Жаркын Ибраева: «Күн сайын журналист болуу кыйын»

23.11.2012

Рубрика: Аналитика

Басып чыгаруунун версиясы

«Naryn.kg» медиа борбору  2007-жылдын 30-майында Адилет министрлиги тарабынан каттоодон өткөн. Нарындагы бул медиа борбор  журналистердин  катарын толуктоо жана алардын билимин жогорулатуу максатында иш алып барат. Көптөгөн жаштарды тарбиялоо менен жаштарга үлгү боло турган  аталган  борбордун жетекчиси  Жаркын Ибраеваны  кепке тарттык.

-Саламатсызбы Жаркын Бейшенбаевна,  медиа борбордун беш жылдыгы менен куттуктайбыз. Өзүңүз, бала чагыныз тууралуу айта кетсеңиз?

– Саламатчылык/. Мен атамдын эрке кызы болуп Нарындын Ак-Сай , Карга-Жайлоо деген жайлоолорунда өткөрдүм. Атам Ыбырай беш жашымда тамга  үйрөткөн (мени чоң ата, чоң энем өстүргөндүктөн аларды «ата», «апа» деп чоңойдум).  Атама  Төлөгөн Касымбековдун «Сынган Кылыч» деген романын окуп берип дүйнө таануум башталса керек.  Себеби, атам Алиппе эмес ошол китептен тамга үйрөтүп, мен аны кайра кайталап окуп, ошол китеп менин биринчи Алиппем болгон. Кийин ал чыгарманы студент кезимде кайра бир окуп чыктым. Атам китепти жакшы көрсө керек, биздин билим алышыбызга да жакшы жолго коюп, бүт аракетин жумшаган.  Бала кезде жайлоодогу күндөр жомоктой экен, эми байкасам. Түнкүсүн жылдыздар жерге түшчүдөй болуп,  кол жете тургандай эле. Азыр андай асман жоктой сезилет. Анан мектепти күмүш медаль менен аяктадым. Пионер болгонго да жетишкем. Ал кездеги отличниктерди «Артек» пионер лагеринде эс алып, ал кездеги СССР деген мамлекеттин ар бурчунан достор менен кат алышчумун, Атам почточунун планын сен эле толтурасын деп күлүп калчу.

-Эмне себептен ушул кесипти тандап алдыныз?

-Журналистика кесиптердин эң кызыктуусу деп ойлойм. Журналист болуп калышыма ата-энемдин тарбиясы болду окшойт. Ар дайым чындыкты айткым келчү, туулган айылым Жан-Булактын кооз жаратылышы, мектепте билим берген мугалимдерим түрткү болсо керек. Апам Шарапат дагы тамак жасап жатканда бизди аралыштырып, элдин апаларындай жомок айтып бербестен азыр да эсимде Артур Конан Дойлдун Шерлох Холмс чыгармасынан күндө бир аңгемесин айтып берчү.

Биринчи класска барыш үчүн жайлоодон айылга түштүм, өз ата энемдин колуна . Алардын тарбиясы жакпай калганда жайлоодогу атама болгонун болгондой кылып бир блокнотко жазып келгенде отчет берип, эл мен үчүн тил угушчу. Азыр «сенин журналист болооруң ошондо эле билинген» деп күлүп калышат.  Мен бирок кыргыз тилден сабак берген мугалим болгум келчү, азыр да ошол тилегим бар. Бирок жогоркуу окуу жайды тандаар кез келгенде мектепте республикалык гезиттерге жазып жүргөн макалаларың бар экен деп агайым Жедигер Саалаев, Чыныбай Турсунбековдор журналистика факультетине тапшыруума өбөлгө болушкан.

– Жумуш жаатында алгачкы  жеңишиңиз?

-Алгач жеңишим деп Теңир-Тоодо биринчи ирет коммерциялык Алмаз-Нарын деген радио ачканыбызды айтаар элем. Биз ал радиону Нарында алгач ачканда андай көз карандысыз радио жөнүндө түшүнүк жок болчу. Ошону алып келип бир угармандардын муунун тарбияладык.  Эл аралык «Internews”  уюму уюштурган республикалык сынакта региондогу мыкты радио журналист деген номинацияда «Стремление»  байгесине ээ болгом.

Негизи журналист кесиптик ишмердигинде бир социалдык көйгөйдү көтөрүп ал чечилсе, же чын эле нейтралдык макала жаза алсаң ал күн сайын болгон жеңишин болот.

– Кандай кызмат көргөзүп иштеп келдиниздер?

