Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Германия: Соттор менен журналисттер эриш-аркак иштейт

Германия: Соттор менен журналисттер эриш-аркак иштейт

Германиянын мыйзамдарына ылайык журналисттер сот процессин толугу менен аудиого жазып, фото жана виеотасмага тартууга тыюу салынат. Аталган өлкөдө Массалык маалымат каражаттары мыйзам чегинде мыкты корголуп ошону менен эле аларга болгон талаптар да күчтүү. Германиянын соттору элдин сот бийлигине болгон ишеними жогору экенин айтышты. Муну атайын сурамжылоолор дагы көрсөтүп, соттор дарыгерлерден кийинки эле эл ишеним арткан тармак болуп табылган.

Кыргызстандан барган чакан топ Германиянын Карлсуэ же жергиликтүү калктын айтышы боюнча «Юристтердин шаарына» барып жайгаштык. Бул шаардын жогорудагыдай аталып калышы дагы жөн жерден эмес. Анткени Карлсуэда Германиянын Федералдык Жогорку соту, Федералдык Конституциялык соту, Федералдык Башкы прокуратурасы сындуу маанилүү мекемелер жайгашкан. Кыргызстандын Жогорку сотунун басма сөз кызматынын жетекчиси Айнура Токтошева жетектеген биздин жумушчу топ Германиянын бир катар сотторунун, Франциянын Страсбург шаарындагы Европарламент жана Европанын адам укуктары боюнча сотунун иши менен таанышып чыкты.

Кыргызтандын делегациясы 3-июль күнү Карлсуэдагы Апелляциялык сотто болуп аталган соттун маалымат кызматынын журналисттер менен кызматташуусу тууралуу маалыматын укту. Германиянын мыйзамы боюнча журналисттердин сотто каралып жаткан иш боюнча маалымат алуу укугу бар. Үй-бүлөлүк маселе, мамлекеттин коопсуздугу, ишкерчилик сырды ашкере кылган иштер боюнча гана маалыматтар таркатылбайт. Аппеляциялык соттун судьясы жана басма сөз кызмтанын жетекчиси Джулия Керц Германияда журналисттерди кайсы өңүттөгү иштер кызыктыраарын айтып берди.

— Биз журналисттерге көмөк катары, алардын кызыгуусун жаратып, талкууга алына турган резонанстуу иштер тууралуу маалымат берип турабыз. Мисалы Германияда дарыгерлердин өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле кылуусу Массалык маалымат каражаттарын өзүнө тартат.

Германиянын сотторунда Кыргызстандыкынан айырмаланып басма сөз кызматкеринин ишин судья аткарат. Ал бир эле учурда судья катары иштерди карап, ошол эле кезде журналисттерге маалымат таркатуу менен алектенет.      

Биз Германиянын Биринчи инстанциядагы сотунун иши менен да тааныштык. Аталган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык журналисттерге кандай гана сот отуруму болбосун толугу менен аудиого жаздырып, фото жана видеотасмага тартууга тыюу салынган экен. Алар сот процессинин башында гана тасмага тартууга уруксат алышат. Германиядан айырмаланып Кыргызстанда ачык өткөн сот отурумдарын ауидого соттун уруксатысыз эле, ал эми видеого судьянын уруксаты менен баштан аяк тартууга болот. Учурда Кыргызстанда сот жараяндарын онлайн берүү дагы колдонулуп жатат.

Германияда сотторго камера алдында өзүн кандай алып жүрүү керектиги боюнча атайын сабактар өтүлүп тураары белгилүү болду. Ошондой эле Биринчи инстанциядагы соттор жылына канча ишти карай турганы боюнча да маалымат алдык.

— Бир сот жылына 150-170 ишти карайт. Мыйзамга ылайык жарандык ишти 3 судьядан турган соттук коллегия териштирет. Бирок, практикада бир гана судья ишти караган учурлар көп. Көбүнчө экономикалык маселелерди кароодо үч судья иш алып барат. Алардын бири сотко төрагалык кылуучу жана экөө бул жаатты жакшы түшүнгөн судьялар.

Иштерди сотторго бөлүштүрүү автоматташтырылган. Ал эми сотторго бийлик тарабынан же кайсы бир күчтөрдөн басым кылуу болбой турганын, мындай окуялар аларга жат көрүнүш экенин айтып беришти.

