Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Бийлик жана журналисттер

Бийлик жана журналисттер

 Үстүбүздөгү жылдын 8-декабры — ишемби күнү Бишкек шаарындагы “Ак кеме” мейманканасында “Жалпыга маалымдоо каражаттары: эркиндик жана жоопкерчилик” деген темада басма жана электрондук маалымат каражаттарында эмгектенген журналисттердин республикалык конференциясы болуп өттү. Конференциянын ниети жана максаты, андагы көтөрүлгөн маселелер учурдун талабына төп келип, журналист журтчулугу баягы эле “демократия, сөз эркиндиги, сөз жоопкерчилиги, атаандаштык” сыяктуу жыдып бүткөн темалардын тегерегинде буктарын дагы бир жолу чыгарып алышты.

 Өлкө президенти жалпыга маалымдоо каражаттарына “өзгөчө көңүл буруусун” көргөзгүсү келгенби, өзүнүн кеңешчиси Фарид Ниязовду жиберген экен, анысы “күңк-мыңк” деп мурдунан сүйлөмүш этип, 2–3 мүнөт бирдемелерди айтымыш болуп туруп, жадагалса айтар сөзүн аягына чыгарбай, чыккан бойдон кайра келген жок.

 Ошол күнкү конференциянын “көркүн ачып, мазасын чыгарган” “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору Бакыт Орунбеков болду окшойт. Демейде чымынга зыяны жоктой көрүнгөн Бакыт мырза “жылан чакпай, жылкы теппей”, оозу-мурду кыйшайбай туруп “журналисттер кыргыз мамлекетин бөлүп-жарып, талкалап жатышат”- десе болобу?

 Астапыралла! Кудай сактай көр. Залда отурган журналисттерге бул сөздөр кандай тийгенин билбейм, бирок мага бомбадай тийгенден улам бүгүнкүгө чейин эки ача ойдон кутула албай келем.

 Биринчиси — Фарид Ниязовдун конференцияда 10 мүнөт да отурбай мышыктай жыла качышы менен өкмөт бапестеп багып келаткан “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору Бакыт Орунбековдун “бомбасынын” ортосунда эч кандай байланыш жок болду бекен? Болбой эле койсун. Кокустан болуп калса журналист журтчулугу үчүн 37-жыл жыттанбай эле, корооңорго кирип келди деп эсептей берсеңер болот. Себебине төмөндө токтолом.

 Экинчиси — эч кандай бийликтин “ишараты” жок туруп жогорудагы сөздөрдү Бакыт мырза өзү эле “балп” эттире койду. Ишенсек болобу? Албетте болот, эгерде Орунбеков өзүнө-өзү, өзү иштеп, өзү жетектеген “Кыргыз Туусуна”, өзү катарында турган жалпы кыргыз журналисттерине душман болсо.

 “Жалпы кыргыз журналисттери” деп мен Кыргызстанда жашап жана иштеп жаткан кыргыз тилдүү да, орус тилдүү да журналисттерди айтып жатам. Анткени, ошол күнкү конференция учурунда “Кыргызстанды бөлүп-жарып, талкалап жаткандар” жалаң эле кыргыз тилдүү журналисттерби же?”- деген тактама суроомо Бакыт мырза “Бардык журналисттер”- деп, тайсалдабай туруп, так жана ачык жооп бергенин далилдеп берчүлөр четинен чыгат десем жаңылышпасмын деп ойлойм.

 Айтор, айтылар сөз айтылды. Мындай учурларда кыргыздар “болору болду, боёсу канды” деп коюшат. Ырасынан эле болору болду, а “боёсу кандыбы?” Бул иштерди уюштургандар, бул иштерди баштагандар баштаарын баштап коюп, ал эми эң негизгиси — “боёк боёо өнөрлөрүнө” эми киришпесин?

 Бакыт Орунбековдун айыптоолорунан кийин мен өзүмдү канчалык юрист эсептегеним менен учурда иштеп жаткан Кылмыш-жаза кодексин бир сыйра барактап чыгууга аргасыз болдум. Бакыт мырзанын айткандарын жетекчиликке алып, прокуратура органдары иш козгосо Кыргызстандын журналисттери Кылмыш-жаза кодексинин төмөндөгү беренелери менен төмөндөгүдөй жаза мөөнөттөрүнө тартылууга тийиш экен:

1.231-берене. Кылмыштуу шериктикти (кылмыштуу уюмду) уюштуруу.

(1) Оор же өтө оор кылмыштарды жасоо үчүн кылмыштуу шериктик (кылмыштуу уюм) түзүү, ошого тете мындай шериктикке (уюмга) же ага кирген структуралык кичи бөлүмдөргө жетекчилик кылуу, ошондой эле оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн пландарды жана шарттарды иштеп чыгуу максатында уюмдашкан топтордун уюштуруучуларынын, жетекчилеринин же башка өкүлдөрүнүн бирикмелерин түзүү — мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(2) Кылмыштуу шериктикке (кылмыштуу уюмга) катышканда –

мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга жазаланат.

