“Азаттыкка” каршы иш жана сөз эркиндиги (видео)

02.10.2019

Рубрика: Аналитика

Басып чыгаруунун версиясы

“Азаттыктын” кабарчылары кабылган соңку кырдаал жана сөз эркиндигин абалы “Эксперттер талдайт” берүүсүндө талкууланды.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты, “Азаттыктын” операторуна кол салуу боюнча окуяда аты аталган Матраимовдордун агасы Искендер Матраимов да келди.

Ал “Азаттыктын” оператору таңкы жетиде ошол районго барбаганда, дрон инисинин үйүнө түшүп калбаганда бул окуя чыкмак эмес деген пикирин айтты.

– Менин үйүмдү беш жолу тарттыңар. Эки жылдан бери эле текшерилип жатабыз. Декларациянын ар бир тыйынына чейин отчет бердик, – деди Искендер Матраимов талкуу учурунда.

Ал Бишкек жана Ош шаарларында маркум апасына катталган ондон ашык мүлк тууралуу да айта кетти.

– Аялым, кичүү иним 1996-жылдан бери бизнес менен алектенет. Силер Матраимовдордун банктан алган кредиттерин иликтеп көрдүңөрбү? Инимдин мүлкү апама катталган болчу. Апам каза болордун алдында кайра иниме өткөрүп берди. Бишкекте апама катталган жер участогу меники, – деди Матраимов.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов азыркы кырдаалды сынга алып, журналисттерди коргоп калууга чакырды.

– Журналист аркылуу элдин укугу корголуп жатат. Мына Таиландда полиция прессага тийген жок. Азыркы соцтармактагы талаш – бул күрөш. Парламентти, президентти сындап жаткан журналисттер бизге жакпаса да колдоп турушубуз керек. Анткени сөз эркиндиги мамлекеттин алдыга жылдырган күч, – деди Шыкмаматов.

Ал буга чейин “Апрель”, “Жалбырак” телеканалдарынын жабылган учурун эске салып, бул көрүнүш уланбашы керектигин айта кетти.

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Жанар Акаев сөз эркиндиги менен кошо жоопкерчилик да кошо жүрүшү керек экенин белгиледи.

– Тышкы иштер министри Бириккен Улуттар Уюмунун жыйынына барып, Кыргызстан сөз эркиндиги жаатында алга жылганын жар салды. Эми Сөзүбүз менен ишибиз дал келиши керек. Борбор Азияда биздин мактана турган нерсебиз ушул эле. Экономикабыз өнүккөн жок.

– Парламенттин 90% бизнесмендерден турат. Он пайызын гана мага, Никитенкого окшогондор түзөт. Ошондуктан биздин жазган мыйзамдар өтпөйт. Азыр бизде парламенттик башкаруу кагаз жүзүндө гана калып, иш жүзүндө супер президенттик башкаруу өкүм сүрүп жатат, – деди Жанар Акаев.

Ал эми эксперт Руслан Акматбек учурда “Азаттыктын” кабарчысы Ыдырыс Исаковго каршы кайра иш козголушун сынга алды.

– Ыдырыс Исаковго жазылган арыз кысым болуп саналат. Арыз берген тараптардын аты ачык айтылбаганы түшүнүксүз жагдайды жаратат. Биздин депутаттар турат. Муну сураш керек, – деген Руслан Акматбек Матраимовдорду колдогондордун көбү тролль болуп чыкты. Эгер алар ак болсо эмнеге троллдорду жалдады?” деген суроону койду.

Эскерте кетсек, 2-октябрда «Азаттык» радиосунун кабарчысы Ыдырыс Исаковго карата мурда токтотулган иш кайра тергеле турганын Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Талкууну толугу менен видеодон көрсөңүз болот.

Мекеме маалымдагандай, 30-сентябрда Ош шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылып, «Исаков ири суммада акча талап кылганы боюнча мыйзам чегинде чара көрүүнү өтүнүп, күбө катары эки адамды ээрчитип келген».

«Анын арызы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Ал Исаков «мага 5000 доллар бербесең Интернетке чыгарам, болбосо «Лексус» машинеңди бересиң» деп опузалаганын билдирди» деп айтылат шаардык милициянын маалыматында.

Милиция билдиргендей, ушундай эле мазмундагы арыз быйыл 4-апрелде катталган, бирок далил жоктугунан кыскартылган.

Ыдырыс Исаков өзү бул арызды жалаа деп эсептейт. Ал 1-октябрда «Фейсбуктагы» жеке баракчасына арыздануучу тууралуу: «Ал бала милициянын полковниги экенин унутуп, каралардын ана башы Кадыр (Женго) Досоновко өкүл бала болуп алган ишкер Жалил Атамбаевдин колунда иштейт. Шефи «Арыз жаз. Кайдан болсо да бирдемени ойлоп тап!» деп артында карап турса кантип баш тартат? Ошондуктан «Ыдырыс акча сурады» деп маалымат берип аткан баланы сөкпөңүздөр. Тилдеп жаман көрбөңүздөр. Жөн гана түшүнүп коюңуздар» деп жазган.

Ыдырыс Исаков – коомчулукта резонанс жараткан бир катар иликтөөлөрдүн, репортаждардын автору.

Быйыл 17-апрелде ал «Ош: салыктан буйтаган «ишкерлер»» деген иликтөөсүн жарыялаган. Иликтөөдө жылына Кыргызстандын казынасына көмүскө экономиканын айынан 40 млрд. сом түшпөй калары айтылып, салыктан качкан ишкерлер жөнүндө сөз болгон. Ошондон кийин милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев Исаковду сотко берип, кийин арызын кайтарып алган.

Бул кылмыш иши «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов Ошто кабылган окуяга удаа болуп жатат.

Эскерте кетсек, 28-сентябрда Ош шаарында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов телеберүү тартып жүргөн учурунда олбурлуу жигиттер анын артынан келип уруп, колундагы техникасын, документтерин жана түшүп жүргөн автоунаасынын ачкычын тартып алышкан.

Кулчумановдун арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 201-беренесинин 4-пунктунун (« Топ адам тарабынан уюшкан каракчылык») негизинде кылмыш ишин козгоду.

Кол салгандар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атын аташкан.

Алар да «жеке менчигибизди тасма тартып, коопсуздугубузга коркунуч жаратты» деген негизде милицияга арызданган.

Ички иштер министрлиги “Азаттык” радиосунун кызматкерлерине байланыштуу катталган бул иштер толугу менен жетекчилигинин көзөмөлүндө турганын кабарлады.

Бул тууралуу мекеме 2-октябрда билдирүү таратты.

Министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү Назира Султанкулова тергөөгө байланыштуу жагдайлар убагы келгенде ачыкталарын айтты:

– Учурда тергөө, иликтөө ыкчам иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу тергөөнүн купуялыгын эске алуу менен тергөөгө тиешелүү жагдайларды ачыктоону убагы келгенде билдиребиз. ИИМ “Азаттык” мекемесинин кызматкерлерине байланыштуу жагдай Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын, окуя толугу менен кылдат жана акыйкат иликтене тургандагын белгилейт.

“Азаттык” радиосунун кызматкерлери кабылган соңку кырдаалды бир катар эл аралык жана коомдук уюмдар, медиа өкүлдөр сынга алып, сөз эркиндигине чабуул катары баалап жатышат.