Нарындагы кесиптик деңгээлдеги кемчиликтер

20.07.2019

Рубрика: Аналитика

Басып чыгаруунун версиясы

Соңку учурда өлкөдө, анын ичинде аймактарда маалымат таратууда жеңил желпилик башкы орунга чыккансыйт. Айрыкча мындай көрүнүш айрым сайттарда көнүмүш көрүнүшкө айланды. Салмактуу деп аталган мамлекеттик ЖМКларда деле алешемдиктер орун алууда.

Алсак, Нарын областынын аймагына толук тараган бир гана “Теңир Тоо” гезити бар. КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги уюштуруучу болуп эсептелген мамлекеттик басылма аптасына туруктуу бир жолу 2500 нускада жарыкка чыгат. 80 жылдан ашык тарыхы бар гезитте эки муундун журналисттери эмгектенет.

Гезитке жарыяланган айрым одоно каталарга токтолсок. 7-майдагы №31-32-сандарында област жетекчиси Аманбай Кайыповдун Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата “Тарыхтагы өчпөс из” аттуу куттуктоосу жарыяланган. Анда “Нарын жергесинен 18 миң 881 адам чакырылса, согуш талааларында курман болуп же дайынсыз жоголгондордун саны 11 миң 547 адамды түздү… Бүгүнкү күндө Нарын облусунда 13 согуш ардагер, 49 ооруктун эмгекчилери биздин арабызда”, – деп айтылат. Ал эми гезиттин ушул санынын 4-бетиндеги “Эрдиктери унутулбайт” аталыштагы чакан макалада “Нарын облусу боюнча курман болгондор 5260 киши, 480 жарааттан улам каза болгондор, дайынсыз жоголгондор 2793тү түзөт… Облуста 12 согуш майыбы жана катышуучулары бар” деген маалымат келтирилген. Сандарды кошуп эсептесек жалпысы 8533 киши болот экен. Айырмасы 3014 адам.

5-июндагы № 39-40-сандардагы гезиттин биринчи бетинде “Майрамдык маанайда” деген макалада “1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Нарын шаарындагы Алма-Бак паркында майрамдык иш-чара болуп өттү… Бишкек шаарынан “Керемет көч” балдар театры келип, бөбөктөргө майрамдык маанай тартуулашты” деген жагымдуу маалымат жарыланат. Бирок ушул эле сандын экинчи бетинде “Маскарапоздун мазагы” (Уят эмеспи) аталыштагы сын макала жазылган. Анда ошол эле Алма-Бак паркында 1-июнь күнү болгон майрамдык иш-чарада маскарапоздун жамбашты чайкап, алаасынан колун чыгарган жосунсуз жоруктары сынга алынган. Бул жерде да үндөш макалалардын карама-каршы жазылышына маани берилген эмес.

Ошону менен катар кызмат адамдардын аты жөндөрүн туура эмес жазуу, айыл аймакты айыл өкмөт менен чаташтыруу сыяктуу майда, бирок маанилүү каталар да орун алгандыгын белгилесек болот.

Өз ысымын айтуудан баш тарткан жергиликтүү журналисттин баамында көп көйгөйлөр бар.

“Нарында кабарчылардын кесиптик деңгээли орточо эле. Күчтүү журналисттер жокко эсе. Тескерисинче, билими, тажрыйбасы жок бирок дымагы асмандагандар иштеп калышты. Гезит мезгил ыргагынан артта калууда. Ал үчүн жаңыча чыгаруу керек”, – дейт ал.

Күмөндөр Усуптегин,
“Журналисттер” КБнын Нарын областындагы өкүлү