(3) Ушул берененин биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар өзүнүн кызматтык абалынан пайдалануу менен жасалганда –

мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. 295-берене. Сепаратисттик ишмердүүлүк.

Сепаратисттик ишмердүүлүк — бул мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга, анын ичинде андан аймактын бөлүгүн ажыратууга же мамлекетти басып алуу жолу менен дезинтеграциялоого багытталган жосун, ошого тете ушул жосунду пландаштыруу жана даярдоо, аны жасоого көмөк көрсөтүү, ага азгыруу, ага тете сепаратисттик ишмердүүлүктү жүргүзүүгө байланыштуу ишин токтотуу тууралуу соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген коомдук же диний бирикмелердин, болбосо башка уюмдун ишин жандандыруу, уюштуруу, жетектөө, аларга катышуу – ондон он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. 298-берене. Диверсия.

Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугунун же коргонуу жөндөмдүүлүгүнүн кедерин кетирүү максатында же болбосо мамлекеттик органдардын ишин жана коомдук-саясий кырдаалды туруксуз абалга келтирүү максатында жардырууларды, өрт коюуларды жана ишканаларды, курулуштарды, жолдорду жана кабарлоо каражаттарын, байланыш каражаттарын, калктын турмуш-тиричилигин камсыздоочу обьекттерди талкалаганда же зыянга учуратууга багытталган башка аракеттерди жасаганда – мүлкүн конфискациялоо менен он беш жылдан жыйырмага чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

“Кыргыз туусу” гезитинин башкы редактору Бакыт Орунбеков мырза Кыргызстандын журналисттеринин, Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын, алардын уюштуруучулары менен башкы редакторлорунун моюндарына “мына ушундай кылмыштуу иш-аракеттерди жасадыңар жана жасоону улантып жатасыңар”- деген өтө оор, өтө олуттуу айыптарды илип жатат. Мына ушундай айыптоолордон кийин биз Бакыт Орунбековго эмне деп айтышыбыз керек? “Рахмат, Бакыт мырза! Сен биздин көзүбүздү ачтың” -дейлиби? “Жок, Бакыт. Сен туура эмес айтып жатасың. Сен журналисттер журтчулугуна чыккынчылык жасап жатасың”- дейлиби? “Айткандарыңды далилдеп бер. Болбосо, кесиптештериңди саткандыгың үчүн биз сени сотко беребиз”- дейбизби? Биз кандай кадамдарга барбайлы, ал ЖМК өкүлдөрүнүн актыгы менен пастыгын далилдөөчү кадамдар болот.

“Алиби” гезитинин башкы редактору, “Кыргыз гезиттеринин биримдиги” (КГБ) бирикмесинин төрагасы катары мен Бакыт Орунбеков мырзадан азырынча биздин жамааттардан кечирим суроосун, кечирим каттын бир даанасын менин наамыма жиберүүсүн талап кылам. Эгерде Бакыт мырза биздин бул талабыбызды аткарбаса, өкмөттүк гезиттин башкы редактору катары сотко кайрылууга мажбур болоорубузду эскертип коюуну туура көрүп отурам.

Ошол эле убакта бир эле мени эмес, көпчүлүк кыргыз тилдүү жалпыга маалымдоо каражаттарын кыжаалат кылган маселени жалпы журтка ачыктап коюунун да учуру келди окшойт.

Оппозицияда жүргөндө кыргыз тилдүү гезиттерден чыкпаган Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү 2010-жылдын 7-апрелинен кийин жүздөрүн үйрүп, оппозициялык гезиттерди сатып, чыккынчылык кылып кеткендери тууралуу нечен ирет айтылып, нечен ирет жазылды. Исмаил Исаков менен Азимбек Бекназаровдон башка бирөөсүнүн дагы бети кызарып койгон жок.

 Өлкөнүн абийири, ар-намысы, атасы катары кабылданчу президенттин жалпыга маалымдоо каражаттарына жасаган этикага да, адамкерчиликке да сыйбаган орунсуз мамилеси ал кишинин өзүнүн иш-аракеттерине, айткан сөздөрүнө жооп берүүгө күчү жетпеген дармансыз пенде экендигин билдирип койду. Учурда кыргыз тилдүү гезиттер менен президенттин ортосунда түшүнбөстүктөр келип чыгып, сөз эркиндиги менен бийликтин ортосундагы тирешүү кимдин пайдасына чечилээрин турмуш өзү бат эле ырастап коёрун президенттин тегерегиндеги, коюн-колтугундагы кошоматчыларынын түшүнбөй жаткандыгы кандай гана өкүнүчтүү.

 Бийликке жеткен адамдардын кечээки күнүн унутуп калгандыгын эмне менен түшүндүрсө болот? Учурунда Бакиев бийлиги да бир топ гезиттердин тамырын кыркууга, жетекчилерин коркутуп-үркүтүүгө аракет кылган эле. Ошол учурда бүгүн бийликтин чокусунда отурган ушул эле Алмазбек Атамбаев “ушакчы” деп арданбастан, ушул эле “Алиби” гезитин жүз миңдеген нуска менен чыгарууга акча төлөп, күндөп-түндөп региондорго жөнөтүп жүрбөдүк беле. Бүгүн “Алиби” ал киши жөнүндө ачык сөз айтса “ушакчы” болуп калабы? Демек, биз гезиттерди коркутуп-үркүтүп, журналисттерди опузалабастан, аларга болгон мамилебизге башкача көз караш менен кароого үйрөнсөк оң болуп жүрбөсүн?