-Кийинки кезекте «naryn.kg» медиа борборун ачтык. Элетке кадрлар келе бербейт эмеспи, журналисттикке да  кадрлар келе бербейт.  Ошондуктан жергиликтүү жаштардын потенциалын  пайдаланып, кадрларды даярдайлы деген максатта ачканбыз Экинчи максатыбыз, бул борборду ачып жатканда көптөгөн нарындык журналисттердин элементарлуу олтурган кеңсеси  жок эле. Мурдакы бийликтин учуру болгондуктан сөз эркиндиги муунтулуп турчу. Апрель революциясынын катализатору болгон нарындыктар февралдан баштап өткөрө баштаган митингдер жөнүндө маалыматтар дал биздин медиа борбордо жаралган десем жаңылышпайм. Себеби, биздин борбор пикирди эркин айтып чогулуучу маалымат аянтчасы болуп келген. Бизде ушундай аталыштагы жергиликтүү сайт интернет колдонуучулардын баарына облуста болуп жаткан окуялардан маалымат берип турат. Биздин сайтта кыргыз чиновниктеринин ичинен биринчи болуп облус губернатору К.Муратбеков блог ачкан. Каалоочулар азыр да ал блогго кирип, облус башчысына суроо берип жооп ала алышат.

Бизге  учурда да оппозициялык маанайдагы адамдар келип өз пикирлерин билдире алышат. Биздин оюбузча баардык маселе сүйлошүү жолу менен чечилиши керек. Мактана туруучу нерсебиз –  поляк өнөктөштөрүбүз регионалдык сайттардан биздин «naryn.kg» сайты жакшы көрсөткүчкө ээ экендигин айтышкан. Бул биздин нарындык сайт иштеп чыккан жаштарыбыздын жеңиши.

-Жетишкендиктер жана кыйынчылыктар тууралуу айта кетсеңиз?

-Кыйынчылыктар көп эле болду, Интернеттин бизде кымбаттыгы көкөйгө көк таштай эле тийди. Мурдакы бийлик учурунда бизди саясый көз карашта куугунтукташчу. Митингдерди чагылдырабыз деп айылдарга барып, жатаарга жер жок кышкысын түндө эшикте калган күндөр болгон. Ар бир жумуштун кыйынчылыгы болот Андыктан ал жөнүндө ойлоштун кереги жок. Кыйынчылыктан корккон киши столдун алдына кирип жатып алыш керек да. Болгону биздин кесип өмүрүн тобокелге салган кесиптердин алдыңкы сабында экенин унутпашыбыз керек.

Жетишкендигибиз –  жакшы журналисттердин муунун тарбиялай алдык. Азыр далайы борборубузда иштеп жүрүшөт. Жеке өзүм көп чет өлкөлөрдө болдум, көп тажрыйба топтодум. Мыкты журналисттер менен жакшы мамиледе болуп,алардан көптү үйрөндүм, учурда өзүм кайра  медиа тренерликти да аркалай калам. Эң башкысы адамдар үчүн иштеп, өз ишин мыкты билген карапайым адамдар менен таанышып, алардын эмгегин даңктадым. Алыскы жакынкы өлкөлөрдөн жөн гана тааныш эмес, досторду күттүм.

– Жаш журналистерге көз карашыныз?

-Мезгилдин талабы менен жаш журналисттер да келишти. Ал жакшы нерсе. Азыркы журналисттер үчүн баардык шарттар түзүлгөн. Керек болсо кол жазмабыз кандай экенин билбей калдык компьютер менен иштеп, техникалык жактан да, билим алуу жактан да, сырттан окуу жактан да баардык шарттар түзүлгөн болгону адамдын каалоосу керек. Ушундай шартта биздин журналисттерибиз бирөөлөрдүн колунда саясий курал болбостон, журналистиканын стандарттарын, этикасын карманып иштөөлөрү зарыл. Мен аларга ар дайым түз көз караштамын. Бирок жалгыз эле атакты  кааласак бул кесипке келбей эле коюш керек.

Эмнелереди жактырасыз?

-Окуганды жана окуганды. Кайсыл жакка барбайын ошол жактан бир чыгарма окуп келгенди жакшы көрөм. Китеп окубай жашай албайм. Жаш журналисттерден эмне китеп окудуң акыркы жолу дегенде, « билбейм» десе мен андай киши менен таптакыр иштеше албайм. Анан чындыкты жакшы көрөм.

Маектешкен Алмагүл Турдалиева, «Алмаз+» газетасы, 16-ноябрь, 2012-жыл