Монголияда мамлекеттик маалымат каражаттары жок

01.09.2013

Рубрика: Аналитика

Басып чыгаруунун версиясы

Жайында көгүлтүр Ысык-Көлдүн боюнда «Журналисттер» коомдук бирикмеси «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу менен «Кыргыз Республикасы жана Монголиянын медиасы 1990-жылдардан кийин: кыйынчылыктар, ийгиликтер жана перспективалар» аттуу тегерек столду уюштуруп, ага көрүнүктүү кыргыз жана монгол медиа өкүлдөрү катышышты. Эки күн бою ар кайсыл маселелер талкууланып, өз ара маалымат жана тажрыйба алмашуулар болду. Эки тараптын тең медиа өкүлдөрү бул жолугушуунун маанисин жогору баалашты.

ЖМКлардын өзү жөнгө салуу инструменти Монголияда жок

Тегерек столдогу талкуулардан белгилүү болгондой, Монголияда массалык маалымат каражаттарынын ар кандай чыр-чатактарды сотко жеткирбей чечип алуучу өзүн-өзү жөнгө салуу инструменти жок экен. Ал эми бул жагынан кыргызстандыктардын тажрыйбасы тууралуу биздин тарыхтагы биринчи медиа-өкүл Шамарал Майчиев конокторго кеңири кеп салды жана алардын жандуу кызыгуусун туудурду.

Монгол коллегалар мындай институтту ал жакта түзүп, көптөгөн соттук териштирүүлөрдүн санын азайтса болорун белгилешти жана азырынча массалык маалымат каражаттарынын өзү бул маселеге активдүү киришпей жатканын да жашырышпады. А чынында коомдо мамлекеттик кызматтагылар жана депутаттар ар качан журналисттерге тап берип турганды унутушпайт, ошонун кесепетинен жыл сайын журналисттердин жана ЖМКлардын үстүнөн сотко арыз менен кайрылуулардын саны азайбай жатат.

Бул жагынан, албетте, кыргызстандык журналисттер кыйла ийгиликке жетип алышты, 2013-жылдын жазында түзүлгөн сотко чейинки арыздарды кароо комиссиясы кадимкисиндей иштеп жатат. Албетте, чиновниктер же журналисттер менен ЖМКлардын аракеттерин туура эмес деп эсептегендер дароо сотко кайрылуунун ордуна ошол комиссияга кайрылып, чырды өз ара маңдай-тескей чечип алышса болот. Ш. Майчиев айткандай, комиссиянын ишине же чечимине канааттанбагандар сотко кийин деле кайрыла алышат.

Ошентип, монгол коллегалар мындай маанилүү инструментти өздөрүн жакта да жайылтып, аны үчүн журналисттердин арасында активдүү иш жүргүзүүнү көздөй тургандыгын билдиришти. Деген менен, бул институт журналисттик этиканын сакталбаганынан улам аргасыз келип чыккан. Мисалы, Монголияда деле журналисттер жамааты өздөрүнүн кесиптик этикасынын кодексин кабыл алышкан экен, бирок ал маанилүү документ иштебей, чаң басып жатып калганын коноктор ачык эле айтышты.

Монголияда бизден кай жагынан озду?  

Мурда СССРдин доорунда аны «16-республика» деп тергеп коюшчу, себеби социалисттик лагердеги Москвага жакын эң «ишенимдүү» өлкө болчу. Ошол кездерде 5 миллион жылкысы менен социалисттик лагерде атагы таш жарып турган. Анан ал лагердин быт-чыты чыккан соң, 1992-жылы жаңы Конституция кабыл алынып, парламенттик өлкө болуп калган.

Ошол 90-жылдарда эле ЖМКларды эркиндикке чыгаруу (либерализациялоо) процесси жүргөн. «Глобе интернейшнл» медиа-уюмунун жтекчиси Наранжаргал Хашхуунун айтымында, алгачкы жеке менчик гезиттер 1990-жылдары пайда болгон. Мурда бийликтин колунда турган пресса массалык тартипте 1998-жылга чейин менчиктештирилген. Анан 2005-жылы биринчи жолу коомдук теле-радио түзүлүп, азыркыга чейин иштеп келет. Андан калса, бизде эми гана аракеттер болуп жаткан жамааттык ЖМКлар да түзүлүп, иштеп калган. Ошентип, Монголияда бир дагы бийлик органы ээлик кылган ЖМК жок экен.