Мындан бир топ күн мурда “Кыргыз гезиттеринин биримдиги” президент А. Атамбаевдин дарегине кайрылуу жасаган. Ал кайрылууда биз президенттен элдик саясат жүргүзүүнү өтүнүп, эгер ошого барууга даяр болсо, кыргыз гезиттери аны ар тараптан колдоого даяр экендигибизди билдирген элек. Тилекке каршы, бизге жеткен маалыматтарга караганда президенттин “аткошчулары” Фарид Ниязов, Адил Сегизбаевдер анын кулагын аябай ушалашыптыр. Натыйжасын бир эле журналисттер эмес, окурман журтчулугу да өз көздөрү менен көрүүдө.

 Кыска аралыктын ичинде акылга сыйбаган, сөз эркиндигине доо кетирген олдоксон бир топ иштер жасалып кетти. Басма сөз беттеринде жарыяланган Башкы прокурор Аида Саляновага таандыкталган репрессиялык иш-чаралар жөнүндөгү маалыматтар ал кишиге утуш алып келбестигин Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси С. Апышев Аида айымга жеткиликтүү эле тил менен түшүндүрсө керек деп ойлойм. Дегеле мен Аида Жеңишбековнанын бирөөлөрдүн айдагы менен эмес, мыйзамдардын жетеги менен иштөөсүн чын жүрөгүмдөн каалар элем.

 Жогорку Кеңештеги “Ар Намыс” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев деген жигитке кесиптештерим өз адамы катары (ал дагы журналист эмеспи) сый мамиле кылганын мен туура кабылдап жүргөн элем. Бирок, кыргыздар “Өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан өрт жаман” деп таасын баа берген экен. Журналисттердин кир шейшептерин аңтаргысы келген, алардан бит издеген Каныбек мырзанын ким экендигин жетишээрлик билген кесиптештери анын өзүнө жараша иш кылып, “Учкундагы” “учкундарын” жарыя кылып баштаса Иманалиев кийинки шайлоого чейин кайда отуруп калаарын аңдап-түшүнөт болду бекен?

 Кыргыз гезиттерин каралоо кампаниясына кошулгандардын арасынан Үсөн Касыбеков деген немени көрүп алып “Кудайдын ичи кенен экендигине” дагы бир жолу ынанып отурам. Мен турмушта айрым адамдардын айрым бир манжасы кайра-кайра чыга берип “ойноок” болуп калгандыгын көп көргөм. Үсөн Касыбеков да ошол ойноок манжадай болуп калган, турмуштук, адамдык позициясы жок, сатылма неме. Өзүн журналистикада ким сезээрин билбейм, бирок учурунда анын жазгандарын кантип оңдоп-түзөп жүргөнүбүздү Машакбай Рахманкулов менен Айгүл Бакеева жакшы билишет. Анан ушундай немелер парасат күтүп, кийинкилерге акыл айтып отурса күйбөгөн жериң күл болот деген ушул тура. Ү. Касыбеков тууралуу “Алиби” гезити туура эле жазыптыр “Үсөн үрө берет”- деп. Кыргыз гезиттеринин безине тиймек болгон бийликтин жугундукорлорунун колуна К. Иманалиевге, Ү. Касыбековго окшогондордон башка, эч болбосо айткандарына эл жарым-жартылай ишенген ырыстуу бирөөлөр илинмек беле?

 Элдик саясаттын ордуна, “өлдүк саякат” жүргүзүлүп, кадрлык башаламандык менен бир партиянын үстөмдүгү, мыйзамдын бийлиги эмес эле, бийликтин мыйзамы өкүм сүрүп, президент үстүртөн, мародерлор астыртан бийлик жүргүзгөн өлкөдө акыл-эсинен тайыган “адамдар” гана эртеңкисинен үмүт кылуусу мүмкүн. Кыргыз гезиттеринин биримдигине кирген журналисттер Кыргызстанды мына ушундай жолдон буруп, чыныгы укуктук жолго салууну максат кылып отурабыз. Биз күрөш жолундабыз. Биздин катарыбызда ар бир гезиттин, ар бир электрондук басылманын миңдеген окурмандары турат. Бириге келгенде биздин күчүбүзгө тең келер эч бир күч жок. Себеби, биздин бир гана максатыбыз бар. Ал Кыргызстанда адилеттүүлүктү орнотуп, күчтүү, бакыбат мамлекеттердин катарына кошуу.

Бабырбек ЖЭЭНБЕКОВ,

“Кыргыз гезиттеринин биримдиги” бирикмесинин төрагасы

Булак:http://www.ordo.in.kg

фото:Абдумомун Мамараимов

Окшош посттор