FH: дүйнөдө сөз эркиндигинин абалы начар

29.04.2017

Рубрика: Аналитика, Сөз эркиндиги

Басып чыгаруунун версиясы

a9245633-62ab-481a-a02b-0bac3c36d305_w1023_r1_s

Дүйнөдөгү демократиянын абалына байкоо салган “Фридом Хаус” эл аралык уюму Жер шарындагы элдин 13 проценти гана маалымат каражаттары эркин өлкөлөрдө жашайт деген жыйынтыкка келди. Медиа жана журналисттерге кысым айрым демократиялык өлкөлөрдө да байкалып жатканы айтылат уюмдун жылдык докладында.

Эл аралык уюмдун жылдык докладында дүйнөнүн 199 өлкөсүндөгү абалга сереп жасалган. Авторлор басма сөз эркиндиги 13 жыл ичинде эң төмөн деңгээлге түшүп кеткен деген тыянакка келишти. Ушу тапта дүйнөдөгү калктын 13 проценти гана пресса эркин мамлекеттерде жашайт.

Атап айтканда, ошол адамдар “маалымат каражаттары саясий жаңылыктарды ар тараптуу чагылдырган, журналисттердин коопсуздугу камсыздалган, мамлекеттин медианын ишине кийлигишүүсү минималдуу, пресса юридикалык же экономикалык кысымга туш болбогон шартта жашайт”.

Ал эми изилденген өлкөлөрдүн 42 процентинде маалымат каражаттары “жарым-жартылай эркин”, 45инде “эркин эмес” болуп чыкты.

Баяндамада авторитардык режимдер прессаны куугунтуктоону улантып, айрым жерлерде күчөтүшкөнү, кээ бир демократиялык мамлекеттерде болсо медиа каражаттарга ар кыл жолдор менен таасир этүү аракеттери
көрүлгөнү айтылган.

Авторлор АКШ президенти Дональд Трамптын талапкер кезинде да, мамлекет башчылыкка шайлангандан кийин да маалымат каражаттарына кемсинткен мамиле кылганын сындашууда. Прессанын ролдорунун бири – бийликтегилерди өз сөзү менен иш-аракеттери үчүн эл алдында жооп берүүсүн камсыздоо. Трамп болсо муну четке кагууда, – деп эсептейт “Фридом Хаус”.

Докладда айтылгандай, президент нечен жолу журналисттерди “жалган кабарларды тараткан кишилер”, АКШнын кызыкчылыктарын сатып кеткен “чыккынчылар” деп шылдыңдаса, Ак үйдөгү кеңешчилердин бири журналисттерди “оппозициялык партия” деп атаганы бар.

Глобалдык демократиянын таянычы болуп эсептелген АКШдагы саясий лидерлердин маалымат каражаттарына чабуулдары дүйнөдөгү басма сөз эркиндигине коркунуч жаратууда, башка өлкөлөрдөгү жетекчилер да алардан үлгү алышы мүмкүн, – дешет укук коргоочулар.

“Фридом Хаус” медиа эркиндик жагынан Евразия эң начар чөлкөм бойдон калууда деп белгилейт. Аймактагы бир да өлкө “эркин” деген топко кирбей калган. Калктын 77 проценти пресса “эркин эмес” делген өлкөлөрдө жашайт.

Борбор Азиядагы мурдагы советтик жумурияттардын бешөө тең Армения жана Азербайжан менен катар “эркин эмес” деген топко камтылган.

Уюмдун изилдөөчү аналитиги Элен Агекян Евразиядагы демократиялуу өлкөлөрдө да расмий бийликтердин маалымат каражаттарына мамилеси тынчсыздануу пайда кыларын белгилейт:

– Арменияда коопсуздук органдары былтыр жайында массалык нааразылык акциялары учурунда окуяны чагылдырып жүргөн бир нече кабарчыларга күч колдонуу менен дагы бир ирет прессаны урматтабаганын көргөзүштү.

Орусия да басма сөз “эркин эмес” мамлекеттердин катарына киргизилген. Доклад авторлорунун пикиринде, өлкө бийлиги маалымат каражаттарын дээрлик толугу менен өз көзөмөлүнө алган. “Фридом Хаус” президент Владимир Путин мамлекеттик пропаганданы глобалдаштыруу аракетин көрүп келатат, орусиялык медиа Кремлдин көз карашын бүт дүйнөгө, өзгөчө орус тилдүү калкы бар кошуналарга таратышууда деп жазат. Уюм Russia today телеканалы жана Sputnik агенттиги “азыркы жана тарыхый окуяларга бурмаланган” көз карашты калыптандыруу багытында иш алып барат деп белгилейт.

Москва көзөмөлдөгөн маалымат каражаттары Украина бийликтеринин легитимдүүлүгүнө шек келтирип, бурмаланган кабарларды таратып жаткан чакта Киев өкмөтү кошуна өлкөнүн маалымат каражаттарын өз аймагында чектеп, ондогон орусиялык журналисттерге кирүү уруксатын бербей келатат.

“Фридом Хаус” Украинаны “жарым-жартылай эркин”, ал эми Орусия аннексиялаган Крымды “эркин эмес” деген топко кошкон.

Маалымат каражаттары эркин эмес деп Беларус да таанылган. Ошол эле маалда доклад авторлору медиа айдыңында майда алга жылуулар байкалганын да белгилешет.

– 2016-жылы журналисттерге парламенттик шайлоону чагылдыруу мүмкүнчүлүгү берилип, бийликтин кийлигишүүсү мурдагыдан аз болду. Ага чейинки шайлоолордон айырмаланып, бул жолу маалымат каражаттарына зордук-зомбулукту да анча көргөн жокпуз.

“Фридом Хаус” Ооганстандагы оң жылыштарды да кубаттады. Өлкө “жарым-жартылай эркин” дегендердин арасына жайгаштырылган. Мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, көз карандысыз медиага мурдагыдан ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Менчик маалымат каражаттары арасында да ар түрдүлүүк көбөйүүдө. Бирок уюмдун өкүлү Элен Агекян белгилегендей, коопсуздук кырдаалы начарлап, журналисттердин окуяларды чагылдыруу мүмкүнчүлүгү абдан чектелүүдө.

Буга чейин Журналисттерди коргоо комитети жана Чек арасыз кабарчылар уюму басма сөз эркиндиги күнүн утурлай жарыялаган жылдык докладдарында медиа жана журналисттерге коркунучтар көбөйүп жатышына камтамасын билдиришкен эле.

Айнура Жекше кызы, “Азаттык”, 29.04.2017-ж.