Түркиянын жалпыга маалымдоо каражаттарынын эмнесин өзүбүзгө алсак болот?

25.07.2014

Рубрика: Аналитика, Кызыктуу жана пайдалуу

Басып чыгаруунун версиясы

rasul

Түркия өкмөтүнүн Басма сөз жана маалымат боюнча башкы башкармалыгы тарабынан уюштурулган TÜMEP (Түркия медиа билим берүү программасы) программасы боюнча Түркияга барып, ал жактагы ЖМКлар менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Өзүм кыргыз-түрк “Манас” университетин аяктаганым менен Түркиянын жергиликтүү ЖМКлары тууралуу эч нерсе билбей турганымды Түркияга болгон 3 жумалык семинар учурунда байкадым. Болгону сабак учурунда гана айтылган айрым ЖМКларды эле биле турганымды баамдадым.

100 жылдык миссия жана дүйнөдөгү алдыңкы 6 маалымат агентигине киребиз деп далалаттанган “Анадолу” агенттиги

rasul1

Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Монголиядан келген журналисттердин тобу

“Анадолу” агенттиги эркин маалымат агенттиги болуп саналат. Бирок сырттан караган кишилер муну мамлекеттики деп билишет. Алардын андай ойлоосуна негиз бар. Анткени агенттиктин кем карчынын кандайдыр бир бөлүгү мамлекет тарабынан каржыланат. Мен бул жерде агенттиктин кайсыл булактан каржыланганына эмес, алдыга койгон максаттары тууралуу айткым келип атат.

Менин көңүлүмдү бурган нерсе бул жерде иштеген ар бир киши 6 жыл ичинде дүйнөдөгү алдыңкы 5 таасирдүү маалымат агенттигинин катарынан орун алышыбыз керек деп дүкүлдөп иштегени болду. Алардын көзүнөн ишин жан дили менен сүйүп иштеп атканын көрсөң болот. Эң негизгиси иштеген журналисттердин көбү жаштар.

Анадолу агенттиги 1920-жылы түзүлүп 2020-жылы 100 жылдык мааракесин белгилейт. Агенттик 100 жылдык мааракесине белек катары дүйнөдөгү алдыңкы 5 маалымат агенттиктин катарына кирүүнү өзүнүн миссиясы кылып белгилеген. Анадолу агенттиги көптөгөн жылдардан бери түрк тилинде маалымат таратып келген болсо, акыркы 10 жыл ичинде кошумча дагы 6 тилде маалымат тарата баштаган. Жалпысынан 7 тилде маалымат тараткан агенттикте негизинен жаштар иштейт. Агенттик өзүнүн кадрларын өздөрү даядай турганы мага жакты. Мекеменин алдында атайын “Анадолу академиясы” бар экен.

Ар бир кызматкер өзүнүн иши менен гана алек. Биздеги айрым кесиптештер сыяктуу колунун учу менен бир нерсе жасамыш болуп, үнүнүн болушунча кыйкыргандарды мен кезиктиргеним жок. Анан албетте иштөө үчүн түзүлгөн шартты да айта кетпесе болбос.

Үнүмдү уксун десеңер өз маалыматыңарды тараткыла

Анадолу агенттигинин директору Кемал Өзтүрктүн “Ааламдашкан заманда кандайдыр бир окуяга өзүңдүн көз карашыңды билдиргиң келсе, сөзүңдү, үнүңдү баарына жеткире ала турган каражатың болушу керек. Бул сенин өлкөңдөгү ЖМК” деген сөзү чоң таасир берди. Чындап эле учурда маалымат согушу жүрүп аткан учурда мамлекет катары өз пикириңди дүйнөгө жеткире билүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын кубаттуу болушу айныгыс чындык экенин турмуш өзү көрсөтүп жатат. Бул жагынан түрк туугандар батыштагы кээ бир мамлекеттерден ашса ашыптыр, бирок артта калбаганын байкадым.

Маалымат – бул товар, ал сатылат

“Маалымат жазуу чоң эмгекти талап кылат. Аны жазууга убакыт, каражат кеткендиктен ал сатылышы керек. Башкача айтканда журналисттин мээнети кайтышы шарт” деген түшүнүк Түркиянын ЖМК тармагында эбак эле калыптанган.

“Силер маалыматты эмнеге сатпайсыңар? Чындап эле баарына бекерби?” деген суроолорго “ооба” деп гана кыска жооп берип аттык.

Берилген суроолордон улам бизде эмнеге маалымат сатылбайт? Бирөөнүн жазган эмгегин бөктөрө качып, өз сайттарыбызда, гезиттерибизде, телеберүүлөрдө колдонуу кадимки көрүнүш болуп калганына түтөйсүң.

Келгиле достор биз да акырындык менен журналисттердин эмгегин баалап, алардын чыгарган “товарларын” сатуу боюнча аракеттерди баштасак кандай болот? Маалыматты ким биринчи укса, ал дүйнөнү башкарат деген заманда бул маселени көтөрүү мезгили келди окшойт. Кызыккандар болсо биргеликте бул багытта аракеттерди чогуу көрөбүз.

RTÜKтүн каарына калганча программамды жапканым оң

Өлкөдөгү бардык каналдар бул монитордон алаканга салгандай көрүнөт

Өлкөдөгү бардык каналдар бул монитордон алаканга салгандай көрүнөт

Радио, телеберүү жогорку комитети (RTÜK) ар бир каналдын берүүлөрүн, радиолордун уктурууларын текшерип турат. Бул комитеттин эң негизги милдети – коомго терс таасир бере турган берүүлөрдүн чыгуусуна жол бербөө. Өзгөчө өспүрүмдөрдү ЖМКнын терс таасиринен коргоо боюнча көрүлгөн аракеттер мактоого арзыйт. Мисалы, кандай гана программа болбосун, спирт ичимдиги менен тамекини ачык көрсөтүүгө тыюу салынат. Берүүлөрдөгү андай видеолор жабылып көрсөтүлөт. Муну ар бир канал өз фантазиясына жараша колдонот.Мисалы Стамбулдагы Doğuş Medya тобуна кирген CNBS каналы эфирден кеткен кинолордогу тамеки тарткан учурларды гүл менен жаап көрсөтөт.

Мазмуну жагынан RTÜKтүн койгон шарттарына туура келбеген программалар эфирден алынат. Аларга алгач эскертүү берилет, андан кийин олчойгон айыптар салынат экен. Андыктан бир программа даярдоодо атайын топ бардык шарттарга туура келгидей кылып программаны иштеп чыкканга аракет кылат.

Ошол эле учурда RTÜKтүн ишине нааразы болгондор да жок эмес. Ушул тапта Түркияда шайлоого карата аракеттер кызуу жүрүп жаткан учуру. RTÜK ар бир талапкерге бирдей эфир, бирдей мүмкүнчүлүк берилүүсүн да тескейт. Бирок, жергиликтүү тургундар бир катар каналдар жалаң гана учурдагы премьер-министр Режеп Тайып Эрдоганды көрсөтүп туруп алды, башкаларга ага берилгендей убакыт берилбей атат деп нааразы болгондору да бар.

Расул Усеналиев, “Кабар ордо”, 23.07.14