Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

Журналистте блогду ачуу

Бул сайтта ар бир адам өзүнүн блогун ачып, башкалар менен ой-пикири, билими менен бөлүшүп, кызыктарган темаларын талкууласа болот. Биздин сайт WordPressтин негизинде иштейт. Эгерди ким биринчи ирет блог ачып жатса, керектүү жана тиешелүү маалыматтарды http://faq.kloop.kg/ шилтемесине кирип карап алса болот. Ошондой эле биз атайы “Блогду алып баруу боюнча чакан колдонмону” иштеп чыктык. Эгерде кандайдыр бир сунуштар, суроолор же канааттанбаган учурлар болсо journalist.kg@gmail.com дарегине жазсаңыздар болот.

Сайтта ашыкча чектөөлөр жана катуу талаптар жок. Ал эми азыноолак чектөөлөр сөз эркиндиги дегендин өзү айтылган сөз үчүн жоопкерчиликти да камтый тургандыгынан эске алуу менен  киргизилди.

Бул жаатта төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1. Сөгүнгөнүүгө же бирөөнү мазактоонун бардык түрлөрүнө.

2. Расасы, улуту боюнча бөлүп-жаруучулукка, аймактар, улут, дин аралык араздашуунун жаратууга, күчөтүүгө.

3. Жалган жана чыгымчылык кылган маалыматтарды жайгаштырууга.

4. Рекламалык, антирекламалык же коммерциялык маанайдагы маалыматтарды коюуга, спамды таратууга, кайсы бир сайтка элдин көп кирүүсүнө көмөк кылган шилтемелерди жайгаштырууга.

5. Порнографиялык мазмундагы маалыматтарды жайгаштырып, ошону менен катар эле ушул тематикадагы сайттарга шилтеме кылып жана сайттардын сыр сөзүн берүүгө.

6. Лицензияланбаган ар кыл программаларды (жүктөп алууга шилтемелер, лицензиясыз  ресурстар бар сайттардын даректерин берүү) кандай жол менен болсо да таратууга аракет кылууга.

Жогоруда айтылган эрежелер бузулса, администратор алгач эскертүү берет жана материалдагы эреже бузган жерлерин алып салууну талап кылат же өзү алып салат. Эгерде бул көрүнүш кайталана турган болсо, блогердин аккаунту өчүрүлөт.

Блогду ачыш үчүн бул форманы толтуруу гана жетиштүү. Биз сиздин билдирмеңизди карап чыгабыз жана сөзсүз жооп беребиз. Рахмат!

[contact-form-7 404 "Not Found"]