А биздечи? Кыргыз Респбуликасынын президенти 2006-жылы жергиликтүү (областтык) ЖМКларды мамлекеттен ажыратуу тууралуу атайын Указын чыгарган. Бирок, анын механизми иштелип чыккан эмес деген шылтоо менен ушул күнгө чейин күчүн жогото элек ошол Указдын талабы ишке аша элек. Калыбы, ЖМКларды мамлекеттин ажыратуу механизмин биздин өкмөт иштеп чыгышы керектигин эч ким эсине албай жаткан өңдөнөт.

Анан да алынган маалыматтарга караганда, Монголияда 552 ЖМК иштеп жатат, ал эми мамлекет тарабынан катталгандарынын саны миңге чукулдап барат. ЖМКларда 4903 кызматкер иштейт, анын 60 пыйызы аялзаттарынан турат. Анын ичинен 2341и чыгармачыл кызматкерлер, 749у жетекчилер.

Кийинки мезгилде он-лайн медианын саны катуу өсүп жатканын айтышат: акыркы эки жыл ичинде алардын саны 3 эсе өскөн. Ал эми бардык ЖМКлардын 166сы телевидение, 84ү радио, 135и гезит-журналдар. Ал эми коомчулукка малыматтар 33 пайыз теледен, 21 пайыз интернеттен, 14 пайыз дос-жарлардан, 5 пайыз гезиттерден жетип жатыптыр. Ал эми 2012-жылы ЖМКларды керектөөнүн рыногу мындайча бөлүнгөн: 93 пайыз ТВ, 12 пайыз гезиттер, 54 пайыз интернет, 12 пайыз радио, 9 пайыз журналдар.

Ал эми коомчулуктун 61,15 пайызы телени спутник аркылуу, 28,78 пайызы кабелдик ТВ аркылуу көрүшкөн. Коомдук теле-радио жалпы рыноктун 44 пайызын ээлейт. Калганы 2000-жылдардын ортосунда пайда болгон кабелдик жана башка телеге тиешелүү. Деген менен, ал жакта да теленин базары кызып турган чак: акыркы кездерде эле ТВны түзүү-иштетүү үчүн 109 лицензия берилген.

Монголиянын дагы бир бизден озуп кеткен жери – санариптик технологиянын колго алынганы. Азыр электрондук ЖМКлар (теле-радио) санариптик технологияга кадыресе активдүү кадам шилтеп жатканы бизди таң калтырды. Мисалы, 2012-жылы 12 орточо майда аймактар (аймактар – ири, сумдар – майда болот) санариптик технологияга өтүшкөн, ал эми 2014-жылы дагы 250 сумдар ушул технологияга өтүп, 1-июлда санариптештирүү толугу менен бүткөрүлөт экен.

А биздечи? Өкмөт бул жагынан ташбака жылыш менен баратат. Эң негизгиси ушул технологияны киргизүүнү тездештирүү жагынан иштегиси келген мыкты адистердин ордуна капкайдагы «башкалар» кызматка дайындалып, иштин алга жылышы арбыбай жатат. Мурдагы бийлик учурунда санариптештирүү Баткен областынан башталмак болгон жана алгачкы аракеттер жасалган, бирок бүгүн бул тууралуу кеп кылган киши болбой калды. Монголдорго окшоп 2014-жылдын 1-июлунда өлкө толугу менен санарипке өтпөсү бештен белгилүү.

Ушул жагынан биттин ичегисине кан куйган мыкты медиа-адис, эксперт Эрнис Мамыркановдун айтымында, бизде башка да обьективдүү кыйынчылыктар бар. Мисалы, биздин толкундарыбыз чегаралаш жайгашкан кошуналарга тоскоол болбошу керек, бул маселени чечүү оңой нерсе эмес, ошондуктан өлкөнү бардык аймактарын санариптештирүү жагы кыйынчылыкка турат. Бирок, канткен менен да өлкөнүн негизги калк жашаган аймактарында бул технология ишке кирип, ЖМКлардын алдында көлдөлөң турган маселелер тезирээк чечилүүгө тийиш.

Сырттан чектөөлөр да, өзүн-өзү чектөөлөр да бар

Ушу тапта Кыргызстандын түштүк аймактарында журналисттер катуу сындагандан айбыгып турушары, өзүн-өзү чектөө маселеси барлыгы тууралуу айтылып келет. Деген менен, анын чындыгы бар: Ош областындагы журналисттер жергиликтүү бийликтерди астейдил сындай алышпайт, курч темаларды кыйгап өтүшөт. Журналистиканын коомдук миссиясы көрүнөө эле ишке ашпай калууда.

