Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

“Занозага” каршы үч иш

“Занозага” каршы үч иш

Бишкектин Октябрь райондук сотунда 29-июнда “Заноза” сайтынын журналисттерине байланыштуу үч жараян башталды. Башкы прокуратура аталган сайтта жарыяланган макалалар президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди деп сотко берген. Башкы көзөмөл орган журналисттерден бир нече миллион сом доо талап кылууда.

Үч ишке тең президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди деген Башкы прокуратуранын арызы себеп болду.

Судья Гүлчехра Оморова төрагалык кылган алгачкы жараянда Нарын Айыптын эки жыл мурда Zanoza.kg сайтына жарыялаган макаласы боюнча баш прокурор Индира Жолдубаеванын арызы каралды. Башкы прокурор бул макалада журналист Айыпты президент Алмазбек Атамбаевди атайлап каралап, жалган маалыматты тараткан деп күнөөлөгөн.

Мамлекеттик айыптоо келтирген жүйөгө ылайык, Нарын Айып мурдагы президент Аскар Акаевдин 7-каналга берген маегинде Атамбаевдин дарегине айтылган маалыматтын жалган экенин билип туруп, аны макаласында колдонгон. Өз жүйөсүн мамлекеттик айыптоочу Нина Устинова төмөнкүчө негиздеди:

– Zanoza.kg сайты аркылуу интернетте жайылтылган макалада автор окурманды бир тараптуу түрдө президент Атамбаев кылмыш кылган деген ойго түртөт. Тактап айтканда, Жазуучулар союзунан 50 миллион рублди кымырып алган деген жалган айыптоо менен сөзмө-сөз түрдө төмөнкү нерсени бышыктап жатат. Мындай жол менен мурда президент болуп 2005-жылы элдик ыңкылаптан улам бийликтен кеткен Аскар Акаевдин ойлору менен куралданып алып, автор учурдагы президентти кылмыш кылган деп негизсиз айыптап жатат.

Прокуратуранын айыптоосу

Прокурор Нарын Айып мурдагы Акаевдин айткандары жалган экенин мурдатан эле билген деп бышыктоодо. Буга далил катары 2014-жылы Коомдук телеканалдан Акаевдин калпын чыгарган интервью көрсөтүлгөнүн айтышууда.

Бул көрсөтүүнү даярдоого Коомдук каналдын “Ала-Тоо” маалыматтык дирекциясынын продюсери катары Нарын Айып түздөн-түз катышкан деп негиздеп жатат.

Прокурорлор 1990-жылдардын башында Кыргызстан жазуучулар союзунан бөлүнгөн каражатка Алмазбек Атамбаевдин тиешеси болбогонун, аны ырастоочу документтер жана Жазуучулар союзунун ошол кездеги жетекчилеринин көрсөтмөсү бар экенин айтып, сотко тааныштырды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын өкүлү Руслан Абдрахман:

– Биринчиден, Алмазбек Атамбаев Жазуучулар союзуна берилген 50 миллион рубл же сомго которгондо 250 миң сомго эч кандай тиешеси жок болгон. Биздин колдогу документтер бул кишинин аталган каражатты кайсы бир тарапка коротуу эмес, аны алууга да мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Анткени ал Жазуучулар союзунун расмий мүчөсү эмес, штаттан тышкары кызматкери болгон. Штаттан тышкаркы кызматкер бухгалтерияга аралаша алабы? Албетте жок.

Ошондуктан мамлекеттик айыптоо бул иш боюнча Нарын Айыптан 3 миллион сом, Zanoza.кg сайтын негиздеген “Промедиа” фондунан 3 миллион сом доо талап кылууда.

