Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

Башкармалык

n_duyshenbekov_400x400

Нурдин Дуйшенбеков, башкармалыктын төрагасы

Белгилүү журналист-аналитик, коомдук ишмер.

“Тарых” жана “Юриспруденция” адистиктери боюнча эки жогорку билими бар.

Жогорку окуу жайларда окутуучу, Жогорку Кеӊештин аппаратынын кызматкери, Соода өнөр-жай палатасынан алдындагы Эл аралык арбитраждык сотунун пресс-катчысы болуп иштегени жетишкен.

Он алты жылдан бери журналистикага аралашып, «Общественный рейтинг» гезитинде жана бир катар сайттарда 400дөн ашык макалалары жарыяланган.

«Медиа Кыргызстана» Кыймыл платформасынын Координациялык кеӊешинин мүчөсү.

2022-жылдын май айында “Журналисттер” коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы болуп шайланган.

mars_tulegenov

Марс Тулегенов, башкармалыктын мүчөсү

Белгилүү тележурналист, тренер.

1998-жылы Бишкек автомобиль-жол техникумун, 2009-жылы Бишкек Гуманитардык Университетинин алдындагы Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун журналистика факультетин аяктаган.

“Аян”, “КООРТ”, “НТС” телекомпанияларында, «Internews Network» уюмунун Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүндө иштеген.

2009-2014-ж.ж. “Доор Медиа” Коомдук фондусунун Директорунун орун басары болгон.

2011-2014-ж.ж. КТРКнын Көркөм кеңешинин мүчөсү

2009-жылдан бери журналистика жаатында тренерлик кылат.

2018-жылдын сентябрынан 2022-жылдын май айына чейин “Журналисттер” коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы болгон.

a_tynaev

Азамат Тынаев, башкармалыктын мүчөсү

1966-жылы туулган.

Белгилүү журналист, медиа эксперт.

Эки жогорку окуу жайын аяктаган: 1986-жылы Орус тил жана адабияты боюнча педагогикалык институтту, ал эми 1991-жылы – Москвадагы М.Горький атындагы Адабий институтту.

1991-жылдан 2004-жылга чейин «Литературный Киргизстан» журналында редактор, Кыргызстандык товардык-сырьелук биржада пресс-катчы, БМУда жана КМУУда мугалим болуп иштеген.

2004-жылдан баштап журналистикага активдүү аралаша баштаган. «Вечерний Бишкек», «Белый пароход», «Комсомольская правда-Кыргызстан», «Слово Кыргызстана плюс» гезиттеринде, «24.kg», «Страна.kg», «Чалкан.kg» маалыматтык сайттарында жетекчилик кылган, «Азаттык» радиосунда веб-редактор болуп эмгектенген.

2014-жылдын мартынан бери Практикалык журналистиканын студиясын жетектеп келет.

2016-2018-жылдары «Журналисттер» коомдук бирикмесинин башкармалыгынын жетекчиси болгон.

k_mambetaliev

Кубан Мамбеталиев, башкармалыктын мүчөсү

1953-жылы туулган.

Филология илиминин доктору, Атайын жана Толук ыйгарымдуу элчи дипломатиялык рангынын ээси.

Белгилүү публицист. Кыргызстандык жана чет элдик ЖМКларда жарыяланган коомдук-саясий темадагы 300дөн ашык макалалардын автору.

Журналисттик ишмердүүлүгү менен катар укук коргоочулук ишин ийгиликтүү алып барган. “Журналисттер” КБсы анын демилгеси менен негизделген болчу. Уюмду ал 2006-жылга чейин ийгиликтүү жетектеп, бардык бийлик структуралары аны менен эсептеше турган деңгээлге жеткирген.

Бир канча илимий монографиялардын жана публицистикалык жыйнактардын автору.

Кыргыз Республикасынын «Ардак Грамотасы» менен сыйланган.

r_salamatova

Рахат Саламатова, башкармалыктын мүчөсү

2013-жылы «Манас» Кыргыз-түрк университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

Студенттик кезден баштап бир катар ЖМКлар менен кызматташа баштаган. 2014-2016-жылдары «Кабар» КУМАда иштеген.

