Нарындын райондук гезиттеринин ургалдары

30.08.2019

Рубрика: Аналитика

Басып чыгаруунун версиясы

Нарын дубанынын аймагында төрт райондук гезит жарыкка чыгат. Мындан Нарын району менен Нарын шаары коомдук-саясий басылмага эгедер эмес. Айрымдарына бир аз сереп салып көрсөк.

Кочкор райондук коомдук-саясий гезити “Эмгек Туусу” деген аталышта жарык көрөт. 85 жылдык тарыхы бар гезит учурда 1885 нуска менен айына эки жолу “Учкун” ААКдан басылып чыгат экен. Бул гезиттин №17-18-сандарындагы “Улуулардын көчүн улаган улуу жүрүш” аталыштагы баш макалада: “Бул согушта 130 миңден ашуун кыргызстандык атуул курман болгон. Алардын армандуу сөөктөрү (!) талаа, токой, кыштактарда калды”, – деп жазылыптыр. Биринчиден, маалымат калпыс, себеби согуштан 150 миңден ашуун кыргызстандык курман болгондуктары ырасмий айтылып келет. Экинчиден, армандуу сөөк деп эмнени түшүнсөк болот? Бирок ушундай стилдик жана так эмес маалыматтарга карабастан аталган басылмада ар тараптуулук орун алгандыгы билинди. Маселен, биринчи жана ички эки бет жалаң Улуу Жеңишке арналса, райондук турмуштан кабарларга да орун кеңири берилген. Негизинен, “Эмгек Туусу” гезитинин төрт санын барактап, акимдин буйруктарын, кесиптик даталарга карата материалдарды окудук. Ошол эле учурда өткөн замандын илебинде жазылган сулп-сулп мактоого алынган материалдар да ар бир санда кездешти.

Ат-Башы районунун гезити “Ат-Башы жаңылыктары” деп аталат экен. 1935-жылы негизделген басылма ”ММКны колдоо борбору” басмаканасынан 1800 нускада айына эки жолу жарыкка чыгат. 84 жыл аралыгында “Социалисттик мал үчүн” (1935-1938-жж), “Социалисттик Жеңиш” (1938-1965-жж), “Жеңиш Жолу (1965-1989-жж) деп аталып келгендиги жазылып турат. Бул гезитте дагы райондук маалыматтар арбын жазылгандыгын байкаса болот. Бирок, тилекке каршы, мурунку доордон чыга албай, бир эмес эки бетти толугу менен бир мекемеге арнагандан кайра тартпаптыр. Ошону менен бирге жазылуу жараянынын ургалына көңүл түштү. Бир макала “Көрктөндүрүү, жашылдандыруу көңүлдөгүдөй (!) жүргүзүлдү” деп берилген экен. Макала, маалыматтарда: “10 түп голубой ель…”, “Райпонун” алдына…”, “ЭВМ заводунун училишасынан…”, “4 сому запчастка…”, “анын секрети деле жок…”, “водопроводдун суусу” ж.б.д.у.с. кыргызча-орусча аралаш сөздөрдү кезиктирсе болот.

Ак-Талаа райондук “Айыл Турмушу” гезитине кайрылсак. 79 жылдан бери чыгып келе жаткан бул аймактык басылма дагы айына эки курдай 700 нускада “Учкун” ААКсынан басылып чыгат. Бул гезитте райондук кабарлардын дээрлик жоктугун байкасак болот. Мисалы, 1-15-майдагы санда үч, 1-15-июндагы санда райондук алкакта эки гана кабар жарыяланган. Калган беттери “Ак-Талаанын тарыхын адамдары түптөгөн” сыяктуу көлөмдүү материалдар менен толтурулган. Бул басылмада дагы кыргызча-орусча аралаш сөздөрдү кезиктирсе болот: “райондук водхоздо…”, “землеустроутель болуп…”, “комхоздо иштеген…”, “согуш инвалидине чыгаралы десе…”, “райисполком, облисполкомдун алкыштарына ээ болгон”. Гезиттин айрым кызматкерлери өзүн текшерүүчү катары сезип калгандыгы байкалат. “Ак-Талаанын алыскы айылынын айтып бүтпөс арманы” аттуу көлөмдүү макалада автор: “Билим берүү сапатын текшерүү үчүн Ж.Токелов атындагы орто мектебине барганымда мектептин акыбалы жакшы экен. Айткандай артта калбай алдыңкы окуучулар окуп жатыптыр”, – деп жазат. Жыйынтыгында, аймактардагы маалымат каражаттары чыныгы реформалоого муктаж экендиги ачык билинди.

Күмөндөр Усуптегин,
“Журналисттер” КБнын Нарын областы боюнча өкүлү