Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Асан Шыгаев, тележурналист, “Алибинин” мурдагы башкы редактору: “Алиби” оппозициянын ордосу болгон”

– Мезгил жана басма сөз. Сиздин оюңузча “Алиби” мезгилден артта калган жокпу? Анткени окуядан артта калган гезит окурмандын оюн таппайт. 

– Адам өмүрү көз ирмем тура. Учурунда убакыттын учкулдугуна маани бербей кийин баш чайкагандарды көп эле кезиктирип жүрөм. Ошолордун арасында өзүм бар экендиги өкүндүрөт. Кантсе да Совет доорунун беймазасыз, бейпил күндөрүнө ык ала түшкөн менин жаштыгым рынок шартындагы дарыянын шарындай күрпүлдөгөн ыкчам турмушка оңой менен кошула албады. Муну айтып жаткан себебим, “Алибинин” көз ирмем арасында 5 жашка толуп, басма сөз майданында ат салышкан өзү курактуулардан гана эмес өзүнөн алда канча улуу басылмалардын катарынан озуп чыккандыгы кубандырат. Өзүнүн үнү, стили, көздөгөн багыты менен айырмаланган “Алибини” асыресе өзгөчө баалайм. Айрыкча мага окшоп убакыттан уттуруп жибербей, мезгил менен тең жарышып, ал тургай андан сөөм-сөөм, карыш-карыш болсо да алдыда келе жаткандыгы окурмандын көз жаздымында калган жок.

– 5 жылдык тарыхы, айта жүргөн таржымалы бар “Алибинин” өткөн чагына серп салып көрбөйсүзбү? 

– Бул гезиттин тагдырына ушундай жазмыш туш болгонбу, айтор оппозициялык маанай биротоло такымдап алды. Дегинкиси, өнүккөн өлкөлөрдүн өйдөлөө жолуна көңүл төшөсөңүз оппозициянын мааниси өзгөчө орунда турат. Бул жагынан алып караганда кыргыз тарыхында “Алибинин” атан төөдөй эмгеги бар экендигин тануу мүмкүн эмес. Бакиев бийлиги биротоло түптөлүп, анын мамлекеттик машинеси бет алдынан тике маңдай чыккандын бардыгын кумурскадай тебелеп-тепсеп келатканда “Алиби” жарыкка чыга баштады. Мен гезитти ошол кезде Бабырбек байке Жээнбеков менен Рыскелди Момбеков жетектеп, күн-түн дебей алпурушуп ушул гезиттин түптөлүшү үчүн жасаган эмгектерине терең баа берем. Бакиевдин бакма дөбөттөрү, прокурору баш болуп, милийсасы төш болуп Бабырбек байкенин артынан сая түшкөн күндөрдө да кабагым-кашым деген жок, тескерисинче чыйралып, гезит ого бетер жаалданып, жан бактылардын кылмыштуу иш аракеттерин гезит бетине андан да курч, андан да таамай чагылдыра баштады. Чындыгында, бир сөз менен айтканда Лениндин “Искрасы” орус империясын урандыга айландырган болсо, Жээнбековдун “Алибиси” жексур Бакиевдин жем баштыгын тартып алып элге берди. Ал эми ошол жем баштык элге жеттиби же амалкөйлөрдүн арам тамагына айландыбы бул маселенин экинчи жагы. Тек гана айтар сөз, бүгүн козголуп жаткан “Ким мародер?” – деген чоң суроо ачыкка чыгышы абзел. Эмне үчүн Жээнбековдун “эл” деген эмгеги көмүскөдө калыш керек? Алмазбек Атамбаев баштаган бүгүнкү бийлик “Алибинин” башты канжыгага байлап коюп, жоого кирген жортуулун жокко чыгарышы керек? Кечээ эле “Алибини” айланып чуркап жүргөн Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев жана башка оппозиция башчылары бүгүн бул гезитке мурду бучук кыз көргөндөй өң буруп калышты. Албетте, ошонун бардыгы “туура айткандын сөзү жаман, ыйлагандын көзү жамандан” улам келип чыгып жатпайбы.

