Интернет – чоӊ мүмкүнчүлүктөр талаасы

19.07.2019

Рубрика: Аналитика

Басып чыгаруунун версиясы

Интернетке туташуу мүмкүнчүлүгү кеӊейгенден тарта Кыргызстанда да жарандар өздөрүнүн YouTube каналын, социалдык тармактарда баракчаларын түзүп, маалымат алуу, таратуу, бөлүшүү менен алектенишүүдө. Ал эми ЖМКлар жана журналисттер өз аудиториясын дагы да кеӊейтип, даярдаган материалдарын интернетти колдонгон ар бир адамга жеткирүүгө далалат кылууда. Анткен менен, маалымат таратуу жоопкерчилигин этибарга албаган айрым ютубчу-блогерлердин чыр-чатакка жем таштаган видео-тасмаларынан кийин эл арасында «блогер», «ютубер» жана «журналист» деген түшүнүктөр жуурулушуп, маалымат менен иштеген кесипкөй адамдардын ишине көлөкө түшүүдө.

Укугу да, жоопкерчилиги да бар

Ош шаарынын тургуну Айымбү Исраилова соцтармакта тараган видеотасманын айынан анын үй-бүлөсү турмуштук чыр-чатактарга туш болгонун баяндады.

«Интернетте жаман жүрүм-турумдар, коомдогу терс көрүнүштөр жөнүндө бир адамдын видеосу тараптыр. Андагы 1 кадрда менин кызымын паркта достору менен отурган жери да көрсөтүлүптүр. Бул видеодо айтылган нерселерге менин кызымдын эч кандай тиешеси жок эле. Видео тарагандан кийин кызымдын кайын-журту келинибиз жаман жүргөн экен деп, кетирип жиберишти. Жок жерден жабыр тарттык», – деди Айымбү Исраилова.

Ал эми тейлөө тармагында иштеген Арсен жөнөкөй жарандар өздөрү тарткан видеолорун интернетке жайылтууга тыюу салуу керек деген пикирде.

«Биздин ишибизди сындап, видеого тартып, интернетке коюп жатышат. Канчалаган адамдар көрүшөт? Журналисттерди го, түшүнсө болот, бул алардын кесиби. Ал эми жөнөкөй жарандарга буга тыюу салуу керек»,- дейт Арсен.

Анткен менен, Кыргызстанда ар бир адам эркин ой жүгүртүүгө, өз пикирин билдирүүгө, сөз эркиндигине укуктуу экени Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамында белгиленген (КР Конституциясы, 31-берене, 1, 2-пункттар).

Ошондой эле Кылмыш-Жаза кодексинде адамдын кадыр-баркына доо кетирүү жана жайылтууга чектөө коюлган маалыматтарды таратуу үчүн жоопкерчилик да бар.

Улуттук, этностук, расалык, диний жек көрүүчүлүктү, гендердик жана башка социалдык үстөмдүктү үгүттөп, кодулоого, касташууга же күч колдонууга чакырган үндөөлөргө тыюу салынат (КР Конституциясы, 31-берене, 4-пункт).

 

Журналисттер интернет мүмкүнчүлүктөрүн кеӊири пайдалана башташты

Адыл Акжол уулу «Ош пирим», «Ош ТВ» телеканалында иштеп жүргөндө өзүнүн даярдаган журналисттик материалдарын архив болуп калсын деп, YouTube канал түзүп, ага жүктөй баштаган. Анын каналына жазылгандар 5 миӊден ашып, айрым тасмаларын көргөндөрдүн саны 200-300 миӊге жеткенде, Адыл YouTube каналына олуттуу мамиле кылууну чечкен.

«Биз даярдаган материалдарды ТВдан азыраак адам көрүшү ыктымал, ал эми интернете мүмкүнчүлүк дагы кеӊеет эмеспи. Ар бир материалга ютубчу эмес, журналист катары мамиле жасайм. Такталган, ыкчам маалыматты гана чыгарам. ТВда кыскача берилген маалыматтарды өз каналымда кенен берем. Көрөрмандар комментарийсиз видео-тасмаларды көбүрөөк көрүшөт»,- дейт «Ош ТВ» телеканалынын журналисти Адыл Акжол уулу. Бир жарым жыл аралыгында анын YouTube каналына 270 миӊге жакын көрөрман жазылган.