Ал эми Монголияда да мындай көйгөйлөр бар экен. Эл аралык тиешелүү уюмдар Монголияны толук эмес сөз эркиндиги бар өлкө катары баалашыптыр. Конситуцияда цензурага тыюу салынганы менен, иш жүзүндө анын барлыгын коноктор ачык эле айтышты. Өкмөт тарабынан болуучу цензура негизинен экономикалык жана юридикалык болушу мүмкүн. Мисалы, маалыматтарды бербей коюу, ЖМК жетекчилерине кысым көрсөтүү, тымызын каржылоо менен колго үйрөтүп алуу сыяктуу аракеттер ЖМКлардын өзүн-өзү цензуралоосуна алып келет. Мындагы айтчу нерсе: бийликтин ЖМКсы болбогон себептүү бийлик органдары өз маалымат саясатын жүргүзүү үчүн тигил же бул ЖМКны каржылаганга туура келет, бирок бул процесс ачык эмес, көмүскө жүрөт. Медиа өкүлдөрү буга ачык эле нааразы.

Экономикалык цензура негизинен бизнес топтордун, реклама берүүчүлөрдүн аракетинен улам келип чыгат. Анан калса, акча төлөнүп чыгарылчу материалдардын көптүгү да ушуга алып келет. Каржыга муктаж болуп жаткан ЖМКлар бизнес жаңылыктарын, рекламалык материалдарды да эч бир эскертип отурбай эле кадимки жаңылыктар сыяктуу беришет. Коомдук пикир алданып калууда.

Ал эми юридикалык цензуралоо соттук териштирүүлөр, ар намыска, абройго шек келтиргендикте, маскаралагандыкта, жалаа жапкандыкта айыптоолордо улам келип чыгууда. Монголияда да журналисттер менен соттошуулар дамамат болуп турат жана бийликтердин, чиновниктердин басым көрсөтүшү сезилерлик. Журналисттерге кол салуулар, уруп-токмоктоо, коркутуп-үркүтүүлөр, шантаж жасоолор, маалымат берүүдөн баш тартуулар, техникалык каражаттарды талкалап салуулар сыяктуу терс көрүнүштөрдүн коомдон орун алышы Монголияда деле башка өлкөлөрдөгүдөн кем калышпайт экен.

Дагы айтчу нерсе: бийлик органдары интернет-сайттардагы комментарийлерди жөнгө салуу боюнча кыйла натыйжалуу аракет кылып жатыптыр. Бул жагынан алганда атайын Монголиянын коммуникациясын жөнгө салуу комитети иштейт.  Эгерде комментарийлер (пикирлер) контенттик талаптарга жооп бербесе, анда ал блоктолуп, окурмандарга көрсөтүлбөйт. Ал эми ушундай «тартипти бузган» башка ЖМКларга да катуу чаралар көрүлөт. Мисалы, бийликтер «тартип бузган» 12 кабелдик телени жаап салышкан. Биз монгол коллегалардан «Сот аркылуубу?» – деп сурадык, көрсө сот-моту жок эле бийликтер өздөрү жаап сала беришет экен. Мына сага!

Монголиянын коомдук теле-радиосунун сырткы байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Б. Лхагвасүрэндин айтымында, жалпы жетекчилик президенттик администрация,  өкмөт, парламент, коомдук теле-радиону көзөмөлдөөчү Улуттук кеңеш, министрликтер, партиялар, коомчулук менен өз ара алакада иштейт жана дайыма эле көңүлдөгүдөй шарт боло бербейт. Себеби, баарына жагуу, баарынын позициясын бөлүшүү же четке кагуу оңой эмес.

Аймактарда да ЖМКлар өнүгүп жатыптыр

Монголия 21 аймактардан жана 329 сумдардан турат. Демек, алардын ар биринде бир катар ЖМКлар иштейт. Мисалы, Архангай аймагынын аянты 55,5 миң чарчы метрди түзүп, анда 90 миң киши жашайт. Анан да 3,6 миллион баш мал бар. Ошол эле кезде жергиликтүү телевидение көрсөтүп, бир нече гезиттер чыгып турат.

Монгол коллегалардын билдиришинче, 2000-жылдардын башында аймактарда өздөрүнүн туруктуу ЖМКлары болгон эмес, бирок 2010-жылдан баштап аймактагы мурда кыйынчылыкты баштан өткөрүп келаткан ЖМКлар бутка тура башташкан. Бардык аймактарда 17 гезит бар, айрым аймактарда экиден гезит чыгат. Гезиттер 3-10 күндө бир жолу чыгып турат. Алардын ар биринин нускасы 1000-1500ге барат. Ал эми редакцияларда 3-4 киши иштейт.