– Гезиттин тарыхы демекчи, Сиз дагы “Алибинин” аздыр-көптүр жетектеп калбадыңызбы? 

– Башында Бабырбек Жээнбековдун бактысынабы же жогоруда айткандай жазмышынабы курч оппозициялык мезгил туш келди. Кийин революциянын арты менен орногон бийликтин жогорку тепкичтеринин бирине Бабырбек Жээнбеков да отурду. Гезит үчүн ушул учур өтө оор болду. Башка басылмалар сыяктуу эле оппозиция жеңишке жетишкенден кийин анын идеологиялык куралы катары “Алиби” өтөп келген кызмат кыпынга арзыбай калды. Бул милдетти Бакиев системасындагы эң орчундуу органдардан болгон, ооздун жана кулактын функциясын аткарып турган “Кыргыз Туусу” жана “Эркин Тоо” гезиттери ээлеп калды. Ушундай шартта ара жолдо калган гезиттин башкы редакторлук кызмат орду айдан-айга жетпей тез-тез алмашкан да учурлар болду. Буга, балким, Бабырбек Жээнбековдун өзү эмес, тиги өкмөттөгү ээлеген кызматы күнөөлүүдүр. Байдын кызын мактагандай ар кимди көтөрө чалып, көкөлөтүп көрбөгөн гезит кызматкерлери туңгуюкка такалдык. Жаңы бийлик, мамлекеттик чиновниктер тууралуу жаман сөз болсо эле башкы редактордун башы бош дей бер. Эртеси эки папкеңди колтукка кысып, келген жолуңа кеткенге шашыл. Ушундай шартта иштөөгө туура келди. Бир жагынан Бабырбек акени да түшүнсө болот. Күндө эле сорпого чогуу барган “соратниктери” колтукка нукуп, “гезиттеги балдарыңды кой десеңчи” – деп жатса, бирөөгө жаман сөз катпаган байырлуу байкебиз ич күптүсүн бизден чыгарган шекилдүү.

Кандай болгон күндө да гезиттин алган багытын, түпкү позициясын окурман менен бекем байланышын сактап калууга көп күч жумшалды. Бир катар жаңы рубрикалар, атайын беттер ачылды. Буга кошумча, ошол күндөр Жогорку Кеңешке шайлоо өнөктүгүнө туш келип, кыйынчылыктар кыйла эле болду. Бирок, ошол жылдын аптаптуу жайы, күмүштөй күзү менин өмүрүмдө өзгөчө из калтырган көз ирмем катары жүрөктө жашай берет.

– Гезиттин келечегине кандай үмүт менен карайсыз? 

– Терең ишеним менен. “Алиби” деп аты айтып турбайбы, карапайым элдин укугу үчүн, мыйзамдуу суроо – талаптары үчүн тикеден тик туруп келүүдө. Гезиттин башкы редакторунун чылкый юридикалык билиминин практикада терең айкашуусу гезитке кайрылган карапайым калктын көкүрөктү жарып чыккан ызасын басууга, соттор менен прокурорлордун, милиция кызматкерлеринин мыйзамды коргобостон аны кордогондорун ачыкка чыгарууга өбөк да, жөлөк да болуп гезиттин кадырын көтөрдү. Бабырбек агабыздын гезитке кайрылып келиши беделине шек кеткен басылманын баркын кайрадан чыгарууда. Демек, гезиттин келечеги алдыда. Айрыкча анын маңдайына жазылган оппозициялык маанайы элдин үмүт тилеги менен дал келип, гезиттин өмүрүнө өмүр кошпойбу. Бүгүн 5 жашка толуп, дүйнө таануусу улам тереңдеп бара жаткан “Алиби” эртеңки күнү кыргыздын келечегине кайдыгер карабаган ар бир жарандын колунан түшпөгөн сүйүктүү гезитине айланарына ишеним чоң. Жаңы жазгандарынын сыясы кургай электе “Алибиден” жарык көргөн эл акыны Анатай Өмүркановдун сергек ырлары, жаанын жебеси жүрөккө кадалгандай Шайлообек Дүйшеевдин курч саптары “Алибинин” аброюна аброй кошуп, гезитиңердин мартабасы көтөрүлө берсин! Кантсе да Совет доорунун беймазасыз, бейпил күндөрүнө ык ала түшкөн менин жаштыгым рынок шартындагы дарыянын шарындай күрпүлдөгөн ыкчам турмушка оңой менен кошула албады. Муну айтып жаткан себебим, “Алибинин” көз ирмем арасында 5 жашка толуп, басма сөз майданында ат салышкан өзү курактуулардан гана эмес өзүнөн алда канча улуу басылмалардын катарынан озуп чыккандыгы кубандырат. Өзүнүн үнү, стили, көздөгөн багыты менен айырмаланган “Алибини” асыресе өзгөчө баалайм. Айрыкча мага окшоп убакыттан уттуруп жибербей, мезгил менен тең жарышып, ал тургай андан сөөм-сөөм, карыш-карыш болсо да алдыда келе жаткандыгы окурмандын көз жаздымында калган жок. 