Журналисттерди адам өлтүрүү сындуу оор кылмыш иштери, көп суммадагы каражат чырына байланышкан иштер кызыктырат. Германияда Кыргызстандагыдай эле сот процесстерин чагылдырууда айрым кемчиликтер бар экен. Соттордун айтымында бардык эле журналисттердин юридикалык билими жок болгондуктан терминдерден ката кетирген учурлар кездешет. Бирок, айтылган сындарды ММКлар туура кабыл алып, дароо каталар оңдолот дейт Германиянын соттору.

Кыргызстандан барган топ 4-июлда Германиянын Жогорку сотунун имаратында болду. Аталган өлкөдө соттор беш багытта иш алып барышса, алардын ар биринин Жогорку соту бар. Аларды Жогорку соттун судьясы жана маалымат кызматынын жетекчиси Вайн Валд тизмектеп берди.

— Германияда соттордун беш тармагы бар. Биринчи-эмгек маселелерине байланыштуу башкача айтканда жумуш берүүчү менен кызматкерлердин ортосундагы талаш-тартыштар. Экинчи-админстративдик, үчүнчү-социалдык, төртүнчү-финансылык сот жана бешинчи жалпы юрисдикциялык сот.

Вайн Валд санап өткөн соттор бири-бирине көз каранды эмес. Маалыматтар боюнча Германиянын Жогорку соту төмөнкү инстанцияларда чыгарылган соттук чечимдердин үстүнөн түшкөн арыз-даттанууларды карайт. Ага прокурорлор менен жактоочулар гана катышып, күбөлөр суралбайт. Башкача айтканда Жогорку сот судьялар чыгарган чечимдин укуктук жагын көзөмөлдөйт.

Сапардын алкагында Германиянын Конституциялык соту жана Башкы прокуратура сындуу маанилүү мекемелерди кыдырдык. Германияда Башкы прокуратура терроризмге, тыңчылыкка каршы иш алып барат. Башкы көзөмөл органы эң ириде өлкөнүн коопсуздугуна жоопту болуп саналаары айтылды. Прокуратура кайсы бир ишти полиция менен биргеликте иликтеп аны сотко өткөрөт. Башкы прокурордун кызматта отуруу мөөнөтү чектелген жана аны мөөнөтүнөн мурун кызматтан алуу же калтыруу маселесин Юстиция министри чечет.

Иш сапардын үчүнчү күнүндө Франциянын Страсбург шаарындагы Европанын адам укуктары боюнча сотуна жана Европарламентке баш бактык. Европа өлкөлөрүндө жашаган жарандардын акыйкаттык үчүн акыркы үмүтү болгон Европанын адам укуктары боюнча сотунда жалпы 47 судья иштейт. Аталган сот чыгарган чечимдерди союзга мүчө болгон өлкөлөр аткарууга милдеттүү. Эгер андан баш тартса ар кандай санкциялар колдонулат. Европанын адам укуктары боюнча сотуна жылына 60 миңге жакын арыздануулар түшөөрү белгилүү болду. Алардын 60 пайызы 1-инстанцияда чечилсе, 30 пайызы кийинки баскычтарда, дагы 10 пайызы өтө чуулгандуу иштер деп саналып узак убакытка чейин созулат.

Кыргызстандын Жогорку сотунун басма сөз кызматынын башчысы Айнура Токтошева Германия менен Францияга болгон иш сапар тууралуу буларды айтты.

— Германияда соттордун басма сөз катчыларынын журналисттер менен кызматташуусун көрүп келдик. Ал эми Франция Германияга жакын болгондуктан Страсбург шаарындагы Европарламент жана дүйнөгө белгилүү болгон Европанын адам укуктары боюнча сотуна келбей кетүү болбойт эле. Ошондуктан Кыргызстандан келген соттордун пресс катчылары менен журналисттер Европарламент жана Европанын адам укуктары боюнча сотунун басма сөз кызматы менен журналисттер кандай иштешет таанышып чыктык.

Европанын адам укуктары боюнча сотунун чечимдерин Швейцария, Германия, Норвегия өлкөлөрү кынтыксыз аткарышаары аныкталды. Ал эми Орусия чечимдердин аткарылышы боюнча тизмекте артта турат.

Европанын эки өлкөсүнө болгон иш сапардын алкагында Европарламенттин иши менен да тааныштык.

Бул сапар Европа Биримдиги тарабынан каржыланып, «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү» долбоору аркылуу ишке ашты. Кыргызстандан барган делегациянын курамында Жогорку соттун маалымат кызматынын, соттордун облустагы басма сөз катчылары жана долбоордун Кыргызстандагы жетекчиси Стефанос Кареклас, долбоордун эксперти Мээрим Орозобекова жана журналисттер болду.

Булак: http://maralfm.kg/archives/235735

Окшош посттор