Бирок Нарын Айып жана анын жактоочулары бул ишти саясий куугунтук катары баалашты. Журналисттин айтымында, өзү жазган макалада президентти мыйзамсыз байыды деген эч кандай сөз болбогонун билдирүүдө:

– Макалада Атамбаев акча уурдаган, мыйзам бузган деген сөздөр жок. Ал эми прокурор мени ушинтип жазган деп айтып жатат. Экинчиден, доо арызды козгош керек деп Башкы прокуратурада 2015-жылдын аягында айтылган экен. Ал эми булар быйыл мартта гана козгоп жатат. Эмнеге эки жыл күткөнүн сурасак, прокурор Нарын Айып КТРде “Ала-Тоо” дирекциясында директор болуп иштегенин аныкташ керек болчу деп улам кайталап жатат. Аны беш мүнөттө тактаса болот. Адвокат Алагушев саясий куугунтук болуп жатат деп туура айтты. Анткени 26-февралда Текебаевди камашты, бир аз убакыттан кийин бул доо арыздар пайда болду. Анткени Текебаев менен интервью кылып, ал жөнүндө материалдар “Занозага” көп чыккан.

Нарын Айып мындай доо арыздардын берилишин акыркы учурда бийликтин дарегине сын айтканы менен байланыштырды.

Ал эми сотто “Промедиа” фондунун таламын коргогон адвокат Акмат АлагушевАкаевдин маеги 7-каналда жарыяланганын, Нарын Айып колдонгон маалыматтын булагы ошол канал болгонун айтып, эмнеге журналистти сотко бергенине кызыкты:

– “Занозанын” сайтында жарыяланып, кийин тыюу салынган макала жөн гана жазылган. Ал эми 7-канал алган маек бүгүнкү күнгө чейин ачык ресурстарда бар. Эмне үчүн аталган маалымат каражаттарына реакция жок, ал эми Айыпка гана чара көргүлө деп жатасыңар?

Талкууда айтылган сөз сотко жетти

Экинчи соттук иш болсо Нарын Айыптын “Заноза” сайтына ушул жылдын март айында жарыялаган макаласына байланыштуу болду. Анда журналист “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин камалышынан соң парламенттеги талкуу тууралуу жазган. Башкы прокуратура мында да мыйзам бузуу бар деп санап, автордон 3 миллион сом, макала жарыяланган сайттан 3 миллион сом доо талап кылып жатат.

Ал эми үчүнчү доо арыз боюнча Нарын Айып жана мурдагы депутат Чолпон Жакуповага байланыштуу болууда. Баш прокурор президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркын, ар-намысын коргоп Чолпон Жакупованы жана Zanoza.kg сайтын сотко берген. Ага Жакупованын ушул жылдын 30-мартында Бишкекте өткөн тегерек үстөлдө сүйлөгөн сөзү жана анын Zanoza.kg сайтына жарыяланышы себеп болгон.

Жакупова менен бирге Zanoza.kg сайтын негиздеген “Промедиа” фонду, журналисттер Нарын Айып менен Дина Маслованын үстүнөн арыз жазылып, алардын ар биринен 3 миллион сом талап кылынган.

Доонун суммасы чоң болгондуктан Бишкектин Октябрь райондук соту жоопкерлерди Кыргызстандын аймагынан чыкпоо жана Жакупованын мүлкүн камакка алуу боюнча аныктама чыгарган эле.

Жарандык коом тынчсызданууда

Президенттин кадыр-баркына байланыштуу берилген катар-катар доо арыз коомчулукта талкууларды жараткан. Жарандык коом өкүлдөрү муну сөз эркиндигине басым катары атаган.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Азамат Тынаев жаралган жагдайды тынчсыздануу менен кабыл алганын айтууда:

– “Занозага” карата сот иштери албетте саясий боёгу менен кабыл алынат. Анткени доо арызды президенттин атынан Башкы прокуратура берип жатат. Демек кааласак-каалабасак да саясий иш катары кабыл алынат. Муну мындай абалга, сотко жеткирбей, өз ара келишип алса жакшы болмок. Себеби, бизде толгон-токой медиа уюмдар бар. Алар журналисттердин этикасы боюнча иштерди карап, чечип жатышат.

Нарын Айып менен “Заноза” сайтына байланыштуу соттор эртең, 30-июнда да уланат. Жума күнү Октябрь райондук сотунда бул маалымат каражатына карата төрт иш каралмакчы.

Zanoza.kg сайты эки үч жылдан бери иштеп келет. Аны “Вечерний Бишкек” басылмасынын кожоюну алмашкан соң, жаңы саясатка макул болбой жумуштан бошогон журналисттер тобу негиздеген.

Булак: https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_freedom_of_speech_judge/28586170.html 

Окшош посттор