Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Кытайлык кыргыздардын сайттары

Кытайлык кыргыз жигити Ташкын кытайлык кыргыздардын сайттарынын тизмегин жибериптир. Аларды Кыргызча сайттар барагына кошуп койдум.

Бул сайттар негизинен араб графикасында болгону менен сайтты толугу менен болбосо да айрым жазууларды араб графикасынан кирилл графикасына коңторуп таанышууга мүмкүнчүлүк бар. Кытайлык кыргыз программчылар ушундай бир кызматты иштеп чыгышыптыр. Аны бул жерден тапсаңар болот.

Бардыгы болуп учурда бизде 211 кыргызча “сүйлөгөн” сайт тууралуу маалымат бар. Күндөн күнгө бул сан өсүп жатканы менен Интернетте кыргыз тили али да өтө аз экенин моюнга алышыбыз керек. Чамдайлы!

Марат Токоев

Окшош посттор