Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өнүкпөй жатышына журналисттер күнөөлүү

02.10.2013

Рубрика: Аналитика

Басып чыгаруунун версиясы

Жакында Кыргызстандагы орус жана кыргыз тилдүү басылмалардын өнүгүүсү жана алардын ортосундагы айырмачылыгы тууралуу тегерек стол өтүп, ага Орусия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү, Кыргыз-Орус-Славян университетинин эл аралык журналистика кафедрасынын жана Бишкектеги ЖОЖдордун журналистика факультетинин окутуучулары катышты. Чындыгында, кыргыз жана орус тилдүү басылмалардын арасындагы көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн мындай тегерек стол буга чейин да болуп келген экен.

Бирок, көпчүлүк учурда кыргыз тилдүү басылмалардын өкүлдөрүнөн эч кимиси катышпаганы өкүнүчтүү дейт орус тилдүү уюштуруучулар. Бул жолку жолугушууга да чакырылган кыргыз тилдүү массалык маалымат каражаттарынан көпчүлүгү келбептир. Республиканын аймагында чыгып жаткан гезит-журналдарда кээ бир макалалар этникалык чагымчылдыкты чакырганы ачык эле көрүнүп турат дейт, жыйындын катышуучулары. Бул жерде баарынын көйгөйү бирдей, албетте, жазмакерлер аны түшүнүү менен кабыл алуу керек. Кыргызстан стабилдүү мамлекет болушу үчүн гезит-журналдардын эки тилде чыгышы керек экендигин баса белгилешти. “Аргументы и Факты” гезити орус тилдүү калкка гана ылайыкташтырылгандыктан аны кыргыздар көп окуй беришпейт. Азыркы гезитибиздин нускасы деле жаман эмес, ошентсе да кыргыз тили мамлекеттик тил, аны өркүндөтүшүбүз керек деген максатта макалалардын жарымын кыргызча, жарымын орусча чыгаралы деп пландаштырып, гезитке жарыя бергенин айтышты. Тилекке каршы, орус тилдүү окурмандар бизге гезиттин азыркыдай эле чыгышы жагат, кыргызча түшүнбөйбүз деген сунушун айтыыптыр. Ал эми кыргыз тилдүү бир да жаран туура кылдыңар деп телефон чалып, же айтып да коюшпады, тилге кайдыгер карашат, мындай кайдыгерликтен мамлекеттик тил эч качан өнүкпөй турганын баса белгилешти. Учурда орус тили же кыргыз тили болобу баардыгы адабий тилди жоготуп бараткандыгын кеп кылышты. Көпчүлүк жаштар интернеттен чыгышпайт, же жеңил жазылган макалаларга кызыгышат. Атүгүл кичинекей кызыма илгерки жомокту окуп берсем адабий тилдерин түшүнбөй койду дейт, жыйындын катышуучуларынын бири. Азыркы адабий тилдин жоголушуна журналистиканын да салымы бар. Көпчүлүк журналисттердин сабатсыздыгынан сыналгы, үналгы, басма сөздөрдө катачылык кетээрин баса белгилешти. Адабий тилди журналисттер бузуп жатабы же журналисттерди адабий тил бузуп жатабы деген суроо менен ар кандай талкуу сөздөр болду. Орус элчилиги тил үйрөнүү боюнча бир топ кыргызча-орусча сөздүк, китептерди чыгарып берген экен. Бирок, учурда алыскы аймактагы кыргыздар орусчаны үйрөнүүгө, ал эми орустар кыргызчаны үйрөнүүгө ашыгышпайт, кызыгышпайт экен. Ал эми кыргызча үйрөнгүсү келген башка улуттун өкүлдөрү үчүн атайын методика иштелип чыкпай эле кыйноо жолуна түшүп алганын да белгилешти. Кыргызчадан орусчага которулган улуу жазуучулардын чыгармалары да одоно бурмаланганын айтышты. Мисалы, Ч.Айтматовдун “Тоолор кулаганда” чыгармасы “Когда падают горы” болуп түзмө-түз эле туура эмес которулганын, мындай одоно котормолор башка жазуучулардын чыгармаларында да көп экенин айтышты. Жергиликтүү ММКлардагы макалалардын акыркы кездеги кемчиликтери жана орусчадан кыргызчага же тескерисинче кыргызчадан орусчага туура эмес которулгандыгы тууралуу да сөз болду. Бир кездерде СССРдин убагында он беш республиканын ММКлары биринин макаласы экинчиси көчүрүп, кайталанма маалыматтардан баш айланчу. Азыр сөз эркиндиги бар, андыктан изденип, бир же эки эле адамдын кызыкчылыгын коргоп, буйрутма макалалардан алыстап, коомго кызык маалыматтарды берсе деген гана тилегин билдиришти жыйын катышуучулары.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, “Жаңы Агым”, 27-сентябрь, 2013-жыл