Ийгиликке КАДАМ — 2019

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Бул жерге 2019-жылы сентябрда Ош шаарында өткөн «Ийгиликке КАДАМ» медиа форумундагы өлкөбүздөгү белгилүү медиа адистердин учурдагы абал, ийгилик сырлары жана жаңы медиа форматтар тууралуу презентациялары жайгаштырылды.

Аталган иш-чара «Журналисттер» КБнын 20 жылдыгына карата уюштурулган. Бул форум Кыргыз Республикасынын эгемендик алгандан кийинки тарыхындагы толугу менен кыргыз тилинде уюштурулган медиа жаатындагы алгачкы республикалык иш-чара болду. Форумга өлкөбүздүн бардык булуң-бурчунан 100дөн ашык ЖМК өкүлдөрү катышты. 10дон ашык белгилүү медиа адистер ийгилик сырлары менен бөлүштү. Аталган форумду мындан ары ар-бир эки жылда өткөрүп туруу пландаштырылууда.

Форумду уюштурууга Kyrgyz Concept ишканасы, «Сорос-Кыргызстан» фондусу, IFES, IREX эл аралык уюмдары, ОшМУ, T-Media Group, TMG уюмдары чоң жардам көрсөтүштү.

_____

Эльвира Сариева, CADH Борбор Азиялык долбоорунун жетекчиси

IREX уюмунун жаңы медиа долбоорлорунун презентациясы.

 

Сабыр Абдумомунов, «Азаттык Медианын» журналисти 

Подкасттар тууралуу мастер-класс.

 

Элмурат Аширалиев, “Клооп Медианын” журналисти

Подкасттар тууралуу мастер-класс. «Америкадагы популярдуу подкасттар»

 

Данияр Садиев, «T-Media Group» уюмунун негиздөөчүсү жана жетекчиси

Данияр Садиевдин “Аймактагы заманбап медиа кандай болуусу керек жана жалпы дүйнөлүк тренддер бизде да орун алуудабы?” деген презентациясы.