Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

Уюм тууралуу

“Журналисттер” коомдук бирикмеси Кыргызстандагы эң алгачкы медиа уюмдардын бири болуп эсептелет. Журналисттердин демилгеси менен ал Бишкекте 1998-жылы 24-ноябрда негизделген.

1998-жылы 28-декабрда КР Юстиция министрлигинде каттодон өткөн (каттоо күбөлүгү № 007448 (серия ГР).

2013-жылы “Журналисттер” КБ кайра каттоодон өткөн.

2009-жылы уюм Сөз эркиндиги боюнча эл аралык тармактын (IFEX) мүчөсү болуп кабыл алынган.

Уюмдун ишмердүүлүгүнүн башкы максаты – Журналисттердин кесип ишмердүүлүгүн жана өлкөдөгү сөз эркиндигин коргоо, журналисттик кадрлардын кесипкөйлүгүн арттыруу.

Негизги каржы булактары – гранттык каражаттар.

“Журналисттер” КБнын Ош шаарында өкүлчүлүгү бар.

Бишкек шаарында “Кабар” КУМА менен биргеликте Журналистика мектебин уюштурган.

Негизделгенден бери “Журнаисттер” КБ 60дан ашык долборду иш жүзүнө ашырган. Эң алгачкылардан журналисттерди окутууну кыргыз тилинде такай негизде жүргүзө баштаган. Уюмдун окутууларынан өткөн журналисттер Кыргыстандын дээрлик бардык ЖМКларында ийгиликтүү эмгектенишет.

Уюмдун структурасы:

Мүчөлөрү – 40 адам.

Башкармалыгы – 9 адам