2013-жылы анын «Уя» деген кыска метраждуу тасмасы Республикалык жаш режиссерлор фестивалынын жеңүүчүсү деп табылган. Ошондой эле ал Түркияда өткөн “Бактылуу үй-бүлө” фестивалында 2-орунга татып, Кытайда өткөн «Рыбий глаз» фестивалында “Мыкты даректүү фильм” номинациясын жеңип алган.

a_satarov

Абды Сатаров, башкармалыктын мүчөсү

1951-жылы туулган.

Белгилүү тележурналист. Журналистика кесибин аркалап жүргөн жылдары өлкөдөгү бардык телеканалдарда иштегенге жетишкен. Көбүндө жетекчилик кызматта болду. Ал ошондой эле эл аралык «Zaman-Кыргызстан» гезитинде жана «Internews-Кыргызстан» медиа-уюмунда да иштеген.

Учурда “Манас” Кыргыз-түрк университетинде коммуникация факультетинин деканыны орун басары болуп эмгектенет.

КТРКнын Байкоочу кеңешинин экинчи курамынын мүчөсү болгон.

m_sabyrov

Мамат Сабыров, башкармалыктын мүчөсү

1961-жылы туулган.

Белгилүү журналист, жазуучу.

1985-жылы КМУУнун журналистика бөлүмүн аяктаган.

«Ленинчи жаш» гезитинде кабарчылык кызматтан баштаган. 1991-2006-жж. «Кыргыз Руху» гезитинин башкы редакторунун орун басары, «Асаба», «Ордо», «Агым» гезиттеринин башкы редактору болуп эмгектенген. 2006-2009-жж. КР Президентинин басма сөз кызматында сектор башчысы болгон.

Учурда «Азия ньюс» гезитинде иштейт.

Бир канча аңгемелер жыйнагынын автору.

m_tynaliev

Мырзакат Тыналиев, башкармалыктын мүчөсү

1961-жылы туулган.

Белгилүү журналист.

1991-жылы КМУУнун журналистика бөлүмүн аяктаган.

«Жаштык жарчысы» гезитинде кабарчы, Бишкек шаарынын Ленин райадминистрациясында мамлекеттик тилди киргизүү боюнча адис катары эмгектенген.

1996-жылдан 2002-жылга чейин «Эркин Тоо» гезитинде, 2002-жылдан бери «Кыргыз туусу» гезитинде башкы редактордун орун басары болуп эмгектенет.

ЖМКларга даттанууларды териштирүү боюнча комиссиянын мүчөсү болгон.

zh_kasabolotov

Жыргалбек Касаболотов, башкармалыктын мүчөсү

1971-жылы туулган.

Белгилүү журналист-талдоочу. Кыргыз жана орус тилдеринде эркин жазат.

Студенттик кезинен баштап ошол кезде атагы чыгып турган «Асаба» гезити менен кызматташа баштаган. Андан кийин «Азаттык», «Инфоцентр «Антитеррор» сайттарында веб-редактор, «Кабар» КУМАда аналитик-редактор, «Инфоцентр Бишкек» маалыматтык–аналитикалык борбордун жетекчиси, «Кабар» КУМАнын директорунун орун басары болуп эмгектенген.

Журналистика, конфликтология боюнча усулдук эмгектердин автору. Ошондой эле 2007-жылы “Самурай кылыч – жүрөгүм” аталышындагы ырлар жыйнагы жарык көргөн.

«Алтын калем» сыйлыгынын ээси.

КТРКнын 2010-жылдагы алгачкы Байкоочу кеңешинин мүчөсү.

m_tokoev

Марат Токоев, башкармалыктын мүчөсү

1970-жылы туулган.

1988-жылы Бишкектеги Аскер лицейин аяктаган. 1988-жылы КМУУнун физика факультетин аяктап, үч жыл мектепте физик-мугалими болуп эмгектенген.

Журналистикада 1997-жылдан бери. ЖМКнын бардык түрлөрүндө (ТВ, Радио, гезит жана интернет-сайт) иштегенге жетишкен.

2006-жылдан 2016-жылга чейин “Журналисттер” КБны жетектеп келди. Анын жетекчилиги астында уюм өлкөдөгү сөз эркиндигин жана журналисттердин кесипкөйлүгүн, тилектештигин арттырууга багытталган 50дөн ашык долбоорду иш жүзүнө ашырган.