Ал эми телевидение жагына келсек, ар бир аймакта 2ден 8ге чейинки телевидениелер бар. Жергиликтүү студияларда 4-8 киши иштейт. Бирок, аймактарда радио жагы өнүккөн экен: аймактарда 50 FM радиолору иштеп турат. Ырас, кийинки кездерде радиолордун саны кыскара баштагандыгы да жашыруун эмес, атаандаштык деген нерсе бар да.

Албетте, аймактардагы ЖМКлардын биздегидей эле кыйынчылыктары бар экен: гезиттерди таркатуу, каржынын жетишпестиги менен кошо кесипкөй кадрлардын табылгыстыгы, техникалык начар жабдылгандык, рыноктун кичинекейлиги негизги көйгөй эсептелет.

Коллегалардын айтышынча, аймактардагы ЖМКларда контент негизинен окшош: саясий кабарлар, өкмөттүк маалыматтар, коомчулуктун турмушу, компаниялардын ишмердиги тууралуу чагылдырылат.

Кесиптик кошундар керекпи?

Тегерек столдо журналисттердин кесиптик кошундары, жалаа жана маскаралоо боюнча жаза чаралары тууралуу да кеп болду. Мисалы, жалаа жабуулар, маскаралоо (шылдыңдоо) боюнча мыйзамдуу жаза чаралары эки өлкөдө деле бар. Айырмасы, жалаа жабуу Кыргызстанда кылмыш жоокерчилигине татыктуу аракет катары каралбайт, бирок жазана чаралары көрүлөт. Ал эми Монголияда жалаа жапканы, шылдыңдаганы үчүн 1800ден 4700 долларга чейинки өлчөмдө жазанага кириптер кылынат же 3-6 айга эркинен ажыратылат.

Деген менен, эки өлкөдө да журналисттерди сотко берүү, аларга ар тараптуу кысым көрсөтүү болуп эле келаткан көрүнүш. Мисалы, Кыргызстанда өз намысын жана аброюн коргоо максатында 2012-жылы 25 соттук иш каралган. Быйылкы жылдын жарымында каралган мындай иштер саны 14 болду. Ал эми 2011-жылы 18, 2010-жылы 10 иш каралган. Журналисттерге коюлган доонун наркы 100дөн 20 миң долларга чейин жетет.

Кесиптик кошундар тууралуу маселе да кызыгууну жаратты. Бул тенденция Кыргызстанда активдүүрөөк колго алынса, монгол достордо али колго алына элек экен. Аларга Кыргызстандын тажрыйбасы кызыгууну жаратты. Бирок, жолугушуу учурунда Кыргызстандагы кесиптик кошундардын иши аз натыйжалуу болушу мүмкүн деген пикирлер да айтылды.

Мисалы, айрым пикирлерге караганда, кесиптик кошундарды ЖМКлардын эмгек жамаатында түзүү – жакшы натыйжа бербейт, себеби менталитет жана ЖМК башчыларынын (негиздөөчүлөрүнүн) толук гегемониясы кесиптик кошундардын натыйжалуу ишине жол бербейт. Ошону үчүн кесиптик кошундарды аймактык тартипте (айылдык, шаардык, областтык, республикалык) түзүү натыйжалуураак болот, себеби ал уюмдар ЖМК жетекчисинен эч бир көз каранды болбойт. Ал эми муну ишке ашыруу үчүн кесиптик кошундар тууралуу мыйзамга өзгөртүү, кошумчалоо киргизүүнү талап кылат.

Корутунду

Монголиянын ЖМКларынын жана журналисттеринин иш тажрыйбасы, ийгиликтери жана өксүктөрү кыргызстандык журналисттер үчүн өтө маанилүү. Анткени, кечээ эле алар бирдей коомдук-саясий мейкиндикте, бирдей эле шартта жашап, иштеп келишкен. Эми болсо, таптакыр башка шарттарга келип калышты.

Жогоруда айткандай, Монголияда бийлик ээлик кылган ЖМКлар жок, ал эми Кыргызстандын бийликтери ушул кезге чейин өз ЖМКларын элдин эсебинен сактап келишүүдө. Демек, кыргызстандык журналисттер да монгол коллегаларынын эркиндик шартында ЖМКларды өнүктүрүү тажрыйбасын үйрөнүп, кыргыз ЖМКларынын толук эркиндигин камсыз кылууга кадам таштоолору керек.

Албетте, бул үчүн дагы да тыгызыраак байланыштар, байма-бай алмашуулар зарыл. Демек, эки тараптын медиа жамааттары дал ушуга умтулуулары абзел, себеби эртеңки күндүн реалдуулугу бизден ушуну талап кылат.

Жалил САПАРОВ,
«Жалал-Абад аймактык журналистика борбору»
коомдук бирикмесинин координациялык
кеңешинин төрагасы.