– 5 жылдык тарыхы, айта жүргөн таржымалы бар “Алибинин” өткөн чагына серп салып көрбөйсүзбү? 

– Бул гезиттин тагдырына ушундай жазмыш туш болгонбу, айтор оппозициялык маанай биротоло такымдап алды. Дегинкиси, өнүккөн өлкөлөрдүн өйдөлөө жолуна көңүл төшөсөңүз оппозициянын мааниси өзгөчө орунда турат. Бул жагынан алып караганда кыргыз тарыхында “Алибинин” атан төөдөй эмгеги бар экендигин тануу мүмкүн эмес. Бакиев бийлиги биротоло түптөлүп, анын мамлекеттик машинеси бет алдынан тике маңдай чыккандын бардыгын кумурскадай тебелеп-тепсеп келатканда “Алиби” жарыкка чыга баштады. Мен гезитти ошол кезде Бабырбек байке Жээнбеков менен Рыскелди Момбеков жетектеп, күн-түн дебей алпурушуп ушул гезиттин түптөлүшү үчүн жасаган эмгектерине терең баа берем. Бакиевдин бакма дөбөттөрү, прокурору баш болуп, милийсасы төш болуп Бабырбек байкенин артынан сая түшкөн күндөрдө да кабагым-кашым деген жок, тескерисинче чыйралып, гезит ого бетер жаалданып, жан бактылардын кылмыштуу иш аракеттерин гезит бетине андан да курч, андан да таамай чагылдыра баштады. Чындыгында, бир сөз менен айтканда Лениндин “Искрасы” орус империясын урандыга айландырган болсо, Жээнбековдун “Алибиси” жексур Бакиевдин жем баштыгын тартып алып элге берди. Ал эми ошол жем баштык элге жеттиби же амалкөйлөрдүн арам тамагына айландыбы бул маселенин экинчи жагы. Тек гана айтар сөз, бүгүн козголуп жаткан “Ким мародер?” – деген чоң суроо ачыкка чыгышы абзел. Эмне үчүн Жээнбековдун “эл” деген эмгеги көмүскөдө калыш керек? Алмазбек Атамбаев баштаган бүгүнкү бийлик “Алибинин” башты канжыгага байлап коюп, жоого кирген жортуулун жокко чыгарышы керек? Кечээ эле “Алибини” айланып чуркап жүргөн Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев жана башка оппозиция башчылары бүгүн бул гезитке мурду бучук кыз көргөндөй өң буруп калышты. Албетте, ошонун бардыгы “туура айткандын сөзү жаман, ыйлагандын көзү жамандан” улам келип чыгып жатпайбы.

– Гезиттин тарыхы демекчи, Сиз дагы “Алибинин” аздыр-көптүр жетектеп калбадыңызбы? 

