 10дон ашуун шаардык жана аймактык гезиттер иш жүргүзөт.

Гүлзат Газиева,
«Журналисттер» коомдук бирикмесинин Оштогу өкүлү