Анткен менен, өздөрүнүн саясий өӊүттөгү материалын анын YouTube каналында таратууга кызыкдар адамдар да бар экен:

«Бийликте болгон кайсы бир кызмат адамы жөнүндөгү даяр видеону чыгарып бер, акы төлөйбүз деп сунуштаган учурлар болот. Бирок, мен көрөрмандарымын ишенимин тебелегим келбейт. YouTube каналдагы тасмалардын 80%ы өзүм жасаган материалдар. Журналист катары жасаган материалдарымды интернете көп адам көрсө, мени ошол нерсе шыктандырат»,- дейт А. Акжол уулу.

Ал «Ош ТВ» телеканалында күндөлүк жаӊылыктарга материал даярдоо менен бирге «Инсан» автордук программасын алып барат жана апталык маалымат программасын да даярдайт. Бош убактысында өзүнүн YouTube каналы менен алектенет.

 

Кошумча каражат табууга да болот

Ал эми Атакул Жалилов бир жарым жыл мурда өзүнүн «Тез кабар» жарнамалык жана «KgPress» маалыматтык YouTube каналдарын ачкан.

«Видео менен алектенген журналисттер ютубда жеке канал ачып иштөөгө ыӊгайлуу. Эгер, ал иштеген ЖМКнын ички саясатына бул туура келсе. Журналист өзүнүн имиджин түзүп, анан да кошумча каражат табууга болот. Кеминде 1 жыл талбай алектенсе жана ютубдун талаптарын так аткарса, дайымкы киреше булагын түзүп алса болот. Бирок YouTube каналга көрүүчүлөрдөн 3 эле даттануу болсо, көрүүчүлөрүнүн саны миллионго жетсе да, ал канал YouTube тарабынан жабылып коюлат. Ошондуктан, уурдалган материалдарды, жалган маалыматтарды, касташууга чакырыктарды ж.б. жайгаштырууга тыюу салынат», – дейт Атакул Жалилов.

Анын «Тез кабар» жарнамалык каналынын учурда 360 миӊдей жана «KgPress» маалыматтык каналынын 60 миӊдей такай көрөрманы бар. Жарнамалык каналынын 50% аудиториясын Кыргызстандын тургундары түзсө, калган жарымын коӊшулаш Өзбекстан, Казакстан тургундары, о.э. Түркия, Россия, Корея жана АКШдагы жарандар түзөт.

Атакул Жалилов YouTube каналдарын түзүүнү каалагандарга алгач каналдын багытын жана форматын аныктап алууну сунуштайт.

«Кыргызстанда техника, илим-билим, дин багытындагы жеке YouTube каналдар жокко эсе. Жаӊыдан канал ачып иштете тургандар башкаларда жок, кайсы бир өзгөчө багытты тандап алганы дурус», – дейт эки YouTube каналдын ээси Атакул Жалилов.

 

Кайсы маалымат булагына ишенүүнү эл таразалашы керек

Ош мамлекеттик университетинин журналистика кафедрасынын окутуучусу Улукбек Омокеев коомдогу кайсы бир жагдайларга жеке көз карашын билдирип, блог жазып жүрөт.

«Элдин коомго айта турган сөзү болот. Блогерлер – өз көз карашын, жүрөк өйүткөн нерселерди коомго алып чыккан чыгармачыл адамдар. Айрымдары бизнес менен айкалыштырып жүрөт. Блогердин турмуштук көз карашы, карманган принциптери болушу керек. Бирок акыркы мезгилде коомчулук журналист менен ютубчу-блогердин айырмасын ажырата албай калды. Кайсы бир кызыкчылыкты гана көздөп, аудио, видео блогдорду даярдап тараткандар журналисттердин жасаган ишин «тебелеп» кетип жатат», – деген оюн билдирди У.Омокеев.

Анын пикиринде, кыргыз журналистикасынын деӊгээли жогорулаганда гана коомчулук ишенимдүү жана сапаттуу маалыматты ылгап алып калат.

«Журналист атайын даярдыктан өткөн, мыйзамдын жана кесиптик этикалык талаптардын чегинде, кайсы бир ЖМКнын атынан, же эркин журналист катары маалымат тараткан кесипкөй адис болушу керек. Кыргыз журналистикасы фактыга негизделген, калыс маалыматтарды тараткан жогорку деӊгээлге чыкканда, калктын да сабаты артат. Ошондо эл кайсы маалымат булагына ишенүүнү өзү таразалап калат», – дейт ОшМУнун журналистика кафедрасынын окутуучусу Улукбек Омокеев.

Гүлзат Газиева,
«Журналисттер»
КБнын Ош областындагы өкүлү