Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Аскер Сакыбаева «Эшимканов өлгөндө өзгөчө жоктогонбуз» дейт

Аскер Сакыбаева «Эшимканов өлгөндө өзгөчө жоктогонбуз» дейт

«Жаңы Агым» гезитинин башредактору, белгилүү журналист Аскер Сакыбаева менен бүгүнкү кыргыз журналистикасынын ал-абалы туурасында кеп курдук.

– Аскер айым, байкап аткандырсың, кийинки убактарда кыргыз тилдүү журналистиканын бедели абыдан түшүп кеткени туурасында сын-пикирлер көп айтыла баштады. Муну канчалык деңгээлде жүйөлүү деп санайсың же андай пикирлерге кошулбайсыңбы?

– Адегенде сындан мурда жалпы журналистиканы мындай коелу, журналист кантип жашап, кандай шартта иштеп атканын кеп кылбайлыбы. Азыр түбү шаардык, өзү журналистиканы окуп бүткөндөр эле өз үйлөрүндө жашабаса, бул чөйрөдө 20-25 жылдап иштегендердин жаңылбасам, 70-80 пайызынын өз үйлөрү жок. Көпчүлүгү ижарада, алы жеткени жаңы конуштарга эптеп үй салып алышкан. Өзү жогорку билимдүү, үйбүлөсү бар адам ижарада жашап, 10-15 миң айлыгын баарына жеткирип эптеп жашайт. Мунун баарын эмнеге айтып атам? Себеби социалдык макамы журналисттен төмөн катмар шаарда болбосо керек.

Жогоруда айтылгандардын баары биригип келип журналистиканын деңгээли төмөн болушуна, журналисттер көп адамдардан, анын ичинде бийликке, саясатчыларга көзкаранды болууга алып келүүдө. Биз акыркы кезде журналисттерди коомчулук көзүнчө «сабап», сындаганга абдан көнүп алдык. Сындоодон мурда эмне үчүн мындай болуп атат, сатылгыч, күнкарама журналисттер кайдан чыгат деп маселенин үстүн калпып салып тереңине качан үңүлөбүз? Бизде Президент Алмазбек Атамбаев айткан сөз эркиндиги болгон менен, аны ишке ашыруучу рычагдар айрым гана адамдардын колунда экени эч кимге жашыруун эмес. Эгер бийлик журналисттер үчүн биринчи кезекте социалдык шартты, сөз эркиндигинин шарттарын реалдуу түзүп берип, ошондо журналистика деңгээли эмнеге төмөн деп талап кылса эң туура болмок.

Журналистика бедели түшүп кетти дегендер адегенде айлана тегерегин карап, кайра өздөрүн күзгүдөн карап алса дээр элем. Бир чети азыркы журналистика коомдун кандай абалда экенин айкын чагылдырып турган күзгү. Айтчы, азыр коомдун кайсы тармагы мыкты өсүп-өнүгүп, оорубай турат? Менимче, өлкөбүздүн бардык тармагы 20 жылдан бери ары кетпей, бери кетпей өнөкөт оорунун азабын тартып келет. Же мындай эмеспи? Анан ушунун ичинде аралашып жүргөн журналистика кантип соо калсын.

– Бир кездеги кыргыз тилдүү бараандуу журналисттер азыркы гезиттерге сетиркегендей мамиле кылып, иштешкилери келбегенин көп байкадым, мунун себеби эмнеде деп ойлойсуң?

– Мен мисалы биздин гезитке карай башкалардын сетиркеген мамилесин байкай элекмин. Ошон үчүн жумасына жок дегенде 2-3 жолу өздөрүн жумушка алуу жөнүндөгү сунушу менен келген адамдар менен сүйлөшүүгө туура келет. Эми башкалар жөнүндө айта албайм. Биз иштешкибиз келген адамдар көп эле, көп эле учурда аларга өзүбүз да чыгып, биз үчүн атайын жазып берген материалдарын гезитке бергенибизди окурмандар байкап аткандыр. Дегеле биз иштешкибиз келген адамдар өз ою бар, коом кызыккыдай жаңы бир нерсе айта турган адамдар болуш керек. Анан сен эмне тапшырма берсең же эмне жаз десең жаза салайын дегендер бизге кызык эмес.

– Дегеле кайсы тилдүү басылма болбосун, орчундуу кайсы кемчиликтерин моюнга алса болот?

– Басылмалардын орчундуу кемчилиги тиражынын аздыгы, республикалык деп коюп, өлкөнүн бардык булуң-бурчуна текши тарабаганы. Ал эми кайсы гезит кимдики, жүргүзгөн саясаты кандай дей турган болсок, кемчилиги да ошого жараша. Бирок бардык гезиттерге мүнөздүү кемчилик, айрыкча жеке менчик гезиттерге тиешелүүсү –каталардын бардык түрү абдан көп кездешип, кыргыз тилин абдан жарды колдонуп атканыбыз.

– Мынча болду, устатың Мелис Эшимкановдун туулган күнү алдында а кишинин уюштуруучулук, жетекчилик касиеттерин айта кетсең…

– Ал биринчи кезекте көнүмүш стандарттан тыш жашаган адам эле. Ошон үчүн анын бардык жасагандары, чыгарган гезиттери коом үчүн абдан кызык болду. Эшимканов гезиттин советтик стандартын гана эмес, адамдардын иш боюнча мамиле күтүүсүнө да жаңылык киргизген адам эле, ошондуктан аны менен көп жыл жакын иштешип калгандар ал өлгөндө жаныбыздын бир бөлүгү кошо кеткенсип, өзгөчө жоктогонубуз да ошондон. Анын адамдык сапатын, жигиттик мыкты касиеттерин айта берсе сөз бүтпөйт. Жеке мен анын журналисттик да, турмуштук да мектебинен өткөнүмө ыраазымын.

Булак:http://kyr.24.kg/koom/kesipko-j/asker-saky-baeva-e-shimkanov-o-lgo-ndo-o-zgo-cho-zhoktogonbuz-dejt

Фото: http://kyr.24.kg

Окшош посттор