Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

“Новый репортер.org” сайтындагы пайдалуу китептер

“Новый репортер.org” сайтын кыдырып жүрүп бир катар пайдалуу китептерди таап алдым. Көбүн өзүбүздүн сайтка да чыгаргым келди. Бирок биз негизинен Кыргызстанда басылып чыгарылган китептерге басым кылганыбызданбирөөсүн гана койдум.

Мени өзгөчө кызыктыргандары — интернет-басылмаларды ачып, аларды ийгиликтүү иштетип кетүү тууралуу китептер болду. Орус интернет-сайттарынын негизинде жазылган болсо да, биз өзүбүздө колдоно ала тургандары бир кыйла.

Эмнеге, бул китептерге өзгөчө кызыктым? Учурдагы абалга сереп салып, биздин журналистиканын эң талдуу жерлеринин бири — гезит ээлерине, “спонсорлорго” өтө эле көз карандуулугубуз экенин байкасак болот. Кыргыз ЖМКларындагы терс көрүнүштөрдүн басымдуу бөлүгүнүн себеби так ушунда жатат. Бул түшүнүктүү нерсе, гезитти чыгаруу чоң каражатты талап кылат. Теле менен радиону айтпай эле коёюн. Ал эми интернет-басылманы ачып иштеттүү болсо бир кыйла аз каражатты талап кылат. Демек башкалардын акчасына да көз карандылык азаят.

Ошону менен катар биздин басылмалар интернетке чыгууга көңүл кош мамиле кылып жаткандай. Айрымдары гана “Кыргыз гезиттер айылы” менен“Демге” материалдарын чыгарбаса, калгандары көнгөн таризде эле иштеп жатышат. Интернет болсо ар-бир ЖМКга жаңы окурмандарды табууга, балким жаңы каражаттарды да табууга мүмкүндүк берет. Анан да эртеби, кечпи Интернет биздин тээ алыскы аймактарда да кадыресе көрүнүшкө айланары шексиз. Бүгүн даярданбасаң, эртең кеч болуп калат.

Окугула, үйрөнгүлө, колдонгула:

Презентация Галины Коморниковой, “Как мы создали интернет СМИ, которое читает весь город”

Презентация Олега Ганта для вебинара “Создание интернет СМИ. Дело техники”

Презентация Артура Оруджалиева. “Как создать свое интернет СМИ”

Презентация Вячеслава Баранского на тему “Подъем контентного проекта в интернет”. Интерньюс Нетворк. 3 февраля 2011

Марат Токоев

Окшош посттор