– Башында Бабырбек Жээнбековдун бактысынабы же жогоруда айткандай жазмышынабы курч оппозициялык мезгил туш келди. Кийин революциянын арты менен орногон бийликтин жогорку тепкичтеринин бирине Бабырбек Жээнбеков да отурду. Гезит үчүн ушул учур өтө оор болду. Башка басылмалар сыяктуу эле оппозиция жеңишке жетишкенден кийин анын идеологиялык куралы катары “Алиби” өтөп келген кызмат кыпынга арзыбай калды. Бул милдетти Бакиев системасындагы эң орчундуу органдардан болгон, ооздун жана кулактын функциясын аткарып турган “Кыргыз Туусу” жана “Эркин Тоо” гезиттери ээлеп калды. Ушундай шартта ара жолдо калган гезиттин башкы редакторлук кызмат орду айдан-айга жетпей тез-тез алмашкан да учурлар болду. Буга, балким, Бабырбек Жээнбековдун өзү эмес, тиги өкмөттөгү ээлеген кызматы күнөөлүүдүр. Байдын кызын мактагандай ар кимди көтөрө чалып, көкөлөтүп көрбөгөн гезит кызматкерлери туңгуюкка такалдык. Жаңы бийлик, мамлекеттик чиновниктер тууралуу жаман сөз болсо эле башкы редактордун башы бош дей бер. Эртеси эки папкеңди колтукка кысып, келген жолуңа кеткенге шашыл. Ушундай шартта иштөөгө туура келди. Бир жагынан Бабырбек акени да түшүнсө болот. Күндө эле сорпого чогуу барган “соратниктери” колтукка нукуп, “гезиттеги балдарыңды кой десеңчи” – деп жатса, бирөөгө жаман сөз катпаган байырлуу байкебиз ич күптүсүн бизден чыгарган шекилдүү.

Кандай болгон күндө да гезиттин алган багытын, түпкү позициясын окурман менен бекем байланышын сактап калууга көп күч жумшалды. Бир катар жаңы рубрикалар, атайын беттер ачылды. Буга кошумча, ошол күндөр Жогорку Кеңешке шайлоо өнөктүгүнө туш келип, кыйынчылыктар кыйла эле болду. Бирок, ошол жылдын аптаптуу жайы, күмүштөй күзү менин өмүрүмдө өзгөчө из калтырган көз ирмем катары жүрөктө жашай берет.

– Гезиттин келечегине кандай үмүт менен карайсыз? 

– Терең ишеним менен. “Алиби” деп аты айтып турбайбы, карапайым элдин укугу үчүн, мыйзамдуу суроо – талаптары үчүн тикеден тик туруп келүүдө. Гезиттин башкы редакторунун чылкый юридикалык билиминин практикада терең айкашуусу гезитке кайрылган карапайым калктын көкүрөктү жарып чыккан ызасын басууга, соттор менен прокурорлордун, милиция кызматкерлеринин мыйзамды коргобостон аны кордогондорун ачыкка чыгарууга өбөк да, жөлөк да болуп гезиттин кадырын көтөрдү. Бабырбек агабыздын гезитке кайрылып келиши беделине шек кеткен басылманын баркын кайрадан чыгарууда. Демек, гезиттин келечеги алдыда. Айрыкча анын маңдайына жазылган оппозициялык маанайы элдин үмүт тилеги менен дал келип, гезиттин өмүрүнө өмүр кошпойбу. Бүгүн 5 жашка толуп, дүйнө таануусу улам тереңдеп бара жаткан “Алиби” эртеңки күнү кыргыздын келечегине кайдыгер карабаган ар бир жарандын колунан түшпөгөн сүйүктүү гезитине айланарына ишеним чоң. Жаңы жазгандарынын сыясы кургай электе “Алибиден” жарык көргөн эл акыны Анатай Өмүркановдун сергек ырлары, жаанын жебеси жүрөккө кадалгандай Шайлообек Дүйшеевдин курч саптары “Алибинин” аброюна аброй кошуп, гезитиңердин мартабасы көтөрүлө берсин!

Булак:http://www.presskg.com/alibi/12/1009_10.htm

Окшош посттор